Трамп шайлоого кийлигишип жатат деп британиялык лейбористтерди айыптады

Шайлоо жакындаган сайын ким жеңет деген суроо талкуунун чордонунда

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шайлоо жакындаган сайын ким жеңет деген суроо талкуунун чордонунда

АКШ президентин шайлоого эки апта калганда Дональд Трамптын штабы АКШнын Федералдык шайлоо комиссиясына даттануу жолдоду. Анда Британиянын башкаруучу партиясы болгон лейбористтер АКШ шайлоосуна кийлигишип жатат деген айыптоо көрсөтүлгөн. Талапкердин штабы, алардын активисттери Трамптын атаандашы Камала Харристин кампаниясына көмөктөшүп жатышат деп негиздешкен.

Трамптын штабы бул даттанууга "Британиялыктар келе жатат" деген теманы коюшту. Авторлор арыздын текстинде 1775–1783-жылдары америкалык колониялар британ армиясы менен согушкан Көз карандысыздык үчүн согуштагы окуяларды эске салган.

"Ашынган солчул Лейбористтер партиясы Камаланы коркунучтуу либералдуу саясатка жана риторикага шыктандырат. Соңку бир нече аптада ал өз мүчөлөрүн тандап жана өзгөчө маанилүү штаттарда Камаланын кампаниясын жүргүзүп, биздин шайлоого таасир этүү үчүн жөнөттү",- деп жазылган арызда.

Трамптын шатбы, Лейбористтик партия АКШ шайлоосуна аралашкан өз ыктыярчыларынын чыгымдарын төлөп берген, бул американын мыйзамдарында тыюу салынган дегенди карманууда.

Би-Би-Синин колуна жеткен кабарларга жана маалыматтарга караганда, башка маалымат каражаттарында жарыялангандай, лейбористтер АКШга жеке тарап катары барат жана акысыз иштейт — а мыйзам ага тыюу салган эмес.

Трамп менен Харристин атаандаштыгы барган сайын кызып бара жатат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Трамп менен Харристин атаандаштыгы барган сайын кызып бара жатат

Трамптын штабы жазган даттануунун текстинде, Федералдык шайлоо комиссиясына кайрылып, "2024-жылкы шайлоо кампаниясына Бириккен Королдуктун Лейбористтик партиясы тарабынан жасалган ачыктан-ачык мыйзамсыз чет өлкөлүк салым, чет өлкөлүк кийлигишүү" катары тезинен иликтенсин деген сураныч жазылган.

Трамптын штабы бул даттанууда, АКШ жана Британиянын алдыңкы делген бир нече гезити лейбористтердин Камала Харриске көмөгү жөнүндө жазганын жана Лейбористтик партиянын жогорку даражалуу кызматкери София Патель Линкдин баракчасына жарыялаган постуна таянышууда. Алар бул пост азыр өчүрүлүп салганы айдан ачык деп кошумчалашкан даттануу ээлери.

Алар түздөн-түз Линкдиндеги посттон, а твиттен болсо Х коомдук сайтында таанымал британиялык саясий аккаунттан алынган скриншотту жүйөө келтиришүүдө.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Анда Патель Түндүк Каролина, Невада, Пенсильвания жана Виржиния шаттарындагы шайлоого иштөө үчүн жөнөтүүгө 100 орундун ичинен 10 бош орунга ыктыярчыларды тандоо тууралуу жарыялагандай көрсөтүлгөн. Патель издеген он киши Түндүк Каролинага жөнөтүлмөк.

Посттун скриншотунда каалоочулардын билдирүүлөрү котормосу "лейбористтер Харрис үчүн" дегенди түшүндүргөн электрондук дарекке жиберүү сунушталган.

Кийинчерээк, даттануунун текстинде көрсөтүлгөндөй, британиялык Telegraph гезити, Патель 2-августта Лейбористтик партиянын аппаратындагы кызматкерлерге электрондук кат таратып, "океандын ары жагындагы досторубузга алгачкы аял президентти шайлап алууга көмөктөшүүнү каалагандар барбы" жана "муну менен шайлоону кантип жеңиш керектигин янкилерге бир көрсөтүп коёлу" деп чакырганын жазды гезит.

Трамптын шатбы, мыйзам боюнча жана Федералдык шайлоо комиссиянын токтомуна ылайык, чет өлкөлүктөр АКШдагы шайлоо алдындагы кампанияга катыша алат, бирок алар бул үчүн акча алып, кампаниянын алкагындагы иш-чараларды жетектөөсүнө тыюу салынат деп белгилеген.

Трамптын штабы шилтеме берип жаткан Telegraph өз материалында, Лейбористтик партиянын ыктыярчылары АКШга өздөрү билет сатып алып, ишинен эс алууга чыгып жана унаа жалдап алып барса болорун, а Демократиялык партия болгону аларды жатакана менен гана камсыздай турганын жазган.

Би-Би-Синин колуна тийген Лейбористтик партиянын аппаратынан алынган маалыматтарга караганда, партия өз активисттерине америкадагы шайлоодо иштегени үчүн айлык акы төлөбөйт, алар ал жакка өз бетинче эле кеткен.

Би-Би-Синин Түндүк Америка боюнча редактору Сара Смит, Улуу Британиянын Лейбористтик партиясы менен АКШнын Демократиялык партиясынын кызматташтыгында эч кандай жаңылык жок, мурунтан эле алардын мындай алакасы бар, муну британиялык торилер менен республикачылардай эле туруктуу жана ачык эле кылып келишет.

"Ондогон жылдар бою [лейбористтер] бир нерсени үйрөтүү үчүн жана үйрөнүү үчүн Америкага барышкан. Демократтар ыраазычылык иретинде алакасын жүргүзүп келген. Британиялык Консервативдүү партия жана америкалык республикачылар дагы тыгыз алака кылышат",- деп жазды Сара Смит.