Президент Жапаров электр энергиясын сатуудагы "чектөөсүз тарифти" сынга алды

Кыргыз президенти Садыр Жапаров

Сүрөттүн булагы, Official

Президент Садыр Жапаров "Кыргызстан улуттук электр тармагы" Ачык акционердик коомунун калкты электр энергиясына болгон "Чексиз тарифке" өтүү чакырыгына байланыштуу энергетика министри Таалайбек Ибраевдин иш-аракеттерине кескин баа берди.

Бул тууралуу президенттин басма сөз өкүлү Аскат Алакөзов "Фейсбуктагы" баракчасында маалымат таратты. Ага ылайык, Жапаров электр энергиясынын тартыштыгы шартында мындай демилгелер ыксыз экенин айтып, бул коомдо социалдык бөлүнүүгө алып келиши мүмкүн экенин эскерткен.

"Президент Садыр Жапаров бул тарифти колдонууну токтоосуз токтотууну жана кыш мезгилинде жарандарга электр энергиясынын адилеттүү жана бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды", - делет бул тууралуу маалыматта.

Буга чейин "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын өкүлү Исабек Орозбаев "Биринчи радиого" маек берип жатып, Кыргызстанда суткасына орточо эсеп менен 53 миллион киловатт-саат электр энергиясы колдонулуп жатканын, азыркы тартыштык шартында жарыкты үнөмдөө зарылдыгын айткан. Чиновник катардагы электр колдонуучулары үчүн электр энергиясынын кубаттуулугу беш киловатт-сааттан үч киловатт-саатка түшүрүлүп жатканын, бул чектөө жарык эң көп колдонулган сааттарда гана иштеп жатканын да ырастаган.

Орозбаев ошол эле учурда, каалоочулар үчүн "чектөөсүз тарифке" өтүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген. Бул үчүн абонент "чектөөсүз тариф" алуу үчүн атайын арыз менен кайрылыш керектигин, мында электр энергиясынын баасы1 киловатт-саат үчүн 3,81 сом болорун тактаган.

Буга чейин Энергетика министри Таалайбек Ибраев Токтогул суу сактагычында суу аз экенин, кыш оор болорун эскерткен.

Расмий маалыматка караганда, сентябрь айына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 1 миллиард 600 миллион кубметрге аз топтолду. Суу сактагычта былтыр ал маалда 12 миллиард 400 миллион кубметр суу болгон.

Республика боюнча жалпы жылдык керектөө 18 миллиард киловатт-сааттан ашат. Бул өндүрүлгөн кубаттуулуктан 4 миллиард киловатт-саат көп дегенди билдирет.