Жаштардын түгөй табуу түйшүгү

- Author, Стефани Хегарти
- Role, Би-Би-Си, Дүйнөлүк кызматы
Дүйнөдө миллиондогон адамдын өзүнө түгөй табуусу чоң маселеге айланды. Бир нече өлкөдө кыздарга караганда эркектердин саны алда канча көп. Ошондуктан бул оңой нерсе эмес.
Иран, Мексика, Перу, Түштүк Африка жана Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдө түгөйүн таппай жалгыз жашап өткөндөр көбөйүүдө.
Кытайда 2014-жылы баш кошкон жуптардын саны 13 миллионго чейин жеткен болсо, он жылдан кийин бул көрсөткүч эки эсеге азайып, алты миллионго чейин кыскарды.
Финляндиялык окумуштуулардын изилдөөсү боюнча, соңку жылдары үй-бүлө күткөн түгөйлөргө караганда эки башка жолго түшкөн жубайлар көп болууда.
Отуз алты жаштагы бразилиялык Фелипе өзүнө түгөй табуу үчүн болгон аракетин жасаган. Бирок бир да жолу туруктуу мамиле кура албай койгон.
Мектепте окуп жүргөн кезинде жактырган кыздарына сүйүү каттарын жазчу, бирок алардан оң жооп келген эмес. Университетте дагы кыз жандап жүрдү. Алардын сабагына жардам берип, мамиле курууга аракет кылды.
Отуз жашка келгенде кыздар менен кантип мамиле куруу керектиги тууралуу атайын курска дагы барды. Бирок мындан жакшы натыйжа чыккан жок.
"Мен жеке жашоомду кантип курам? Аны билбей дагы эле башым катып жүрөт", – дейт Фелипе.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал азыр копирайтер болуп иштейт, бирок соңку жылдары туруктуу жумуш дагы тапкан жок. Бул жагдай анын кыздар менен мамиле күтүүсүнө таасир этип жаткан болушу мүмкүн.
"Мындай нерсе жалгыз эле менин башыман өткөн жок. Мен сыяктуу көңүлү чөгүп, таанышууга зарыгып, түгөйүнө жетпей жүргөндөр көп", – дейт ал.
Америкадагы статистика боюнча, 18 жаштан 24 жашка чейинки эркектер аялдарга караганда жалгыздыкка көбүрөк туш болушат. Бул жыйырма жыл мурунку көрсөткүчтөн кескин айырмаланып турат. Мурда бул курактагылар жок дегенде отуз, кырк жашка чейин мамиле күтүп, үй-бүлө курчу.
Азыр андай эмес. Жаштар башкалар менен көп убакыт өткөргөндүн ордуна коомдук сайттарда, оюн-зоок аянтчаларында жана сыналгы көрүп убакыт өткөрүшөт. Фелипе дагы алардын бири. Ал көп убактысын социалдык тармактарга жумшайт.
Анткен менен социалдык платформаларда дагы таанышууга аракет кылган жаштар көп. Ошол эле учурда таанышуу сайттарын колдонгондордун саны барган сайын азаюуда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Sensor Tower атайын иликтөө компаниясынын маалыматына ылайык, 2024-жылы дүйнөдөгү эң чоң алты таанышуу тиркемелерин колдонгондор 18 пайызга кыскарган. Мынчалык төмөндөө мурда болгон эмес.
Аризона мамлекеттик университетинин Мамиле куруу жана технология лабораториясынын директору Лизель Шарабинин айтымында, таанышуу сайттарын колдонгондор мындай тиркемелерден улам көңүлү калып баратат. Буга колдонуучулардын санынын аздыгы эмес, түгөй издегендердин бири-бирине дал келбей жатканы себеп болууда.
Көптөгөн тиркемеде аялдарга караганда эркек катталуучулардын саны көп дейт Шараби.
"Таанышуу сайттарында кыздарга жазган каттары жоопсуз калганына капа болгон эркектер көп. Кыздар жеке кат куржунуна келип түшкөн каттарга шектенүү менен карайт, айрым учурда чочулап турушат", – дейт доктор Шараби.
Анын айтымында, бул сыяктуу тиркемелерде жоопкерчиликтин аздыгынан улам орой мамилеге дуушар болгон учурлар көп кездешет.
"Кишилердин өңү-түсүн карап, улам кийинкисине өтө берип, өзүңүзгө ылайыктуу түгөй тандабай эле дүкөндө азык-түлүк тандап алып жаткандай сезимде болосуз", – дейт доктор Шараби.
Нигериялык Хассани аттуу кыз эч качан таанышуу тиркемелерин колдонуп көргөн эмес.
"Мен өзүмдү аукционго койгондой элестетем", – дейт ал.
Хассани купулуна толгон адамын дале жолуктура элек.
"Мен феминист болгондуктан коомдо болуп жаткан айрым көрүнүштөргө кош көңүл мамиле кыла албайм".
Хассани жыйырма алты жашта, кесиби боюнча юрист. Учурда кир жууй турган кызматты көрсөткөн ишкананы иштетип келет. Мындан тышкары үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге колдоо көрсөткөн бейөкмөт уюмду дагы жетектейт.
Хассанинин айтымында, Нигерияда интернет колдонуучулардын саны өскөн сайын мурда билинбей жүргөн зордук-зомбулук учурлары дагы коомго көп билине баштады. Мындан улам азыркы муун мындай зордук-зомбулуктун кесепеттерин жакшыраак түшүнүп калды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШ, Кытай, Түштүк Корея жана Европанын айрым аймактарындагы сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, аялдар укугу маселесинде айрыкча жаш кыздар барган сайын прогрессивдүү болуп, жигиттер менен бул жааттагы ажырым кеңейип баратат.
Мындай жагдайды социолог, доктор Элис Эванс эбегейсиз гендердик ажырым деп атайт. Бул маселе боюнча ал китеп жазууда. Эванстын баамында, интернеттеги ар кандай маалымат мындай жагдайдын ортого чыгышына себеп болушу мүмкүн.
"Аялдар өздөрүнүн кызыкчылыгына төп келген көрсөтүүлөрдү көрүп, аң-сезимин өстүрүп жатышса, эркектер дүйнө таанымын кеңейтпей жатышат", – дейт Элис Эванс.
Ирандык кырк жаштагы Нази дагы акыркы он жылдан бери өзүнө түгөй издеп келет.
"Мен бираз феминист болуп калдым. Мен деле болочок жолдошум сыяктуу иштеп, жакшы каражат тапкым келет. Бирок алар бул кадамымды туура эмес кабыл алып, өздөрүнө атаандаш көрүп, жарышып жаткандай ойлошот", – дейт Нази.
Бирок көптөгөн аял дагы эле салттуу маданий баалуулуктарды жактаган түгөйлөрдү издешет.
Нази менен Хассани капчыгы жука эркектер менен мамиле түзгүсү келбейт.
Эки кыз тең магистр даражасына ээ, карьералык келечеги бар жумушта иштейт. Мындай жагдай экөөнүн тең өздөрүнө төп келген жигит табуу мүмкүнчүлүгүн азайтууда.
"Учурда көңүл ачуунун түрдүү жолдору бар. Эгер таанышуу максатындагы жолугушуулар кызыксыз болсо, анда жаштар жөн гана үйүндө Брижертон сериалын көрүп же компьютер ойноп, убактысын өткөргөнгө көнүп калды", – дейт Элис Эванс.
Окумуштуунун айтымында, эгер ылайыктуу бирөө чыкпай жатса, өзүн-өзү жемелегенди өнөкөт кылбаш керек. Бирок жаштар бири-бири менен аз баарлашып жатканына Эванс тынсызданып жатат.
"Эгер аял менен эркек чогуу убакыт өткөрүп, ой-тилектери менен бөлүшүп, көбүрөөк сырдашпаса, анда жалпы эле жашоодогу эмпатияны өнүктүрүү оор болот", – дейт Эванс.
Таанышуу платформаларын изилдеген доктор Шараби технологиянын өнүгүшү жандуу баарлашуу үчүн кээ бир мүмкүнчүлүктөрдү жокко чыгарганын белгилейт.
"Кээ бир кыз-жигиттер кафеде сүйкүмдүү бирөөнү көрүп калып, анын жанына барганга даай албай, аны таанышуу тиркемелеринен издеп жатканын көргөм",– дейт доктор Шараби. (KB)












