Айпери Медет кызы коло медаль үчүн күрөшөт

Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Getty Images

Жарым финал

Айпери америкалык атанадашы Кеннеди Блейдс менен бет келди. Атаандашы чу дегенде эле Айперинин бутуна кирип, чийинден сүрүп чыгып, 2 упай алды. Ага улай эле Айпери атаандашынын артына өтүп 2 упай алды. Биринчи бөлүмдүн соңунда америкалык балбан Айперини чийинден чыгарып дагы 1 упай алды.

Таймаштын экинчи бөлүгү өтө курч мүнөздө уланды. Кеннеди Блейдс көз ачып жумганча бутка киргенге чебер, чабуулга маш атаандаш болуп чыкты. Айпери анын бир нече чабуулун ийгиликтүү токтотуп, катуу каршылык көрсөттү.

Жалпы жыйынтык 6-8 эсебинде аяктап, америкалык балбан жеңип алды.

4/1 финал. Париж олимпиадасы

Айпери экинчи беттешинде индиялык Ритика Худа менен таймашка чыкты. Күрөш курч мүнөздө өтүп, биринчи бөлүктө индиялык балбан кыз бир упай топтоду.

Атаандашы олбурлуу, карылуу туюлганы менен Айпери ыкчамдыгы менен артыкчылыкка ээ болду. Ыкмага салуу жагына келгенде бири-бирине мүмкүнчүлүк бербеген кызуу таймаш уланып, көп өтпөй Айпери эбин таап 1 упай алды.

Таймаштын жыйынтыгы менен Айпери атаандашын жеңип, жарым финалга чыкты.

8/1 финал. Париж олимпиадасы

Айпери беттешти 10-августта баштап, алгачкы беттеште кытайлык Ван Цзюан менен бет келди.

Атаандаштар бири-биринин тамырын тартып, биринчи бөлүктүн дээрлик бир жарым мүнөтү чабуулсуз өттү. Экинчи мүнөткө чукулдап калганда кытайлык спортчу Айперинин бутуна кирип, ыкма жасоого умтулганы менен Айпери чапчаңдык кылып, ыкманы спортчунун өзүнө каршы пайдаланып кетүүгө үлгүрдү. Адегенде 2 упай, андан соң дагы 2 упай топтоду.

Экинчи бөлүк кытайлык спортчунун үстөккө-босток чабуулу менен башталды. Атаандашы 1 упай топтоду.

Жалпы эсеп менен Айпери 4/1 упай менен утуп алды.

Айпери жана Мээрим

Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионаттарынын күмүш жана коло байге ээси, Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү жана Токио олимпиадасынын катышуучусу.

Айпери 1999-жылы 30 -мартта Талас облусунун мурдакы Кара-Буура, учурдагы Айтматов районундагы Оро айылында туулган. 25 жашта. Үй-бүлөсүндө беш бир туугандын үчүнчүсү.Айперинин үй-бүлөсү спортко жакын: агасы көк бөрүнүн чебери болсо, эжеси чуркоо менен машыккан. Айпери 14 жашында кумири, ошол кезде Лондондо өткөн Олимпиадага катышкан Айсулуу Тыныбековадан үлгү алып, спорт менен машыгып баштаган. Ал Мээрим Жуманазарова менен классташ болуп, Мээримдин атасы, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Дүйшөн Жуманазаровдун жетекчилигинде Мээрим менен чогуу күрөшүп баштаган.

Айсулуунун ийгиликтери Айперини да шыктандырган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айсулуунун ийгиликтери Айперини да шыктандырган

Айперинин кыялдарынын бири - дарыгерлик болгон

Айпери кичинесинен чоң ата, чоң энесинин колунда тарбиялангандыктан алардын ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрдөн улам өмүрүн медицинага арноону да ойлогон. Аларга каралашып, бир-эки жыл күрөшпөй калган.

Эки жылдан кийин үй-бүлөсүнүн колдоосу менен күрөшкө кайтып келгени кыргыз эли үчүн табылга болуп, багын ачып, эл аралык деңгээлге тааныткан чыгаан устат, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Нурбек Изабеков болду.

Мыкты машыктыруучунун окуучусу

Айпери машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен бутка кирүү ыкмасын чыңдап жаткан учуру. Чолпон-Ата шаары, 2024-жыл
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айпери машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен бутка кирүү ыкмасын чыңдап жаткан учуру. Чолпон-Ата шаары, 2024-жыл

Ал устатын өзүнүн кумири, мотиватору деп эсептейт. Нурбек Изабеков дагы аны колдоп, жардам берип, күрөш ыкмаларын, сырларын үйрөтүп, кыйынчылыктарды жеңүүгө, мээнет кылып жеңиштерге шыктандырып келет. Талбаган машыгуулардын натыйжасында Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, улам бир бийиктиктерди багынтып келүүдө.

Айперинин олимпиадага карай узак жолу

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Айперинин спорттук жетишкендиктерин айтып отурсак, узун сабак аңгеме болоор. Ошондуктан орчундууларын гана учкай айта келейин.

2017-жылы Түркмөнстанда өткөн жабык имараттардагы Азия оюндарында 75 килограмм салмакта коло медалга ээ болгон. Финляндияда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында ал эң жогорку жеңиштин бийик сересине көтөрүлүп, Кыргызстандан чыккан жаштар арасында биринчи дүйнө чемпион аталган. 2018-жылы Жакартада өткөн Азия оюндарында коло медаль тагынган. 2019-жылы Венгрияда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында үчүнчү орунду ээлеген. 2020-жылы Индияда Азия чемпионатында финалга чейин жетип, күмүш медалга ээ болгон. 2020-жылы декабрда Сербияда өткөн дүйнөлүк Кубогунда коло байге уткан. 2021-жылдын март айында Алматы шаарында Азия квалификациялык турниринде Токио Олимпиада оюндарына жолдомо алган. 2021-жылы августта Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн күрөштө түркиялык Ясемин Адарга утулуп, байгелүү 5-орунду ээлеген.

2021-жылы Норвегиянын борбору Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатында жарым финалда эстониялык спортчу Эпп Маеге утулуп калып, үчүнчү орун үчүн күрөштө коло медаль жеңип алууга жетишкен.

2021-жылы Түркияда өткөн Ислам тилектештин оюндарынын баш байгесинин ээси. 2022-жылы Кытайда өткөн Азия оюндарынын чемпиону аталып, алтын медаль тагынган. Айпери Азия чемпионаттарында 2 алтын, 3 күмүш медаль уткан.

2023-жылы Белградда өткөн Дүйнө чемпионатында күмүш байгесинин ээси болгон. Финалда жапон балбан кызы Юка Кагамиге утулуп калып, Айпери Парижде ошонун өчүн алууга белсенип турат. Эл аралык турнирлердин көп жолку жеңүүчүсү. Айпери быйыл жазында Бишекекте өткөн Азия чемпионатында бардык атаандаштарын артыкчылык менен утуп, мыкты даярдыгын, чеберчилигин көрсөтүп, экинчи ирет Азия чемпиону болду.

Айпери Кыргызстанда 76 килограмм салмакта күрөшкөн жалгыз балбан болуп, өнөктөш жоктугунан машыктыруучу Нурбек Изабеков менен машыгып, кээде эркектер менен күрөшүүгө туура келет.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамчы. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер