"Чет элдик өкүл" мыйзам долбоору. Тараза ташы кайда оойт?
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Official
25-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Чет элдик өкүл жөнүндөгү" мыйзам долбоору каралып, биринчи окуудан өттү.
Демилгечи депутаттардын бири Надира Нарматова баяндама жасап жатып, долбооор өлкө коопсуздугун коргоо максатында иштелип чыккан деген жүйөнү дагы бир ирет белгиледи.
“Өлкөдө өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын кандай булактардан каржыланып жаткандыгы, келип түшкөн каражаттардын кандай максаттарга жумшалгандыгы отчеттуулукта ачык-айкын көрсөтүлүүгө тийиш. Бул мамлекетин коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирет. Экинчиден, 17-беренеге алардын иштөө аракеттерин, мыйзам чегинде ишмердүүгүн жазып киргиздик. Андан сырткары, алардын иш мерчемдерине мамлекеттик көзөмөл болуш керек деген максатта Кылмыш-жаза кодексине жоопкерчилик киргизип жатабыз”,- деди депутат.
Жогорку Кеңештин төрагасы мыйзам долбоору бир катар эл аралык уюмдардын жана элчиликтердин өкүлдөрү менен бирге талкууга алынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн кошумчалады.
"Бул жерде эч кандай коркунучтуу эч нерсе жок. Бир гана шарт, так жана ачык-айкын иштеши керек. Эч кандай чектөө же басым болбойт. Алардын иши ачык жана айкын болушу керек. Биз үчүн улуттук коопсуздук биринчи орунда турат”, - деди Нурланбек Шакиев.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Талкууда депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоорунун концепциясына каршы чыгып, Кылмыш-жаза кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол бербөө керектигин айтты.
Ал ортодо медиа коомчулуктун жана жарандык коомдун өкүлдөрү АКШнын, Улуу Британиянын, Швейцариянын, Германиянын элчиликтерине жана Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө кайрылуу жасап, аталган мыйзамды демилгелеген депутаттарга виза берүүдө чектөө киргизүүнү сунуштады.

Сүрөттүн булагы, Артем Важенков деп катталган интернет колдонуучунун баракчасынан алынды
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Чет элдик өкүл жөнүндөгү" мыйзам долбоору коомчулук тарабынан катуу сынга кабылды.
Айрым адистердин айтымында, жаңы мыйзам кабыл алынса, мындан ары мамлекеттик органдар каалаган убагында бейөкмөт уюмдарынан каржылык жана чарбалык документтерди талап кыла алат. Ошондой эле ал уюмдар өткөрүп жаткан иш-чараларга мамлекеттик кызматкерлерин жөнөтүп турат. Мындан тышкары, каржылык булактардан түшүп жаткан акча кайда жана кантип жумшалып жатканын сурап билүүгө укуктуу болот. Бейөкмөт уюмдары буга кошумча жыл сайын финансылык отчет берүүгө милдеттендирилет. Эң талаштуу жери кылмыш жоопкерчилигине тартуу демилгеси болууда.
Сөз болуп жаткан мыйзам долбооруна кескин сын айтып, каршы чыккандар да аз эмес. Алар “мыйзам долбоору Орусиянын эле мыйзамдарын кайталоо”, “мамлекеттин колу жетпей жаткан иштерди колдоого алгандарга бут тосуу” деп сындап, жарандык коомду көзөмөлгө алуу аракети катары баалап келишет. Алар ансыз деле каражаттар кайда жумшалганы тууралуу ачык-айкын отчет берилип эле келе жатат дешет.

Кезинде аталган мыйзам долбооруна кошо демилгечи болгон бир топ депутат кийинчерээк ар кандай жүйө менен демилгечилердин катарынан чыкканын билдиришкен.
Мыйзам долбоорун добушка койгон учурда 72 депутат каттоодон өтүп, жалпысынан 52 депутат макул, 7 депутат каршы добушун берди.








