Нигердеги төңкөрүш: эгерде хунта президентти бийликке кайтарбаса, коңшулары аскер жиберебиз деди

Сүрөттүн булагы, EPA
Батыш Африканын лидерлери Нигерде бийликти басып алган аскерий хунта мыйзамдуу түрдө шайланган президент Мохамед Базумдун бийлигин жети күндө калыбына келтириши керек деп билдирди. Андай болбосо аскердик күч колдонобуз деп коркутушууда.
Нигердеги төңкөрүш Африка Биримдиги, Батыш Африка аймактык блогу (ЭКОВАС), Евробиримдик (ЕБ) жана БУУ сыяктуу көптөгөн эл аралык уюмдар тарабынан кескин айыпталды.
Жекшемби күнү ЭКОВАС лидерлери кошуна Нигерияда чукул саммитке чогулуп, аймактагы кезектеги аскердик төңкөрүштөн кийинки ыктымалдуу чараларды талкуулашты. Буга чейин Мали менен Буркина-Фасодо дагы бийликти аскерлер басып алган.
Саммиттен кийин жарыяланган билдирүүдө блок жалпысынан “төңкөрүштөрдү таптакыр кабыл албоо” саясатын карманат жана мыйзамдуу президентти бийликке кайтаруу талабы аткарылбаса, “конституциялык тартипти калыбына келтирүү үчүн бардык зарыл чараларды көрөт” деп айтылат.
Анда, “мындай чаралар күч колдонууну да камтышы мүмкүн” жана Батыш Африканын аскер башчылары операцияны пландаштыруу жана өз аракеттерин координациялоо үчүн “чукул арада” чогулууга тийиш деп белгиленет.
Ошондой эле Батыш Африка өлкөлөрүнүн лидерлери Нигердин үстүнөн бардык коммерциялык каттамдардын учуусуна токтоосуз тыюу саларын, кургактагы бардык чек араларды жабарын жана хунтага каршы финансылык санкцияларды киргизерин жарыялашты. Төңкөрүшкө катышкан аскерлердин өлкөдөн чыгуусуна бөгөт коюлуп, активдери тоңдурулат.
Аталган саммиттин алдында өзүн Нигердин жаңы лидери деп жарыялаган президенттик күзөт бөлүмүнүн башчысы генерал Абдуррахман Чиани ЭКОВАСТЫ жана батыш өлкөлөрүн минтип кийлигишпөөгө тийиш экенин эскертти.
“Биз ЭКОВАС жана башка авантюристтерден өз мекенибизди чечкиндүү коргоп аларыбызды дагы бир жолу кайталайбыз”, - деп анын телевидениеде окулган билдирүүсүндө айтылат.
“Франция жоголсун! Жашасын Россия!”
Кулатылган президент бейшемби күнү эртең менен өзүнүн президенттик сарайында камакка алынгандан бери дайынсыз болуп жатат. ЕБ, Франция жана башка өлкөлөр Базумду дале Нигердин мыйзамдуу лидери катары таанууда.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ал ортодо төңкөрүштү колдогон жүздөгөн адамдар борбор шаар Ниамейдеги Франция элчилигинин алдына чогулушту. Алар “Франция жоголсун!” деп кыйкырып, желегин өрттөп, элчиликке таш ыргытышкан.
Полиция аларды көздөн жаш агызуучу газдын жардамы менен гана кууп таркаткан.
Франс Пресс агенттигинин маалыматына караганда, төңкөрүштү колдогондордун айрымдары “Жашасын Орусия!” жана "Жашасын Путин!" деп кыйкырып турушту. Бул дагы бир жолу мурдагы француз колониясы, аскердик төңкөрүштөн кийин, Орусияга ыкташы мүмкүн деген кооптонууну ырастады. Анткени, Малиде жана Буркина-Фасодо бийлик аскерлердин колуна өткөндөн кийин дал ушундай болгон.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Анткен менен расмий түрдө Орусия Нигерде аскерлердин бийликти басып алуусун айыптады. Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров “төңкөрүш – бул антиконституциялык аракет”, Нигерде “конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү зарыл” деп билдирди.
Ошол эле учурда орус интернет айдыңында, анын ичинде Вагнерге жакын онлайн топтордо уюмдун жетекчиси Евгений Пригожиндин үн билдирүүсү таркап, ал тескерисинче, путчисттерди жактап, төңкөрүштү триумф деп атаган.
“Нигерде болгон окуя — бул Нигер элинин аларды мындан жүздөгөн жылдар мурдагы Африканын абалында сактап калууга аракет кылган колонизаторлорго каршы күрөшү. (...) Бул чындыгында эгемендикке ээ болуу жана колонизаторлордон кутулуу”, - дейт Пригожинге окшош үн.
Би-Би-Си бул комментарийлердин чын-бышыгын тактай алган жок.
Малиде хунта согушчан исламчыл топторго каршы күрөшүүгө жардам берүү үчүн Вагнер аскердик тобун чакырган.
Ушул жылдын май айында жарыяланган БУУнун отчетунда Вагнер тобу бул өлкөдөгү Мура деп аталган кыргынга түздөн-түз катышканы, анда 500дөн ашык исламчыл согушкерлер эмес, карапайым калк өлтүрүлгөнү айтылат.
Батыштын реакциясы
Ишемби күнү Евробиримдик менен Франция Нигерге бардык каржылык колдоону жана коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты токтотуп жатканын айтышты.
ЕБнын тышкы иштер министри Жозеп Боррелл Евробиримдик Нигердин аскердик төңкөрүштүн натыйжасында бийликке келген жаңы өкмөтүн тааныбай турганын жана таанууга ниети да жок экенин билдирди. Анын айтымында Мохамед Базум "Нигердин жападан жалгыз мыйзамдуу президенти бойдон калууда", жана ал токтоосуз бошотулушу керек.

Сүрөттүн булагы, EPA
Буга чейин Нигер Сахел чөлкөмүн дестабилдештирип жаткан жихадчыл козголоңчуларга каршы күрөштө союздашы катары батыштан, анын ичинде ЕБ жана АКШдан олуттуу жардам алып турган. (Сахел - Африкадагы тропикалык саванна аймагы, ага 12 өлкө, анын ичинде Мали, Нигер, Буркина-Фасо жана Чад кирет, аймактын 300 миллион калкы бар).
Акыркы жылдары Франциянын жана БУУнун аскерлери коңшу Малиден чыгып кетүүгө аргасыз болушкан, бирок Нигерде дале 1500 француз аскери турат.
Базумду кулатуу алардын толук чыгып кетишине жана Нигердин өзүндө жана бүткүл региондо коопсуздуктун начарлашына алып келиши мүмкүн.
Нигердин бийликтен кулатылган, демократиялык жол менен шайланган президенти Базум Украинанын президенти менен байланышын үзбөй, аннексияланган Крым жарым аралын Киевдин көзөмөлүнө алуу үчүн түзүлгөн Крым платформасына кошулган.
Би-Би-Синин украин кызматынын кабарчысы Георгий Эрмандын айтымында, Нигерде бийликке аскердик хунтанын келиши Украина Африкадагы досторунун бирин жоготту дегенди билдириши ыктымал.








