Кыргыз - жапон алакасынын оош-кыйышы, тилге болгон кызыгуу

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Япония расмий сапар

Сүрөттүн булагы, prezident.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Жапонияга болгон сапары уланып жатат. Жапониянын императору Нарухито баштаган бийик даражалуу инсандар, расмийлер менен жолугушуулар өтүүдө.

Жапониянын премьер-министри, депутаттары, бизнес-ассоциациясы менен сүйлөшүүлөр жүрүп, Токиодон ары Киото шаарына да барышты. Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн JICAнын президенти менен жолугушту. Сапардан кандай жыйынтык чыгат, мамилелерде кандай өзгөрүүлөр болот деп кызыккандар арбын.

Президенттин Жапонияга болгон сапарын улай, Би-Би-Си эки өлкө ортосундагы кызматташтык тууралуу учкай маалымат даярдады.

Япония Парламентинин Өкүлдөр палатасынын Спикери

Сүрөттүн булагы, prezident.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жапония Парламентинин Өкүлдөр палатасынын Спикери

Мамиленин башталышы

Жапония менен дипломатиялык мамиле 1992-жылы түзүлгөн. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин улуттук валютанын түптөлүшүнө, экономикалык реформалардын жүрүшүнө Жапония чоң салымын кошконун эксперттер айтып келишет. Андан сырткары, инфраструктура, айыл-чарба, саламаттык сактоо тармагына, жолдордун курулушуна Жапония бүгүнкү күнгө чейин кайтарымсыз негизде грант бөлүп, заманбап жабдыктар менен камсыздап келе жатканы маалым.

Жапония – Кыргызстан алакасы тууралуу чыгыш таануучу Сейтек Качкынбай эки өлкө ортосундагы мамиленин күңгөй-тескейин, кемчиликтерин кошуп талдап берди.

“1990-жылдары жапондор бизге чоң үмүт кылып, ири өлчөмдөгү насыяларды берип, мамилелер жакшы башталган. Биз Бажы биримдигине киргенден кийин, Жапония менен соода алакалар начарлап кетти. Жапония менен СССРдин курамына кирген мамлекеттер ортосундагы соода-алаканы изилдеген аналитикалык изилдөө жүргүзгөндөр, Кыргызстан менен Жапония ортосундагы соода-сатык дээрлик 0% жакындап калды деп айтты. Ушул мага аябай катуу тийди. Ага бир нече себептер бар, биринчиси – биз Бажы биримдигине мүчө болуп киргенибиз, экинчиси – биз өнүгүп кеткен бай өлкөдөй болуп, жапандарды тоготпой жатканыбыз кичине өкүндүрөт”.

Чыгыш таануучу, агартуучу, Сейтек Качкынбай

Сүрөттүн булагы, Social Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чыгыш таануучу, агартуучу, Сейтек Качкынбай

Президенттин Жапонияга болгон сапары символикалык мааниге ээ экенин, эгер экономикалык багыт приоритет болгондо, ишкерлер чөйрөсү, Бизнес Ассоциациялардын өкүлдөрү дагы делегациянын курамында болмок деп кошумчалады.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Азыр президент Жапонияга барды. Бул көбүн эсе символикалык мааниге ээ сапар. Бул программаны жапон тарап өздөрү уюштурганга окшошуп турат. Себеби, Император, премьер-министр, спикер, банктын өкүлдөрү.... менен жолугушуу болуп жатат. Бул символикалык мааниге ээ. Мисалы, азыр Борбор Азияны жоготуп албайлы деп, “Чоң жетилик” Борбор Азия лидерлерин Америкага чакырды, Германияга барып-келип жатышат. Ошол сыяктуу, Жапония дагы азыркы учурда Борбор Азия өлкөлөрү такыр эле Орусия менен болуп калбасын деп өзүнө тартуу саясаты жүрүп жатат атайын”,- дейт Сейтек Качкынбай.

Соода-сатык унутта калбай турган багыт экени талашсыз.

"Жапония бизден алыс Чили, Монголия сыяктуу өлкөлөр менен кеңири соода кылат. Бүгүнкү күндө Монголияда 600дөн ашык, ал эми Кыргызстанда болгону япониялык алты гана инвестор бар",- деди чыгыш таануучу.

Экономика министрлиги менен Финансы министрлигинин сайтында эки өлкө ортосундагы соода-сатыкты так чагылдыран эсеп-кысапты таба алган жокпуз.

Жапон тилине болгон кызыкчылык

Жапон тили Кыргызстанда эгемендүүлүк алгандан тарта окутула баштаган. Жогорку окуу жайлардын ичинен жапон тилин үйрөтүү алгач Кыргыз улуттук жана Бишкек мамлекеттик университеттеринде башталган. Кийинчерээк жапон тили менен Кыргызстанда жумуш табуу кыйынга тургандыктан, тил үйрөнүүнү каалоочулардын саны төмөндөп кеткен. Мындай пикири менен Кыргыз мамлекеттик университетинин жапон таануу институтунун директору Айбек Самаров бөлүштү.

КМУнун ректору

Сүрөттүн булагы, КМУнун басма сөз кызматы

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, КМУнун ректору жана “Ребун” мейманканасынын генералдык директору

“2006-жылы биринчи жолу Кыргызстандын жаштарын Жапонияга жумушка жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк ачылган. Бул мүмкүнчүлүктү “Жапан стайл” компаниясы ишке ашырган. Ошондон бери жапон тилине болгон кызыгуу кайрадан жандана баштады. Эки өлкө ортосундагы мамилени чыңдоо үчүн сөзсүз түрдө жапон тилин билген жаштар керек. Жапонияга биздин студенттерди тажрыйба алмашуу үчүн жөнөтүп турабыз”

Акыркы сегиз жылдан бери бул институт аркылуу Жапонияга 80 кыргыз-казак жараны, 162 студен тажрыйба алмашуу үчүн барып келген. Окуу тажрыйбасы үчүн 250, үч айлык социалдык мекемелрге иштеп келүүгө 152 жаран жөнөтүлгөн. Бул бир гана Жапон таануу институту аркылуу барып келген студенттердин саны.

Азыркы тапта IT багыты боюнча тажрыйба алмашууга басым жасалып жатканы айтылды. Жапонияга магистратура жана изилдөө жүргүзүү үчүн акысыз окуу программалары дагы бар. Билим берүү министрлиги тарабынан дагы акысыз квоталар каралган.

Тил үйрөтүү үчүн Жапониядан атайын ыктыярчылар дагы келип турат.

Кыргыз студенттери Японияда

Сүрөттүн булагы, КМУнун басма сөз кызматы

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз студенттери Жапониядагы тажрыйба алмашуу учурунда

Ишкерликтеги алака

Жапон эл аралык кызматташуу агенттиги (JICA) 32 жылдан бери эки өлкө ортосундагы түрдүү багытта иш алып баруучу мамлекеттик деңгээлдеги аянтча болуп эсептелинет.

JICA аркылуу айыл чарба, саламаттык сактоо, билим берүү тармагында бир катар долбоорлор ишке ашырылган. Алардын ичинен “Бир айылдан – бир продукт” долбооруна өзгөчө көңүл бурулуп, мамлекет тараптан каржылоо демилгесин кыргыз бийлиги көтөрүп келет. Бул долбоордун максаты - аймактагы дыйкандарды колдоо, кошумча жумуш ордун түзүү, кыргыз продукцияларын эл аралык брендке айлантуу болуп эсептелинет. Бишкектеги “Бир айыл – бир продукт” дүкөнүндө региондордо даярдалган жети жүздөн ашуун продукциянын түрү сатылат.

JICA берген маалыматта, учурда Кыргызстанда 20га чукул жапон ишкери эмгектенет. Алар IT, туризм, кырсыкты алдын-алуучу курулуштарда иштешет. Айрымдары келечекте ГЭС куруу аракетин көрүшүүдө.

Кавамото Хироюки, JICA президенти:

“1993-жылдан бери биз эки негизги багытка басым жасап келебиз: адамдык капиталды өнүктүрүү. Биз билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн колдоп кыска жана узак мөөнөттүү тренинг курстарына катышуу, Жапан Университеттеринде магистратурада окуу шарттарын түзөбүз. КУУнун алдындагы Япония борбору университеттерди билим алмашуу багытында байланыштырат.

Экинчи багыт - бизнести өнүктүрүү жана тармактарды диверсификациялоо.

Биз чийки зат менен өндүрүштү колдоонун үстүндө иштеп жатабыз”

Кавамото Хироюки, JICA президенти

Сүрөттүн булагы, JICA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кавамото Хироюки, JICA президенти

Өлкөдөгү кадрдык өзгөрүүлөр инвесторлордун ишине дагы таасирин тийгизиши мүмкүн. Бирок, аткаминерлер алмашса дагы, ишти алардын алдындагы кадрлар жүргүзгөндүктөн, жумуш дээрлик үзгүлтүккө учурабайт дешүүдө.

“Жетекчилик өзгөргөндө мамлекеттик кызматкерлердин баары эле өзгөрбөйт. Ошентип, биз жаш лидерлер менен иштешип, кызматташуубузду камсыздоого аракет кылабыз. Андай өзгөрүүлөр болбосо деп үмүттөнөбүз. Албетте стабилдүүлүк кандай болоорун алдын ала айтуу кыйын. Андыктан өзгөрүүгө ыңгайлашып, жаш чиновниктер менен болгон аракетибизди жумшайбыз”

Кыргызстанга келген ар бир бийлик JICA президенти менен жолугушуп, кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишет.

Кыргызстанга болгон колдоо

Кыргызстан жана Япониянын желеги

Сүрөттүн булагы, Social media

2015-жылы Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ Борбор Азияга болгон сапарында Бишкекке 50 инвестор менен кошо келген. Бул кыргыз тарыхындагы япон бийлигинин жогорку даражадагы өкүлү келген азырынча жалгыз учур.

Бул сапарда эки өлкө ортосунда тогуз документке кол коюлуп, Кыргызстандын айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө 1,5 млн доллар грант бөлүнгөн.

Мындан сырткары, кыргыз бийлиги япон делегациясы менен жолуккан, кайтарымсыз грант алган учурлар бар. Кыргызстан эгемендик алган жылдан тарта Жапониядан канча каражат алганы тууралуу так сан жок.

Акыркы бөлүнгөн каражаттарга токтоло турган болсок, Баткендеги кыргы-тажик чек ара жаңжалына бир млн доллар бөлүшкөн. Ушул жылдын март айында 5,3 млн доллар Баткен жолун оңдоого, август айында кадр даярдоого жана эки өлкө ортосундагы мамилени өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга 2, 26 млн доллар кайтарымсыз гранттар бөлүнгөн. Сентябрда 150 миң доллардан ашуун каражатка ооруканаларга заманбап жабдыктар тапшырылган.

Жапониянын элчилиги Кыргызстанда 2004-жылы ачылса, кыргыз бийлиги Токиого элчиликти 2014-жылы ачкан.