Тынчтыкка карай кадам: Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу кандай өттү?

Сүрөттүн булагы, ANDREW CABALLERO-REYNOLDS/AFP via Getty Images
- Author, Святослав Хоменко, Елизавета Фохт*, Ольга Ившина*
- Role, Би-Би-Си
Ак үйдө Дональд Трамп, Володимир Зеленский жана Украинаны колдоо үчүн келген бир катар европалык лидерлер катышкан сүйлөшүүлөр аяктады. Февралдагы ийгиликсиз жолугушуудан айырмаланып, бул ирет эч кандай кайым айтышуулар болгон жок. Тескерисинче, Трамп жылмайып сүйлөп, Украинага коопсуздук кепилдиктерин убада кылды. Бирок бул кепилдиктерди Европа берет жана аны АКШ менен биргеликте камсыздайт. Трамп ошондой эле Путин менен Зеленскийдин жеке жолугушуусуна даярдык башталганын жарыялады. Бирок Кремль бул тууралуу түз убада берген жок. Зеленский болсо аймактык маселелерди Путин менен гана талкуулоого даяр экенин ачык айтты.
Костюм жана комплимент
"Ишене албай жатам. Бул мага жакты, – деди АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдө Украина президенти Володимир Зеленский менен учурашып жатып.
Бул сөздөр Зеленскийдин сырткы келбетине байланыштуу айтылгандай болду. Анткени ал мурдагы катасын эске алып, бул жолу Вашингтондогу жолугушууга свитер эмес, галстуксуз болсо дагы костюм кийип келди.
NBCнин маалыматына караганда, бул жолу Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер Зеленскийге этикет боюнча бир аз кеңеш берген. Ал кесиптешине дипломатиялык аракеттери үчүн Трампка ыраазычылык билдирип турууну, сөзсүз костюм кийип келүүсүн жана Меланияга жубайы Еленанын катын тапшырууну айткан.
Ошентип украин лидери сөзүнүн алгачкы мүнөттөрүндө Трампка 16 жолу рахмат айтты. Анын каршысында отурган вице-президент Жей Ди Вэнс марттагы жолугушууда Зеленскийди ыраазы болгонду билбейт деп сындаган эле. Бул сапар дипломатиялык түр көрсөтүп, унчукпай отурду.

Сүрөттүн булагы, Tasos Katopodis/Getty Images
Трамп менен Зеленскийдин сүйлөшүүсүнүн журналисттерге ачык бөлүгү өз ара комплименттерге жана Ак үйдүн кожоюнуна багытталган мактоолорго толду.
Кошомат, мактоо жана позитив – мунун баары АКШ президенти менен баарлашууда ийгиликке жетүүнүн негизги жолу. Бирок журналисттер күткөндөй, Украинадагы тынчтыкты жөнгө салуу боюнча так маалымат айтылган жок.
Дональд Трамп маанайы жакшы болгондуктан, журналисттердин курч суроолорунан айланып өтүп жатты.
Би-Би-Синин кабарчысы Мирослава Пеца АКШ президентинен тынчтыкты камсыздоо үчүн Украина Орусияга Донбасс аймагындагы оккупацияланбаган жерлерди бериши керекпи деп сурады? Трамп суроону жоопсуз калтырып, болгону туруктуу тынчтыкка жетүүгө аракет кыларын билдирди.
Аймакты үчкө бөлүү
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Вашингтонго сапар тарткан учурда украин делегациясынын алдында эки маанилүү милдет турган эле.
Биринчиден, алар Дональд Трамп менен Владимир Путиндин Анкориждеги жолугушуусу учурунда эмне болгонун түшүүсү керек болчу.
Украин делегациясына жакын Би-Би-Си булагынын айтымында, соңку күндөрдөгү кабарлар Трамптын "жакындап калды" деп айткан сөзүнүн маңызы эмнеде экенин Киевге толук түшүндүрүп бере алган жок.
Экинчиден, украиндер азыркы кырдаалды оңой жөнгө салуу мүмкүн эмес экенин Трампка түшүнүктүү кылып жетирүү үчүн келген.
Америкалык саясатчылар Украинанын оккупацияланган аймактарынын аттарын да эстей албай жатканда, Анкорижде Владимир Путин Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарына толук ээлик кылуу ниетин көрсөттү.
Ал октябрга чейин Донецк облусунун Украинанын көзөмөлүндө турган бөлүгүн да басып алам деп ишендирди. Картаны карап отурган америкалыктар ага ишенип да калгандай болду.
Учурда Орусия бул аймактын болжол менен 75 пайызын көзөмөлдөйт. Бирок чындыгында орус аскерлери бул регионду он жылдан бери толук багындыра албай келет.
Маселен, Краматорск менен Славянск дале Украинанын көзөмөлүндө. Бул агломерацияны басып алуу Бахмуттан алда канча кыйын. Ал жердеги салгылашуудан Орусиянын кеминде 20 миң адамы курман болгон.
Ушул эки шаардан кийин дароо талаа башталат, ал түздөн-түз Изюмга, андан ары Харьковго жол ачат.
Ошондуктан Украина өзүнүн коопсуздугу үчүн дагы Донецктин бул бөлүгүн таштап кетпейт.
Мындан тышкары, кеп бир гана жер тилкесинде эмес, Украинаны колдогон бул аймактагы он миңдеген тургундар жөнүндө болуп жатат. Володимир Зеленский да, армия да, украин коомчулугу да элди көчүрүп кетүү маселесин талкуулоого даяр эмес.

Сүрөттүн булагы, Anna Moneymaker/Getty Images
Украина аймактык реалдуулукту эске алуу менен кырдаалдан чыгуунун жолун талкуулоого даяр экенин көптөн бери ачык айтып келет: Зеленский 1991-жылдагы чек арасын толук көзөмөлдөй албай турганын ырастады. Бирок ошол эле учурда, Орусия 2014-жылдан бери басып алган аймактарды Орусияныкы деп таанууга макул эмес.
Дональд Трамптын билдирүүлөрү аймактарды алмашуу менен согушту токтотуу мүмкүн эмес экенин түшүнгөнүн далилдеди.
Financial Times гезитинин жазганына караганда, Володимир Зеленский Орусияга аймактык жеңилдиктерди берген бир дагы келишимди кабыл албасын АКШга ачык билдирди.
"Эң маанилүүсү: бардык курч, анын ичинде аймактык маселелерди, үч тараптуу жолугушууда, лидерлердин деңгээлинде талкуулайбыз. Президент Трамп мындай жолугушууну уюштурууга аракет кылат", — деди Зеленский журналисттерге.
Бул жолу карталар менен келди
Володимир Зеленский Вашингтонго күчтүү команда менен барды. Алардын арасында Украинадагы эң таасирдүү саясатчы Андрей Ермак, мурдагы коргоо министри жана "Стамбул сүйлөшүүсүндөгү" делегация жетекчиси Рустем Умеров, ошондой эле Тышкы иштер министринин биринчи орун басары, БУУнун мурдагы өкүл Сергей Кислица бар.
Февраль айындагы ийгиликсиз жолугушуу Украин делегациясынын эсинде жакшы сакталып калса керек. Ошондо Трамп Зеленскийге "колуңарда карта жок" деп, муну менен Киев үчүн талап коюу оор экенин айткан. Жакында эле Трамп Орусия— улуу держава, Украина андай эмес,- деген.
Эми Украина алардын да колдорунда карталары бар экенин Трампка көрсөтүүгө аракет кылууда.

Сүрөттүн булагы, Dmytro Vlasov/BBC
Маселен, Стамбул сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасын утурлай Киев "Желе" деп аталган укмуштуудай операцияны өткөрдү. Анын натыйжасында Орусия өзүнүн стратегиялык авиациясынын флотунун бир кыйла бөлүгүнөн ажырады.
Бул жолу украин делегациясы Трамп көрмөксөнгө сала албай тургандай бир нече "карталарды" Ак үйгө көтөрүп келди.
Биринчи жана эң башкы "карта" — бул Европанын бир добуштан колдоосу (айрыкча Трампка жагымдуу саналган европалык лидерлер — Александр Стубб менен Жоржа Мелони, Орбанды эске албаганда). Алардын Вашингтондо ортомчу катары эмес, Зеленскийдин командасынын мүчөсү катары жүрүшү Украина президентинин позициясын олуттуу бекемдеди. Бул — Украинанын коопсуздугу үчүн кепилдиктер демек Европанын коопсуздугу үчүн кепилдиктер, Украинадагы тынчтык — Европадагы тынчтык, Украинанын келечеги — бүтүндөй Европанын келечеги экенинин далили.
Экинчи "карта", - бул Украинанын "Фламинго" деп аталган канаттуу ракетасынын сериялык өндүрүшкө киргизилгени тууралуу маалымат. Эгер жарыяланган техникалык мүнөздөмөлөр чын болсо, анда бул курал орус "Калибр" ракеталарынан алда канча алыска учат жана кыйратуучу күчү да чоң. Ал Москвага да, Санкт-Петербургга да жете тургандай күчкө ээ.
Үчүнчү "карта" — Украина коргонуу күчтөрүнүн Доброполье багытында орус аскерлеринин чабуулун токтоткону. Балким, башынан бул чабуулду Москва Анкориждеги сүйлөшүүлөрдүн алдында өзүнүн "картасы" катары көрсөтүүнү көздөгөн болушу мүмкүн. Бул Владимир Путинге фронт сызыгында акырындык менен жарака пайда болгон баштаганын көрсөтүүгө жардам бермек

Сүрөттүн булагы, State Emergency Service of Ukraine
Соңку төртүнчү "картаны" Орусия Украинанын колуна өзү салып берди. Алар сүйлөшүүгө бир күн калганда Харьков менен Одессадагы турак-жайларга, Сумыдагы университетке сокку урду.
Орусиянын дрондору бир жарым жаштагы ымыркайдын өмүрүн кыйды. Ошол окуядан улам Владимир Путин Аляскадагы сүйлөшүүдө Дональд Трампка "тынчтык орнотчу лидер" катары таасир калтыра албай калган болушу мүмкүн.
Коопсуздукту кантип камсыз кылуу керек?
Вашингтондо журналисттер Володимир Зеленскийден Украинанын коопсуздугу үчүн ал АКШ президентинен кандай кепилдик алгысы келерин сурады: аскер жайгаштыруу, чалгын маалыматтарын бөлүшүү же курал-жарак берүүбү?
"Баарын", — деп жооп берди Зеленский жана Украинанын коопсуздугу эки нерседен түзүлөрүн кошумчалады: күчтүү армиядан жана "чоң мамлекеттердин", анын ичинде АКШнын кепилдиктеринен.
Азыркыга чейин АКШ эч кандай милдеттеме албастан, бул маселени Британия менен Францияга жана "каалоочулардын коалициясына" калтырып келген.
Бирок сүйлөшүүлөргө бир күн калганда Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф Америка НАТОнун Уставындагы бешинчи беренеге окшош кепилдиктерди карап чыгышы мүмкүн экенин айтты. (Ал беренеде альянстын бир мүчөсүнө кол салуу бүтүндөй альянска каршы жасалган чабуул болуп эсептелет жана ар бир мүчө жабыр тарткан союздашына жардам берүүгө милдеттүү деп жазылган).
Орус тараптан эч кандай комментарий болгон жок. Бул унчукпай коюу тактикалык мааниге ээ көрүнөт: анткени мындай схемаларды ачык талкуулоо Москванын негизги позициясын – Украина Батыш менен эч кандай расмий да, бейрасмий да аскердик союзга барбашы керек деген талабын алсыратмак.
Коопсуздук кепилдиктерин аткаруунун так механизмдери азырынча айтылган жок. Бирок Трамп Украина "чоң жардам" ала турганын белгиледи. Европалык аскерлер "коргондун биринчи катарындагы күч" болот, деди ал. Бирок АКШ да "катышат жана аларга жардам берет", деп кошумчалады Трамп.

Сүрөттүн булагы, Win McNamee/Getty Images












