Билим берүү: Депутат өзүнүн жардамчысын эмне үчүн кызматка койгусу келген?
Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Си Бишкек
10-майда өткөн Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевди сынга алды.
Депутат: «Иштей албаган министрди 5 күн да кармабаш керек»
Ал Бейшеналиев жөнүндө сүйлөп жатып: "Иштей албаган министрди кызмат ордунда 5 күн да кармабаш керек", - деди.
Сулайманов, калктын деңгээли билим деңгээлинен көз каранды экенин белгиледи. Анын айтымында, президент айлыктарды көтөрдү, бирок билим берүүнүн сапатына көңүл буруш керек. Ал мугалимдердин квалификациясын жогорулатууну кайрадан киргизүүнү сунуштады.

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg
Бейшеналиев депутат "аны эмне үчүн сындап жатканын" айтты
Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев депутаттын министрликке карата сынына жооп берди. Ал кемчиликтер бар экенин моюндап, алардын үстүнөн иш жүрүп жатканын айтты.

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg
"Мага карата айтылган сынга келсек, эмне үчүн мындай кылып жатканыңыздын чоо-жайын айтып берейин. Бул теманы өзүңүз козгогон соң. Мен министр болуп дайындалгандан кийин жардамчыңызды [Айжан Үсөнканованы] Токтогул районундагы №39 кесиптик лицейдин директорлугуна дайындоону сурангансыз. Мен аны дайындабаганым үчүн азыр мени эл алдында сындап жатасыз", - деди министр. Бейшеналиев бул иште жеке кызыкчылыгы жок экенин кошумчалады.
"Мен министр болуп келдим, бул тармакты президент мага тапшырды. Жеке мага сын-пикириңиз болсо, мага жекече айтыңыз. Эл алдында сындасаңыз, мен да сиздин суроолоруңузга эл алдында жооп берем. Жардамчыңыз квалификациялык критерийлерге жооп берген жок. Ал сиздин жеке жардамчыңыз болгон. Мен аны дайындай албадым, кечирим сурайм", - деди Бейшеналиев.
"Жөн гана сунуш, мажбурлоо же талап болгон эмес"
Депутат окуу-жайдын көйгөйлөрүн жеринде көргөндөн кийин сын айта баштаганын белгиледи. "Мен аны калктын пикирин эске алуу менен сунуштадым. Башка кызыкчылык болгон жок. Мен сизге жардам бергим келет, башка эч кандай жаман оюм жок”, - деп жооп берди Сулайманов.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кундузбек Сулайманов, "Бейшеналиев ага айтылган сынга таарынып, туура эмес маалымат берди", - деп билдирди. Ал Айжан Усенканованы жөн гана сунуштаганын айтып, эч кандай мажбурлоо же талап коюлбагандыгын баса белгиледи.
Анын айтымында, ал үчүн биринчи кезекте кесипкөйлүк турат. Ал талапкердин 20 жылдык иш тажрыйбасын, үлгүлүү көрсөткүчтөрүн эске алып сунуштаган.
"Материалдык-техникалык базасы, окутуунун деңгээли учурдун талабына жооп бербегенине жеке өзүм күбө болдум. Ошондуктан директорду дайындоо процессин тездетүү керек болчу. Жөнөкөй мугалимден баштап, мектеп директоруна чейинки жолду басып өткөн, 20 жылдык тажрыйбасы бар адисти сунуштадым. Бул адис беш жыл ушул лицейде окуу бөлүмүнүн башчысы, директордун орун басары болуп иштеген. Бул лицейди министрликке тиешелүү аккредитациялоого активдүү катышып, аны өнүктүрүүдө үзүрлүү эмгектенген. Билимин жана иш тажрыйбасын эске алганда, мен сунуштаган адис директордун кызматына татыктуу болгон",-деди Сулайманов.
Ал эми Бейшеналиевди сынды туура кабыл алууга үндөп, депутаттар тажрыйбалуу адистерге колдоо көрсөтүшү керектигин айтты.
"Депутаттын жардамчысы" делген айымдын жообу
Көп өтпөй Бейшеналиев атап өткөн Айжан Усөнканова, өзүнүн Facebook баракчасына бул кырдаал боюнча түшүндүргөн билдирүү жазды. Анын жазганына караганда, Үсөнканова аталган окуу жайда 5 жыл эмгектенген. Мурдагы директору кызматтан кеткен соң, анын ордуна ат салышып көрүүнү чечкен.

Сүрөттүн булагы, screenshot
“Алмазбек мырза белгилегендей, мен квалификациялык талаптарга жооп бербеген кызматкер болсом, ал окуу жайга жетекчи болууга умтулбайт элем. Негизи бул кызмат - кызыга турган деле кызмат эмес, окуу жайдын абалы чындыгында мышык ыйлай турган абалда эле. Кундузбек Кошалиевич окуу жайдын абалын өз көзү менен көргөн. Ал бир эле ошол окуу жай эмес, өз округундагы көйгөйлүү жерлердин бардыгын убактысынын жетишинче жеринен көрүп, таанышып, көйгөйлөрдү чечүүгө болгон аракетин жумшап келет”, - деп жазды Үсөнканова.
Ошондой эле, ал Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысынан сунуш алып, Билим берүү министрлигине кайрылган кезде, депутат Сулаймановдун жардамчысы боло электигин, депутаттын жардамчысы кызматы тууралуу ырастама ага 2022-жылдын 3-мартында чыкканын белгилеген.
Усенканова, депутат Сулаймановдун окуу жайдын жаңы дайындалган башчысына кеп-кеңешин айтып, жардам берип турарын да кошумчалаган.
Кечээ, 10-майда, Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында, Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген “Билим берүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору талкууланды.
Анда, баяндама жасаган билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, мыйзам долбоору билим берүү жаатындагы коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга жана жогорку окуу жайларын башкарууну оптималдаштырууга багытталгандыгын белгиледи.










