You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Сынбаган Болот. Сот актаган чечим чыгарды
Бишкекте Свердлов райондук соту журналист Болот Темировду актаган чечим чыгарды. Кыргызстандын медиа коомчулугу, Акыйкатчы, жарандык жана укук коргоо уюмдары бул журналистти ак жеринен торго чалынды деп аны актоого чакырып жатышкан.
Temirov Live интернет каналынын башчысы Болот Темиров бийлик төбөлдөрүнүн коррупциялык кыңыр иштерин, асыресе УКМКнын төрагасы К. Ташиевдин үй-бүлөсүнүн, баласынын отун бизнесиндеги иштерин иликтеп, элдин көзүнө түшкөн.
Жазында аны иш кеңсесинен баңгизат табылды деп спецназ кармап кетип, коомчулуктун талабы менен үй камагына чыгарган. Болот баңгизатты анын чөнтөгүнө милиция кызматкерлери өздөрү салып койду деп билдирген.
Андан кийин тергөөнүн жүрүшүндө анын мойнуна мыйзамсыз паспорт алган, чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген сыяктуу төрт кылмыш иши козголуп, айыптар коюлган.
Ошондой эле Болоттун адвокаттары анын кеңсесине тинтүү жүргүзүү, аны кармоо операциясынын жүрүшүндө толтура ээнбаштык жана мыйзам бузуулар болгонун билдиришкен.
Айыптоочу Темировду беш жылга эркинен ажыратууну сураган. Ошондой эле соңку отурумдардын биринде прокурор Болотту өлкөдөн чыгарып жиберүү сунушун берген. Мындай сунуш жарандык активисттерди, коомчулукту нааразы кылып, буга каршы билдирүүлөр Жогорку Кеңештин трибунасынан да айтылды.
Медиа коомчулук Болоттун ак жеринен бийликтин куугунтугун көрүп жатат деп анын таламын талашып келди. Ага болгон кысымды өлкөдөгү Конституция кепилдеген сөз эркиндигин муунтуу аракети катары айыптады.
Сот Болот Темировду баңгизат жана паспорт иштери боюнча толук актады, ал эми документ жасады деген иш боюнча айыптуу деп чечип, бирок жаза болбой турганын билдирди. Демек, бул иш боюнча деле анын күнөөсүн таба алышкан жок деп түшүнүү керек.