Англис тилин кантип үйрөнсө болот? - Сүйүп, чыдап, жашка карабай
Мээрим Догдурбекова, Абдыбек Казиев Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Англис тилин үйрөнүү барган сайын актуалдуу болуп, бүт дүйнөгө, бардык тармактарга кулачын жайып келатат.
Мурда аны белгилүү бир ыкмалар менен белгилүү бир жаштагы адамдар гана үйрөнсө, азыр жашы-карысы дебей, ар түрдүү ыкмаларды пайдаланып бул тилди өздөштүрүүдө.
Бишкекте тил курстары окутууда ар кыл ыкманы колдонуп келишет. Алсак, көп жылдан бери ишин алып барып келген курстар кадимки мектептегидей эле, алгач грамматиканы үйрөтүп, кийин сөздүк жаттоо, сүйлөшүү сыяктуу жолдор менен үйрөтүшөт. Кийин, санариптештирүү жашообузга толук аралашкан соң, колдонмолор, онлайн платформалар менен окутуу башталды.
“Эң чоң мотивация – бул сүйүү”
Акылбек Балтабаев англис тилин WhatsApp аркылуу үйрөтүп баштаган. Кийинчерээк курстарын видеого тартып, Youtube-каналына жүктөп турууну чечкен. Азыр болсо, Telegramm-канал ачып, ал платформаны дагы пайдаланып келет.
Балтабаевдин айтымында, тилди үйрөнүүдө башкы мотивация – бул сүйүү.

"Азыркы менин методикам, эң жөнөкөй. Башкача айтканда, жаш бала сымал үйрөнүүгө көндүрүү. Чоңдор, мисалы, коркушат, уялышат, мен туура эмес сүйлөп алсам, күлүшөт дешет, же менин колумдан келбейт го деп ойлоно берет.
Менин үйрөтүүмдө иштин жарымын психологиялык даярдоо алат. Мисалы, мен окуучума “бир жыл ойлонбо” дейм. Жаш бала сымал, уялбай, жаңы тили чыгып жаткан баладай сүйлөй бер, акырындан үйрөнөсүң дейм. А көбү эки ай окуп алып, чоң жыйынтык күтүп, “менин колуман келбейт экен” деп таштап коюшат да. Анан ошондо мен кайра аны менен отуруп алып түшүндүрүп, психологиялык жактан даярдайм.
Анан мен үчүн эң чоң мотивация – бул сүйүү. Сүйүү баарын чечет. Кеп сенин кандай ыкма менен, каякта, канча убакыт окушуңда эмес, кеп сүйүүдө. Тилди, ошол үйрөнүү процессин сүйүш керек", - дейт Акылбек.
Акылбек англис тилин үйрөнөм дегендерге кеңеш катары, кандай гана болбосун, үйрөнүүдө көп нерсени татаалдаштырбай, эң жөнөкөй жолду тандап алуу зарыл экенин айтты: "Колдо телефон барбы, демек, Youtube бар, тиркемелерди жүктөө мүмкүнчүлүгү бар. Алгач мына, ушулардан башташ бериш керек".
Британ англисчечиби же америка англисчесиби?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Мен грамматиканы минимум кылгам. Себеби, аны түшүнүш оңой эле, системага киргизиш кыйын. Түшүндүм дей берет, бирок колдоно албайт. Ошондуктан, грамматикага басым жасабайм. Менин максатым, окуучум 5 жашар баланын деңгээлине жетип сүйлөш керек. Анан дагы менден британ англисчесин үйрөнгөнүм туурабы же американыкынбы, кайсы китепти окусам бат үйрөнөм, же 5 айда сүйлөп кете аламбы деген сыяктуу суроолорду беришет. Чынын айтсам, бул суроолордун эч мааниси жок, мен үчүн бул ал окуучу үйрөнбөйт деген диагноз. Кааласаң, британ англисчесин оку, кааласаң американыкын, убагы келгенде сен бүт китепти окушуң мүмкүн, сүйлөшүң мүмкүн. Маселе буларда эмес, маселе өзүңдө, сен башкысы башта, калганы болот убагы менен”, -дейт Акылбек Балтабаев.
Жогорудагыдай онлайн платформалар үй кожойкелерине, жумуштан кеч бошоп, сабакка катышуу мүмкүнчүлүгү жокторго тил үйрөнүү үчүн эң эле ыңгайлуу жол деп эсептейт жаш журналист Асель Шамилова. Ал шаардын четинде кайын ата, кайын энеси, жолдошу жана 9 айлык кызы менен турат.

Асель Шамилова наристеси кичинекей болгонуна байланыштуу, учурда үйдө онлайн иштейт. Ал эми кечкисин онлайн англис тилин үйрөнөт.
Убакытты туура бөлүштүрүү
“Менин оюмча убакытты туура бөлүштүрүү менен бардыгына жетишсе болот. Мисалы, мен убакыттан уттурбайын деп, пландарымды жазып алам. Маанилүүлөрүн жазып, анан четинен аткарам. Англисчени көбүрөөк колдоноюн деп, пландарымды да англисче жазып алгам. Үйдө кожойкелик иштеримен тышкары, онлайн иштейм да, а жумуштан кийин саат 18:30да курсум башталат. Ал учурда жолдошум менен кайненем баланы карашып турушат. Ошондуктан, менин англис тилин үйрөнүүгө болгон умтулуумду жакфндарым ”, - дейт Асель Шамилова.
Асель англис тили менен мүмкүнчүлүктөрүң көбүрөөк болот деп эсептейт. Ошондой эле ал билимдүү эне билимдүү бала тарбиялап чыгат дейт.
Чыдамкайлык болуш керек
Ал эми англис тилин өз алдынча үйрөнүп алгандар башкысы тилди үйрөнүүдө практика же тагыраагы, ошол тилде көбүрөөк сүйлөшүү дешет. Алардын бири Айсулуу Кожомкулова. Ал мектептен башка окуучулардай эле, англис тилин сабак катары окуган. Кийин, анын англисчеси жетишсиз экенин түшүнүп, бул тилди үйрөнүү үчүн атайын максат койгон.

“Мен үчүн тил үйрөнүүдөгү башкы үч нерсе, бул – процессти сүйүү, практика кылуу жана чыдамкай болуу. Анткени, тилди жакшы көрбөсөң, үйрөнө албайсың. Аны жакшы көрүп эле койбой, күнүмдүк турмушта колдонуш керек. Ошондой эле тез эле жыйынтык чыга калат деген алыс болуш керек. Чыдамкайлык менен ар бир этапты басып өтүп, анан гана үйрөнсө болот. Мен мисалы, өзүмдү такыр кыйнаган эмпесмин, фильмдерди англисче көрүп, подкасттарды угуп, кыйналбай үйрөнгөм. Башкаларга дагы ушуну сунуштайм”, - деди Айсулуу Кожомкулова.
Айсулуу азыр эл аралык уюмдардын биринде чет элдиктер менен англисче сүйлөшүп иштеп келет. Ал ошондой эле жети жаштагы баласынынын англис тилде эркин сүйлөөрүн мисал кылып, бардыгы каалоодон жана практикадан көз каранды деп белгиледи.
70 жашта да жаңы тил үйрөнсө болот
Жети жаштагы бала демекчи, 76 жаштагы аксакал Осмонбек Насыранбеков дагы англисче үйрөнүп келет. Ал медициналык окуу жайда сабак берип эмгектенет. Ал иштеген окуу жайда чет элдик студенттер көп болгондуктан, 70 жашында бул тилди үйрөнүүгө киришкен.

“ 3 ай күнүгө окудум. Анан барып эле өтүп кеттим. Башында ооруларды айтып эле, студенттерге бир нерсе айткандан коркчумун. Анан кийин жакшылап үйрөнүп алып, ай, шүмшүктөр, атаңар атайын Индиядан акча салып атса, силер окубай жүрөсүңөр деп уруша баштадым. А негизи бул тил үйрөнүүдө жакшы жери, мендей болуп пенсияга чыгып калсаң, убакыт тез өтөт, анан көп информация аласың жана дагы, эс тутумуң жогорулайт экен. Мен мурун бат эле унутуп калчу элем, азыр унутпай калдым”, - дейт Осмонбек Насыранкулов.












