Грузиядагы шайлоо: бийликчил партия жеңишке, оппозиция митингге даярданууда

Сүрөттүн булагы, John Wreford/SOPA Images/LightRocket
- Author, Нина Ахметели
- Role, Би-Би-Си, Тбилиси
Грузияда 4-октябрда өтө турган муниципалдык шайлоолор оппозиция менен жарандык коомго болуп көрбөгөндөй басым алдында өткөнү жатат. Бир нече оппозициялык лидерлер камакка алынып, айрым укук коргоочу жана байкоочу бейөкмөт уюмдарынын банк эсептери тоңдурулду. "Грузин кыялы" бийликчил партиясынын жеңишине эч тоскоолдук калбады: оппозициянын басымдуу бөлүгү шайлоого катышуудан баш тартты, анын ордуна алар масштабдуу каршылык акцияларына даярданууда.
Муниципалдык шайлоодогу башкы күрөш мурдагыдай эле Тбилисиде болгону жатат. Шаар бийликчил партиянын талапкери Кахи Каладзенин баннерлерине толду.
Италиялык "Милан" командасынын мурунку футболисти 2017-жылдан бери Тбилисинин мэри болуп келе жатат. Бул жолу ал үчүнчү жолу шаар мэрлигине талапкерлигин коюп жатат.
Анын Тбилисидеги шайлоо штабынын алды европачыл күчтөрдүн митинг өткөрүүчү жаңы аянты болуп калды. Мында бийликчил партиянын жактоочулары жана каршылаштарынын кагылышуулары да орун алып жатат.
Каладзенин бул шайлоодо сегиз атаандашы бар, бирок талдоочулар анын жеңип чыгарын болжоп жатышат. 2024-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоодо "Грузин кыялы" бийликчил партиясы Тбилисиде добуштардын жарымынын азына гана ээ болгон.
Өлкө боюнча бийликтин партиясы 53,9% добушка ээ болгонун жар салып, бирок оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес. Шайлоодон кийин грузин бийлиги Грузиянын Евробиримдикке кошулуусу тууралуу сүйлөшүүлөрдү кийинкиге жылдырууну демилгелеп чыккан. Буга каршы нааразылык акциялары башталып, ал бүгүнкү күнгө чейин уланып жатат.
"Тбилиси каршылык көрсөтүүнүн бастиону болуп кала берүүдө, эгер шайлоого бүт оппозиция катышса, чыныгы күрөш болмок эле", - дейт саясат талдоочу Корнели Какачи. – Бирок эми азыркы шартта "Грузин кыялы" партиясы үчүн эч бир маселе жаралбайт го".

Сүрөттүн булагы, Mirian Meladze/Anadolu
"Грузин кыялы" партиясынан тышкары бюллетендерде 11 партия аталат, арасында парламенттик шайлоодо босого чекти багындырган "Күчтүү Грузия - Лело" дагы бар. Ошондой эле бул шайлоого мурунку өкмөт башчы Георгий Гахариянын "Грузия үчүн" партиясы да катышып жатат.
Сегиз батышчыл либералдык партия, анын ичинде былтыркы шайлоодо маарага экинчи келген "Өзгөрүүлөр үчүн коалициясы" бул жолку шайлоого баруудан баш тартышты. Алар өнөктүктү "Грузин кыялын" легитимдештирүү боюнча "фарс", "Орусиянын атайын операциясы" деп атап жатышат.
"Оппозиция шайлоого чогуу барса, алардын ири шаарларда жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү болмок же шайлоого баруудан толук баш тартышса болмок. Азыркы жагдай Бидзина Ванашвилиге ("Грузин кыялы" партиясынын ардактуу төрагасы) эң сонун белек болду" ,- дейт Какачия.
Грузиянын мыйзамдарында шайлоочулардын шайлоого катышуусуна карата босого чек каралган эмес, андыктандан активдүүлүк кандай болгон күндө да жергиликтүү кеңешке шайлоолор өттү деп эсептелинет.
Тбилисиден тышкары мэрлерди жана сакребуло (жергиликтүү бийлик) өкүлдөрүн шайлоо 63 муниципалитетте өтөт. Бирок аймактардагы шайлоочуларда тандоо жокко эсе, 26 муниципалитетте бийлик талапкерлеринин атаандаштары жок.
"Жамааттык оппозицияга" тыюу салынды
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Грузия үчүн адаттан тыш көрүнүш, көп сандаган оппозиционерлер бул шайлоо алдында камакка алынышты.
"Өзгөрүүлөр үчүн коалициясынын" төрт лидеринин үчөө мурунку президент Михаил Саакашвилинин партиясынын ыктымал кылмыштарын иликтөөчү парламенттик комиссияга барбай коюшкандыктары үчүн камакка алынды. Саакашвилинин "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясы 2012-жылга чейин бийликте болгону эсте.
Башында комиссия аталган партиянын бийлик жүргүзгөн маалдагы окуяларды гана карап, бирок кийин 2003-жылдан бүгүнкү күнгө чейинкисин да иликтей баштады.
Комиссиянын корутундусун "Грузин кыялы" партиясы "жамааттык улуттук кыймылдарга" каршы колдонууга ниеттенип жатат. Бул термин алдына алар соңку парламенттик шайлоодо босого чектен өткөн бардык оппозициялык партияларды киргизип жатышат.
Оппозициялык күчтөр комиссияны мыйзамсыз жана бейтарап эмес деп ага кол кабыш кылуудан баш тартышкан. "Коалициянын" төртүнчү лидери Элене Хоштария сентябрда шайлоо алдындагы баннерлерди бузду деп кармалган. Ал бийликчил партиянын баннери алдында "Орус кыялы" деп жазып, ага кылмыш иши козголду.











