Орусия-Азербайжан жаңжалы: Бакуда кармалган айрым орусиялыктардын тек-жайы аныкталды

"База" телеграм-каналы туугандарына таянып, сол жактагы адамдын аты Сергей Софронов экенин жана Череповецтен экенин билдирди

Сүрөттүн булагы, Minval

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "База" телеграм-каналы туугандарына таянып, сол жактагы адамдын аты Сергей Софронов экенин жана Череповецтен экенин билдирди

Азербайжан бийлиги өлкө аймагында болжол менен 10го чукул орусиялык жаранды кармашты. Интернетте жарыяланган видеолордон көрүнүп тургандай, кармалгандардын көбү катуу сабалган. Бул окуя Екатеринбург шаарында азербайжан жарандары жапырт кармалгандан кийин болду. Расмий Баку кармалгандардын экөө ур-токмоктун айынан каза тапканын ырастоодо.

Расмий түрдө Орусия бийлиги Азербайжанда кармалган жарандар боюнча эч кандай маалымат бере элек. Бирок орусиялык маалымат каражаттарында кармалгандардын ысымдары айтылып жатат.

Орусияда "чет элдик агент" деп табылган "Агентство" басылмасы видеодо көрсөтүлгөн адамдардын бири үй кызматтарын көрсөткөн Airo компаниясынын тең негиздөөчүсү Антон Драчёв экенин жазды.

Басылма Драчёвдун апасы анын кармалганын ырастаганын белгиледи. Ушул эле агенттик чек ара кызматынан алынган маалыматтарга таянып, ал 2022-жылдан бери Азербайжанга бир нече жолу барганын кошумчалады.

Екатеринбургдагы E1.ru басылмасы дагы бир кармалган адамдын ысымын анын жакындарына таянуу менен жарыялады. Маалыматка ылайык, ал Александр Вайсеро аттуу Екатеринбург шаарынын тургуну. Ал Азербайжанга эс алууга барган.

"База" телеграм-каналы кармалгандардын дагы бири Череповец шаарынын тургуну Сергей Софронов экенин билдирүүдө. "База" анын апасына шилтеме берип билдиргендей, Софронов 2022-жылдын күзүндө жарыяланган мобилизациядан кийин Орусиядан чыгып кеткен.

Азербайжандын APA агенттиги шейшемби күнү кечинде билдиргенине караганда, Баку шаарында сот сегиз орусиялык жаранды төрт айга камакка алуу чечимин чыгарган. Алар Ирандан маңзат ташууга жана кибералдамчылыкка айыпталууда.

Бул арада Екатеринбургда күч түзүмдөрү жергиликтүү азербайжан диаспорасынын жетекчиси, "Азербайжан-Урал" уюмунун башчысы Шахин Шихлинскийди кармашты.

Анын унаасы көчөдө токтотулуп, күч кызматкерлери жолтандабастын терезелерин балка менен талкалап, ичиндеги жүргүнчүнү сыртка чыгарып, колуна кишен салышкан.

Күч кызматтары менен тыгыз кызматташкан "База" телеграм-каналынын маалыматына ылайык, Шихлинский мындан бир нече күн мурда болгон рейд учурунда суракка алынган. Бул операция учурунда ага-ини Сафаровдор каза тапкан.

Шихлинскийдин уулу басылмага билдиргендей, атасы кармалгандан кийин Тергөө комитетине суракка жеткирилген.

Шахин Шихлинскийдин кармалганын Trend маалымат агенттиги Азербайжандын Диаспоралар менен иштөө боюнча мамлекеттик комитетине таянуу менен да ырастады.

Шихлинскийдин уулу басылмага билдиргендей, атасы кармалгандан кийин Тергөө комитетине суракка жеткирилген

Сүрөттүн булагы, E1.ru

Кечинде РБК басылмасы Шихлинский күбө катары сурак берип бошотулганын жазды.

Екатеринбургдагы рейд жана анын кесепеттери

Зияддин менен Гусейн Сафаровдор Агжабеди районундагы көрүстөнгө коюлду

Сүрөттүн булагы, azertag.az

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Зияддин менен Гусейн Сафаровдор Агжабеди районундагы көрүстөнгө коюлду
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Буга чейин Азербайжандын Башкы прокуратурасы Орусиянын укук коргоо органдарынын кызматкерлери эки азербайжан жаранын атайылап өлтүрдү деген жүйө менен кылмыш ишин козгогон.

Азербайжанда жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында ага-ини Зияддин жана Гусейн Сафаровдор ур-токмоктон кийинки посттравмалык шоктон каза болушканы аныкталган.

Орусиянын Тергөө комитети болсо, кармалгандардын бири жүрөк жетишсиздигинен көз жумганын кабарлаган.

Азербайжан прокуратурасы тараткан маалыматта 27-июнь күнү таң эртең менен Екатеринбург шаарында мурдагы жылдары жасалган кылмыштарга тиешеси бар деген шек менен Азербайжан жарандары жана азербайжан улутундагы адамдар кармалганы айтылат.

Азербайжандык тергөөчүлөрдүн айтымында, кармалгандар дээрлик алсыз болуп, ур-токтоктон коргоно алышкан эмес. Алар кармоо учурунда да, кармалгандан кийин да кыйноого алынган. Катуу, жумуру предеметтер менен сабалган.

Орус бийлигинин маалыматына караганда, Екатеринбургда 2001, 2010 жана 2011-жылдардагы адам өлтүрүүлөргө байланыштуу шек саналып жаткан адамдар кармалган. Кармоо операциясынын жүрүшүндө азербайжан тектүү Зияддин жана Гусейн Сафаровдор каза болуп, дагы бир нече адам ооруканага жеткирилген.

Екатеринбургда эки адам өлүп, көп сандагы кишилер кармалгандан кийин Баку менен Москванын мамилеси кайрадан начарлап кетти.

Бул окуялардан кийин Азербайжанда Орусияга тиешеси бар бир катар маданий иш-чаралар токтотулуп, Бакудагы орусиялык "Спутник" агенттигинин кеңсесинде ФСБнын эки кызматкери кармалганы тууралуу кабарлар тарады.

Азербайжан экспертизасы эмнени көрсөттү?

Дүйшөмбү күнү кечинде бир тууган Сафаровдордун сөөгү Бакуга жеткирилип, шейшембиде алар Азербайжандын Агжабеди аймагындагы айылдык көрүстөндө ата-энелеринин жанына коюлду. Бул тууралуу "Азертаж "агенттиги билдирди.

Бир туугандар Зияддин жана Хусейн Сафаровдор (сүрөттү Азербайжан мамлекеттик агенттиги "Азердаж" тарткан)

Сүрөттүн булагы, АЗЕРТАДЖ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бир туугандар Зияддин жана Хусейн Сафаровдор (сүрөттү Азербайжан мамлекеттик агенттиги "Азердаж" тарткан)

Азербайжандын Башкы прокуратурасы билдиргендей, чакан ишкерлик менен алектенген 60 жаштагы Гусейн Сафаров Екатеринбург шаардык ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Анын 55 жаштагы иниси Зияддин Сафаров таксист болуп иштеген. Таң эртең менен кызматтык унаада каза болгон.

Азербайжанда жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, Гусейн Сафаров көптөгөн жаракат алып, анын ичинде кабыргалары сынып, посттравмалык шокко түшүп, көп кан жоготкондугуна байланыштуу каза болгон. Анын иниси Зияддин дагы оор жаракаттардан кийинки посттравмалык шоктон көз жумган.

Азербайжандын Саламаттык сактоо министрлигинин соттук-медициналык экспертиза бирикмесинин жетекчиси Адалят Гасанов журналисттерге билдиргендей, Гусейн Сафаровдун көкүрөгү деформацияланып кеткен. Башында кан уюп калганы, ошондой эле 7–8 кабыргасы сынганы жана алар өпкөсүнө доо кетиргени аныкталган.

"Азертадж" агенттигинин маалыматына караганда, Азербайжандын башкы прокурору атайылап, өзгөчө ырайымсыздык менен киши өлтүрүү, кыйноо колдонуу жана кызматтык ыйгарым укуктарды аша чапкандык менен пайдалануу фактылары боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул арада Екатеринбургдагы сот Сафаровдордун иши боюнча дагы эки Азербайжан тектүү жаранды камакка алды. ТАСС алардын бири Бакир Сафаров экенин, ал мурдагы жылдардагы буюртма киши өлтүрүүлөр боюнча иштин алкагында камалганын жазды. Экинчиси – Ахлиман Гянджиев. Экөө тең 19-июлга чейин камакта болот.

29-июнда сот Аяз, Акиф жана Мазахир Сафаровдорду да камакка алуу чечимин чыгарды.

Орусия эмне дейт?

Азербайжан булактары Хусейн менен Зияддин Сафаров кармоо операциясы учурунда Орусиянын күч кызматкерлери тарабынан "ырайымсыздык менен өлтүрүлгөнүн" билдиришкен.

Айрым шектүүлөр денесинен жаракат алганы сот залында ачык көрүнүп турду. Сүрөттө Екатеринбургда кармалгандардын бири Аяз Сафаров

Сүрөттүн булагы, @caliber_az_official/telegram

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айрым шектүүлөр денесинен жаракат алганы сот залында ачык көрүнүп турду. Сүрөттө Екатеринбургда кармалгандардын бири Аяз Сафаров

Бирок Орусиянын Тергөө комитети ага-ини Сафаровдор өлтүрүлбөгөнүн, өз ажалдары менен өлгөнүн айтууда.

Дүйшөмбү күнү Тергөө комитетинин расмий өкүлү Светлана Петренко:

"Алдын ала маалыматтарга ылайык, фигуранттардын бири жүрөк жетишсиздигинен көз жумган, экинчисинин өлүмүнүн себептери азырынча такталып жатат. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынан кийин өлүм себептери боюнча так корутунду берилет", — деп билдирген.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков өз кезегинде Азербайжанда орус маданий иш-чараларынын токтотулушун жана Азербайжан парламентинин делегациясынын Москвага сапарынын жокко чыгарылышын айыптады.

"Мындай чечимдерге чын жүрөктөн өкүнөбүз. Бул окуялар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу жана ал ушундай реакцияга негиз болбошу керек деп эсептейбиз", — деди Песков.

Орусия Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Екатеринбургда азербайжан жарандарынын кармалышы боюнча Бакуга "зарыл түшүндүрмөлөр берилгенин" билдирген.

Шейшемби күнү Орусия ТИМи Бакудан "Спутник Азербайжан" агенттигинин кызматкерлери Игорь Картавых жана Евгений Белоусовду бошотууну талап кылды.

Орусия Тышкы иштер министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, ушул талап менен Азербайжандын Орусиядагы элчиси Рахман Мустафаевге "вербалдык нота" тапшырылган.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин Азербайжан элчисине Бакунун акыркы "достукка каршы кадамдарына жана эки тараптуу мамилелерди бузууга багытталган аракеттерине" карата нааразылык билдирген.

Ошол эле маалда Орусия ТИМи Екатеринбургда азербайжан жарандарын кармоо учурунда күч органдары ыйгарым укуктарынан аша чапканын билдирди.

Орусия нота жөнөткөндөн бир нече саат өтпөй, Бакунун соту Игорь Картавых менен Евгений Белоусовду төрт айга камакка алуу чечимин чыгарды. Аларга карата алдамчылык, мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү жана арам акчаны адалдоо беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Азербайжан жана Орусиядагы кармоолор жана кылмыш иштери

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын кабарлашынча, Азербайжандагы күч түзүмдөрү "Sputnik Азербайжан" агенттигинде жалпысынан жети адамды кармашты. Алардын баарына карата кылмыш иштери козголду.

1-июлда азербайжандык басылмалар өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме берип, Баку шаарында Орусия жарандарынын турган эки кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын маалымдашты.

Trend жана Report маалымат агенттиктери Азербайжандын Ички иштер министрлиги таратты делген сүрөттөрдү жана видеолорду жарыялашты

Сүрөттүн булагы, Trend

Trend жана Report маалымат агенттиктери Азербайжандын Ички иштер министрлиги таратты делген сүрөттөрдү жана видеолорду жарыялашты. Ал кадрларда ондон ашык адам көрсөтүлгөн, айрымдары сабалганы ачык байкалып турат.

Кармалгандарды колдорун желкеге коюуга жана тизе бүгө басып жүрүүгө мажбурлашкан

Сүрөттүн булагы, Report.az

Кармалгандарды колдорун желкеге коюуга жана тизе бүгө басып жүрүүгө мажбурлашкан. Сүрөттөрдүн биринде азербайжан күч кызматкерлери аларды автобуска күч менен салып жатканы тартылып алынган.

Кийинчерээк азербайжан маалымат каражаттары кармалгандар сотко жеткирилгенин билдиришти. Сот залынан жарыяланган жаңы сүрөттөрдө бардык орусиялыктардын катуу сабалганы ачык көрүнүп турат.