You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Конституциялык сот өлүм жазасына макулдук берген жок
Конституциялык сот Кыргызстанда өлүм жазасын калыбына келтирүү Башмыйзамга ылайык келбейт деп тапты. Сот бул маселени 10-декабрда карап, эң катаал жазаны Конституцияга киргизүү "жол берилгис" жана "укуктук мааниде мүмкүн эмес" деген тыянакка келди.
Ошондой эле сот өлүм жазасын калыбына келтирүү максатындагы "Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору референдумга коюлбашы керектигин, бул долбоордун кабыл алынышын көздөгөн бардык процедуралар Конституциялык соттун чечими күчүнө киргенден тартып токтошу зарылдыгын белгиледи.
Шаршембинин кечинде жарыяланган тыянакта Конституциялык сот өлүм жазасына тыюу салууну жана жашоого болгон укукту "фундаменталдык баалуулук" деп сыпаттаган.
"Конституциялык түзөтүү аркылуу өлүм жазасын калыбына келтирүү бул стандарттардан баш тартууну, укуктук өнүгүүнүн ырааттуулугун үзгүлтүккө учуроосун, инсандын кадыр-баркынын артыкчылыгына жана анын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиктерин бекемдөөгө багытталган конституциялык вектордон четтөөнү билдирет", - деп айтылат соттун басма сөз кызматы тараткан расмий маалыматта.
Ошондой эле Консот эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери Кыргызстандын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү экенин белгилеп, улуттук деңгээлде чечимдерди кабыл алууда тиешелүү эл аралык милдеттенмелерди сактоо зарыл экенин билдирген.
"Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын экинчи Факультативдик протоколу өлүм жазасын толук жана биротоло жоюуну максат кылат жана денонсациялоо механизми каралган эмес. Бул протоколго кошулуу менен мамлекет өлүм жазасын кайра киргизбөө жана эч кандай шартта ага кайрылбоо боюнча мөөнөтсүз милдеттенме алды дегенди билдирет. Мындай шарттарда ички укукка өлүм жазасын киргизүү Кыргыз Республикасын өзүнүн келишимдик милдеттенмелерин бузган мамлекеттин абалына алып келет. Бул конституциялык жактан бекитилген эл аралык укукту таануу жана эл аралык келишимдерди ак ниеттүүлүк менен аткаруу принцибине туура келбейт", - деп жазылган расмий маалыматта.
Өлүм жазасын калыбына келтирүүнү көздөгөн "Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбооруна корутунду берүү тууралуу президенттин сунуштамасы Конституциялык сотко 2-декабрда түшкөн. Мыйзам долбоорунда Конституциянын 25-беренесине өзгөртүү киргизүү, балдарга карата жасалган өзгөчө оор сексуалдык кылмыштар үчүн, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү учурларында өлүм жазасын колдонууга уруксат берүү сунушталган.
Өлүм жазасын киргизүү демилгеси эмне үчүн көтөрүлдү?
Кыргызстанда өлүм жазасын кайра калыбына келтирүү демилгеси сентябрь айында 17 жаштагы Айсулуу Мукашева мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин көтөрүлгөн. Президент Садыр Жапаров бул окуя боюнча тергөө иштерин өз көзөмөлүнө алып, жаш балдарды зордуктагандарды, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүүнү сунуштаган.
Андан көп өтпөй, октябрь айында өлүм жазасын Конституцияга киргизүүнү көздөгөн мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылган. Президенттик администрация иштеп чыккан бул мыйзам долбоорунун негиздемесинде Кыргызстанда балдарга жана аялдарга каршы өзгөчө оор кылмыштардын, анын ичинде зордуктоо жана зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү фактыларынын көбөйүп жатканы белгиленген.
"Балдарга жана аялдарга карата зордук-зомбулук жасаган ар бир адам бул коомдон тышкары болуп, эң каардуу жана адилеттүү жазага тартыла турган так чекти белгилөөгө убакыт келди", - деп айтылган негиздемеде.
Өлүм жазасын калыбына келтирүү демилгеси коомчулукта ача пикирлерге жол ачкан. Айрымдар мындай катаал чара зарыл экенин айтышса, бир катар юристтер Кыргызстандын Башмыйзамында өлүм жазасына тыюу салынганын эскертишип, өлкөнүн эл аралык милдеттемелерин эске салышкан.
Өлүм жазасына каршы чыккандардын жүйөөсү кандай?
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева сонку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган кылмыш 30% көбөйүп жатканын четке какпаса да катаал жаза маселени чечпейт турганын айткан.
Ал мындай пикирин 30-ноябрда БУУнун туруктуу координатору Антье Граве жана БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Борбор Азиядагы аймактык өкүлү Матильда Богнер менен жолугушуу учурунда да билдирген.
"Биз коомдун каргашалуу окуяларга болгон эмоционалдуу реакциясын түшүнүп жатабыз, бирок өлүм жазасы көйгөйдү чечпейт деп эсептейбиз. Андан көрө тергөөнүн сапатын жакшыртып, кылмышкерди жазадан качып кутулбасын камсыздап, алдын алуу чараларын күчөтүү зарыл", – деген Акыйкатчы.
Эл аралык уюмдар өлүм жазасын кайтаруу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин, эл аралык аброюна терс таасирин тийгизерин эскерткен.
"Эгер өлүм жазасы кайра киргизилсе, өлкө эл аралык милдеттенмелерден олуттуу түрдө алыстайт. Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакт жана Экинчи Факультативдик протоколдон чыгуу жолдору каралган эмес. Бул келишимдерге кошулган өлкөлөр өлүм жазасы боюнча кайра кайтпай турган укуктук чечим кабыл алышкан", — деген БУУнун туруктуу координатору Антье Граве.
Андан мурдараак, тактап айтканда 14-октябрда Freedom For Eurasia, Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (IPHR), Адам укугу боюнча Хельсинки комитети (HFHR), Araminta, Адам укуктары боюнча эл аралык федерация (FIDH), People in Need (PIN), Civil Rights Defenders уюмдары расмий Бишкектин өлүм жазасын киргизүү демилгесин сынга алышкан. Бул уюмдардын биргелешкен кайрылуусунда зордук-зомбулукка каршы күрөшүү маанилүү экени, бирок дүйнөлүк тажырыйбада өлүм жазасы эффективдүү натыйжа бербегени айтылат. Укук коргоо уюмдары өлүм жазасын калыбына келтирүү коррупция жана мыйзам үстөмдүгү төмөн укуктук системада опурталдуу тобокелчиликтерди жаратарын белгилешип, анын ордунда аялдар менен кыздарды зомбулуктан коргоо үчүн комплекстүү, системалуу реформаларды жүргүзүүгө үндөгөн:
"Алардын ичинде: өлкө боюнча жеткиликтүү болгон кризистик борборлорду, "ишеним телефонун" жана баш калкалоочу жайларды камтыган натыйжалуу алдын алуу системасын түзүүгө; ыкчам кызматтардын өкүлдөрүн – милицияны, дарыгерлерди жана социалдык кызматкерлерди гендердик зомбулук учурларына тез жана сезимтал мамиле кылууга окутууга; укук коргоо органдарынын ыкшоо аракети үчүн жоопкерчилик киригизип, бардык кылмыштарды өз учурунда жана натыйжалуу тергөөнү камсыз кылууга; кылмышкерлерди кылмыштын оордугуна жараша жоопко тартууга жана адилет жаза колдонууга чакырабыз".
Эл аралык уюмдар аялдар менен кыздарды коргоо үчүн жетиштүү ресурстар менен камсыздалган туруктуу саясий эрк талап кылынары, бул маселе саясий кызыкчылыкка шайкеш келген учурда гана эмес, дайыма маанилүү болушу керектигин да белгилешкен.
Өлүм жазасы кайсы өлкөлөрдө колдонулат?
Кыргызстанда 1998-жылы өлүм жазасына мораторий киргизилип, анын ордуна 2007-жылы Жогорку Кеңеш өмүр бою эркинен ажыратуу мыйзамын кабыл алган.
2024-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясында 130 өлкө өлүм жазасына мораторий киргизүү резолюциясын колдогон.
Деген менен дүйнөдө өлүм жазасын колдонгон мамлекеттер жок эмес. 2024-жылы Кытай, Иран, Сауд Аравиясы, Ирак жана Йемен эң көп өлүм жазасын колдонгон мамлекет катары табылган.
Европа өлкөлөрүнүн ичинен Беларуста гана өлүм жазасы сакталып калган. Ошондой эле АКШнын айрым штаттарында дагы жазанын бул түрү колдонулат.
Европа союзу тараткан расмий маалыматка ылайык, учурда дүйнө өлкөлөрүнүн үчтөн экисинде өлүм жазасы жоюлган.
Amnesty International укук коргоо уюмунун 2022-жылдагы маалыматына ылайык, дүйнөнүн 55 өлкөсүндө өлүм жазасы колдонулат. Алардын тогузунда адатта киши өлтүрүү же согуш кылмыштары сыяктуу абдан оор кылмыштар менен соттолгон адамдар гана өлүм жазасына өкүм кылынат. 23 өлкөнүн мыйзамдары өлүм жазасына уруксат бергени менен мындай эң жогорку жазага 10 жылдан бери бир дагы адам тартыла элек.