«Жапкыла, көрсөтпөгүлө». Кылмыштуу окуяларды Кытай эмнеге жашырат?

Стивен Макдонелл

Би-Би-Синин Кытайдагы кабарчысы

Автоунаа чабуулу болгон жерде BBC China кабарчысына видео тарттырбай, чыгарып жиберишти
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Автоунаа чабуулу болгон жерде BBC China кабарчысына видео тарттырбай, чыгарып жиберишти

Кытайдагы Чжухай спорттук комплексинин сырткы дарбазасы жабык экен. Стадиондун ичинде да, сыртында да жарык жок, караңгы. Дал ушул жерде бир нече саат мурда жол тандабас унаа менен бир адам ондогон адамды тебелеп кетип өлтүрдү, дагы бир топ адам жаракат алды.

Би-Би-Си кабарчылары келгенде, тосмонун артында кароолчулар эле калган экен, алар кабарчыларга көз салып турушту. Бирөө мага басып келип, «Сиз журналистсизби?» деп сурады. Мен андан минтип суроо берген себебин сурасам, ал «кырдаалды билиш үчүн» деп жооп кайтарды. Ал дагы бир кароолчу экөө бизди сүрөткө тартып, биздин кыймылыбызга көз салып, бир жакка телефон чала башташты.

Дарбазанын сыртында окуянын кесепетин көргөнү барган адамдар ары-бери басып жүрдү. Бирок бизге көз салып кызыккандар да көп болду.

Бир аял «карагыла, чет элдиктер, чет элдиктер» деп башкаларга кыйкырып да жиберди.

Бир убакта анын жанында турган эркек адам биздин репортажды бузуп, мени кармап, кыйкыра баштады.

Кытайда ушундай кылмыштуу же кырсыктуу окуялар болгондо коммунисттик партиянын функционерлери нааразы болгон жергиликтүү элдин кейпин кийген адамдарды уюштуруп, чет элдик кабарчылардын ишине тоскоолдук кылганды адат кылып алышты.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бирок бул болгон окуяны жаап-жашырмак түгүл, кайра Кытайдын өзүн жаманатты кылууда.

Мурдагы премьер Ли Кэцян өткөн жылы каза болгондо ушундай адамдардын тобу түзүлүп, анын үйү турган көчөгө келип күзөткө турду. Алар келген ар бир журналистти токтотуп, кыйкырып тилдеп, түртүп кетирип жатты.

Линин кокустан дүйнөдөн кайтышы партиянын өзү үчүн эле чоң жоготуу эмес эле, ал эски либералдык канаттагы акыркы саясатчы катары белгилүү болчу. Бул окуя партия жетекчилигинде бүтүндөй президент Си Цзинпиндин адамдары гана калганын ишарат кылды.

Эми майда инциденттер болсо дагы ушундай реакция, мамиле жасалып жатат.

Өткөн айда биз Шанхайга соода борборунда бир адам бир нече адамды бычактап кеткен окуяны чагылдырууга бардык.

Бул окуя болгондон кийин бир нече саатта эле кылмыштын эч бир изин калтырбай тазалап коюшту. Кийинки күнү эртең менен соода борбору кадимкидей иштеп баштады: кылмыш болгон жерде полициянын тасмасы жок, өлгөн адамдарга арналып коюлган гүлдөр жок.

Бир жагынан түшүнсө болот, мындай кол салуулар өзгөчө деле окуя эмес, ар бир өлкөдө болушу мүмкүн. Көп курмандыктарга алып келген шейшембидеги окуянын деле ушундай жалпылыгы бар.

Бирок кытай чиновниктери мындай жаман иштерди эле дароо эл унутуп калышын каалайт. Чжухайда кол салуу болгон жерде биз ызылдаша кеткен жерге полициянын машиналары келип, бардык тарапты тосуп, кырдаалды толук өз көзөмөлүнө алды.

Окуя болгон жерде курман болгон адамдарды эскерип шам жагуу үчүн көп жергиликтүү жашоочулар чогулду. Социалдык сайттарда ооруканаларда жарадар адамдарга кан берүү үчүн барган ыктыярчылар тууралуу видеороликтер чыгып жатты.

Төрага Си өкмөттүк функционерлерди мындай окуялар кайра кайталанбашы үчүн элдин көйгөйлөрүн чечүүгө чакырды.

Бирок Кытай мындай үрөй учурган окуянын тамырын таба албай бушайман ойдо турат. (КС)