Ысык-Ата санаторийинде коррупциялык схема аныкталды

Сүрөттүн булагы, Official
Ысык-Ата санаториясында туруктуу коррупциялык схема аныкталды, - деп бидирди УКМК.
Маалыматка караганда, санаторийдин айрым кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ден соолукту чыңдоо жайынын кызыкчылыктарына каршы иш-аракеттерге барган.
Финансылык жол-жоболорду айланып өтүү аркылуу материалдык пайда табуу максатында калкка көрсөтүлгөн кызматтардан алынган каражаттарды системалуу түрдө уурдоону уюштурганы.
"Тактап айтканда, санаторийдин кызматкерлери кардарлардын акы төлөө тартиби жөнүндө билбегендигинен пайдаланып, акча каражаттарын накталай түрдө алышкан. Ошол эле учурда төлөм терминалдары аркылуу төлөмдөр жүргүзүлгөн эмес жана эсепке алуу журналдарында бейтаптар жөнүндө белгилер көрсөтүлгөн эмес",- деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында "Ысык-Ата" санаторийинин төрт кызматкери күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттендирилди.
Атайын кызмат учурда мамлекеттик дарылоо-алдын алуу мекемелериндеги коррупциялык схемаларды аныктоого жана демонтаждоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чараларды улантып жатканын кошумчалады.




