You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Сот иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгарып жиберүүнү чечти
- Author, Элдияр Бакиров
- Role, Би-Би-Си, Бишкек
Бишкек шаардык соту 23-ноябрда иликтөөчү журналист Болот Темировдун “паспортту мыйзамсыз алуу” ишин карап, аны Кыргызстандан чыгарып жиберүүнү чечти. Райондук соту мурда аны актаган чечим чыгарган болчу.
Соттук отурумда прокурор Темировду “Кыргызстандын жараны болбогондуктан аны өлкөдөн чыгарып салууну” өтүнгөн. Судьялар үч сааттан кийин мамлекеттик айыптоону колдогон чечимди чыгарды.
Өкүм чыккандан кийин Темировду күч менен сот залынан чыгарышып, унаа менен алып кетишти - анын жактоочусу журналист убактылуу кармоочу жайга киргизилиши мүмкүн деп болжоду.
“Анын өзүнө, жактоочуларына жана прессага аны кайсы жака алып кетишкенин түшүндүрүшкөн жок. Аны аэропортко түз алып барып, өлкөдөн чыгарышабы? Же милициянын убактылуу кармоочу жайына бы? Милиция кызматкерлеринин аракеттери таң калтырат, анткени алар күч колдонуп алып кетишти”, - деди журналисттерге анын жактоочусу Баатыр Ботобеков.
Temirov Live интернет каналынын башчысы Болот Темиров бийлик төбөлдөрүнүн коррупциялык кыңыр иштерин, асыресе УКМКнын төрагасы К. Ташиевдин үй-бүлөсүнүн, баласынын отун бизнесиндеги иштерин иликтеп, элдин көзүнө түшкөн.
Жазында аны иш кеңсесинен баңгизат табылды деп спецназ кармап кетип, коомчулуктун талабы менен үй камагына чыгарган. Болот баңгизатты анын чөнтөгүнө милиция кызматкерлери өздөрү салып койду деп билдирген.
Темировдун кармалышына Кыргызстандагы жарандык коом, журналисттер текши нааразылык билдирип жатышат. Активисттер ИИМдин алдында сөз эркиндигин коргоо, Темировго тилектештик митингине чыгышкан.
Андан кийин тергөөнүн жүрүшүндө анын мойнуна мыйзамсыз паспорт алган, чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген сыяктуу төрт кылмыш иши козголуп, айыптар коюлган.
Ошондой эле Болоттун адвокаттары анын кеңсесине тинтүү жүргүзүү, аны кармоо операциясынын жүрүшүндө толтура ээнбаштык жана мыйзам бузуулар болгонун билдиришкен.
"Темиров террорист эмес! Журналист Болот Темировду "каракчыны" кармагандай кылып күч органдары менен алып кетиши аша чапкандык! Коомго чукул коркунуч жарата турган кылмыш жасоо аракетине далили болсо жоон топ күч менен кармашса макул дейт элек. Биздин билишибизче Темиров анчалык деле коркунучтуу жаран эмес болчу. Эми кандай болгон күндө дагы бул иш тыкыр иликтениши керек. Эгер, сөз эркиндигине кысым боло турган болсо бул кашкайган ката! Сөз эркиндигин чектейбиз дегендер өз эркиндигине залалы тийип калганын тарых тастыктап келет...", - деп жазган Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самйыкожо.
Милиция Темиров 1996-жылы 16 жашка толгондо Орусиянын жараны болгонун, кыргыз жарандыгын кийин жасалма документтер менен алган деп билдирген. Бирок сотто далилдей алышкан эмес.
Ал эми Темиров ага карата козголгон иштерди Temirov Live редакциясынын иликтөөлөрү менен байланыштырып келген. Кылмыш иши козголгонго чейин журналисттер Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурастын компаниясы мамлекеттик тендерлерди утуп баштаганы тууралуу журналисттик иликтөө жарыялаган болчу.
Кыргызстандын медиа коомчулугунун иш аракеттер Платформасы кайрылуу жарыялап, Кыргызстандын медиа коомчулугу Temirov Live иликтөөчү журналисттеринин офисиндеги тинтүүлөрдү жүргүзүүнү жана Болот Темировдун кармалышын Кыргызстандагы сөз эркиндигине түздөн-түз кысым көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу, анын ичинде Конституция менен кепилденген журналисттик ишмердүүлүккө тоскоолдук кылуу деп атаган.
Быйыл сентябрда Свердлов райондук соту Болот Темировду “баңгизат” иши боюнча актап, кыргыз паспортун “мыйзамсыз алуу” боюнча күнөөлүү деп тапкан. Бирок бул иш боюнча жоопко тартуу мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу жоопкерчиликтен бошотулган.
Темиров өзү Ташиев жана президент Садыр Жапаровду жасаган билдирүүлөрү үчүн сотко берген.
Болот Темиров Кыргызстанда өзүнүн терең, эффективдүү иликтөөлөрү менен таанылган журналист. Аны сындыруу аракеттери буга чейин да болгон. Өзүнүн кеңсесинин жанында ага кол салуу болгон, журналист бул кимдир-бирөөлөрдүн буюртмасы менен болгон деп айтып келатат.