"Калпычы". Трамп менен Харристин алгачкы дебатындагы кайым айтыш

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШ президенттигине талапкерлер Камала Харрис менен Дональд Трамп биринчи жана мүмкүн бир эле боло турган дебатын өткөрүштү. Теледебат ABC News каналында түз эфирде көрсөтүлдү. Бул ноябрь айында өтө турган президенттик шайлоого байланыштуу өтө маанилүү саясий окуя. Ал шайлоого эки айга жетпеген убакыт калганда өттү.
Дискуссиянын биринчи бөлүгү жалаң экономика темасына арналды. Дебаттын алып баруучусу Дэвид Мьюир болду. Ал чу дегенде эле "Америкалыктар төрт жыл мурункуга караганда жакшырак жашайт деп ишинесиздерби?" — деп суроо салды.
Харрис озунуп, биринчи жооп берди жана "мүмкүнчүлүктөрдүн экономикасын" түзүүнү пландап жатканын айтты. Ал турак-жайдын наркына байланышкан маселени чечип, жаш үй-бүлөлөргө жана чакан ишкерликке көмөк көрсөтө турганын убада кылды.
Трамп, демократтар төрт жыл ичинчде экономиканы бүлдүрүп, а Харрис болсо Жо Байдендин эле программасын көчүрүп алганын айтып чыкты.
"Дональд Трамп Улуу депрессиядан бери карай мезгилдеги жумушсуздук боюнча эн начар абалага кириптер кылды. Биз [демократтар], Дональд Трамп ашмалтайын чыгарган чакчелекейдин баарын жок кылдык, биз аны жасадык", — деп билдирди Харрис.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"2025 Долбоору" жана "марксист" Харрис
Вице-президент Дональд Трамптын жаңы мөөнөтү кандай болоорун сыпаттай турган "2025 Долбоору" деп аталган маселеге өзүнчө токтолду. Демократтар бул документке каршы өздөрүнүн программасын сунуштоодо.
Миңдеген барактан турган долбоордун автору Heritage фонду. Экс-президент бул документти түзүүгө өзүнүн өнөктөштөрү катышканына карабай, андан оолак болууга аракет кылды.
Дебаттын жүрүшүндө экс-президент "2025 Долбоорунан" жаа бою качып, аны окубагынын, керек болсо окуй турган ниети дагы жок экенин билдирди.
Талапкерлер бир нече жолу бири-бирин калпычы деп айыптады. Дебаттын башталышында эле Харрис, көрүүчүлөр Трамптын "толгон-токой калпын, дооматын жана келекесин" уга турганын айтты.
Трамп унчукпай калбайт эле.
Ал Камала Харристи "марксистка" деп атап, анын ишмердигин Стэнфорд университетинин мурдагы экономисти болуп иштеген атасынын ишине байланыштырууга аракет кылды.
"Эгерде аны качандыр бир шайлай турган болсо, ал баарын өзгөртөт. бул биздин өлкөнүнүн күнүнүн бүткөнү. Ал маркстын жактоочусу, анын марксистка экенин элдин баары билдет. Анын атасы - профессор - экономика жаатындагы марксист, ал болсо кызын жакшылап үйрөткөн",- деди Трамп.
Харрис Трампка кайрылганда жана анын айткандарына жооп кайтарып жатып бир нече жолу "уят" деген сөздү айтты.
"Дүйнөлүк лидерлер Дональд Трампты шакаба чегишет. Мен аскер жетекчилери менен сүйлөштүм, алардын айрымдары сиз менен кызматташкан. Алар сиз тууралуу "уят" деп айтышты",- деди.
Путин силерди сугунуп коёт

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Рекламалык тыныгуудан кийин Украинадагы согуш тууралуу сөз башталды.
Трамп согуш токтошу керектигин айтып, ал аны токтото ала тургандыгын айтты. Ал муну эгерде шайлоону жеңип калса кызматка кирише элек жатып эле ишке ашыруу ниети бар экенин кайрадан кайталады.
Анын сөзүнө караганда, ал Владимир Путинди дагы Владимир Зеленскийди дагы жакшы билет жана алар аны сыйлашат.
"Алар мени сыйлашат жана байденди сыйлашпайт. Аны эменеси үчүн сыйламак эле?" - деди ал.
Харрис Трамп шайлоодо Байден менен эмес, аны менен жарышаарын эскертти.
"НАТО боюнча биздин союздаштар сиз мындан ары президент эмес экениңизге абдан ыраазы. Эгер Трамп президент болгондо Путин азыр Польшадан баштап, Европанын калган бөлүгүнө көз салып, Киевде олтурмак",- деди Трампка.
Анын сөзүнө караганда, Путин — "диктатор, ал сизди сугунуп эле коймок".
Трамп Харристи "тарыхтагы эң начар вице-президент" деп атап, ал вице-президент болуп туруп согушту токтото албаганын билдирди.
Дагы кайсы темалар сөз болду?
Аборт: Трамп АКШда аборт легалдуу болгон штаттар бар деп айтканда, дебаттардын алып баруучусу аны төгүндөдү.
Абортторго тыюу салуу тууралуу мыйзам долбооруна Трамп вето коебу деген суроого, экс-президент бул маселени талкуулаштын кажети жок, анткени мындай мыйзам Конгресстин колдоосун албайт деди. Харрис абортко конституциялык укукту кайтарып келүү керек деп штаттарда кош бойлуулукту токтотууга чектөө салынгандан кийин аялдар туш болуп жаткан проблемалар жөнүндө айтты. Ал Трамптын аборт жаатындагы саясаты америкалык аялдарды басмырлоо болду деп билдирди.
Миграция: Миграция жөнүндө суроого жооп берип жатып, Трамп соңку күндөрү республикачылдар таркатып жаткан кутум теориясын, атап айтканда АКШда мигранттар үй жаныбарларын жеп жатканы жөнүндө каңшаар сөздү кайталады.
Алып баруучу сөздү бөлүп, Трамп айтып жаткан Огайо штатындагы Спрингфилд шаарынын менеджери бул каңшаарды төгүнгө чыгарганын айтышты. Буга экс-президент туталанып кетти. Харристин микрофону өчүк болчу. Трамп сүйлөп жатканда ал күлүп жиберип, башын чайкап, “Эмне”? деп айткандай болду.
Трампка айтылган айыптоолор: Калифорниянын мурдагы башкы прокурору Харрис, Трамптын «мигранттардын кылмышы» жөнүндө айткан сөзүнө жооп кылып, анын мурдагы кылмыштарын эске салды.
"Улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү кылмыштар, экономикалык кылмыштар, шайлоого кийлигишкени үчүн айыпталган адамдын оозунан чыгып жатат бул сөздөр",-деди ал. Трамп ага козголгон иштердин баары фейк деп жооп кайтарды.
Капитолийге чабуул: Трамп өткөн шайлоодо утулуп калганын моюнга албады жана 2021-жылы Капитолийге болгон чабуулга байланыштуу эч кандай өкүнбөй турганын билдирди.
"Мен дээрлик 75 млн добуш алдым, мындай добушту кызматтагы бир да президент алган эмес",-деди ал.
Трамп ошондой эле Өкүлдөр палатасынын мурдагы спикери Нэнси Пелосини Капитолийге чабуул учурунда коопсуздукту камсыз кылуудагы проблемалар үчүн күнөөлөдү.
Израиль менен ХАМАСтын согушу: Харрис мурдагы билдирүүлөрүнүн айрымдарын кайталап, Израил өзүн коргоого укуктуу экенин, бирок аны кандай жүргүзүп жатканы маанилүү деп белгиледи.
"Бул согуш бүтүшү керек. Ал дароо аякташы керек", — деди.
Трамп эгер ал президент болуп турганда бул согуш эч качан болмок эмес деди.
"Ал Израилди жек көрөт. Эгер ал президент болсо, анда эки жылдан кийин Израил жок болот",-деди Трамп.
Корутунду сөзүндө Харрис Демократиялык партиянын августтагы курултайында сүйлөгөн сөзүн кайталады: "Биз артка кайтпайбыз".
Ал бүт бардык америкалыктардын президенти боло турганын кайрадан билдирди. Харристин айтымында, анын жана Трамптын Америкага болгон көз карашы эки башка.
Трамп корутунду сөзүндө Харриске кайрадан асылып, анын саясий программасы эчтекеге жарабайт, вице-президент кызматында төрт жыл отуруп эчтеке кылган жок деди.
"Америкалыктар ишенбеген нерсеге силер ишенип атасыңар",-деди ал. - Биз -олуттуу кризиске түшкөн өлкөбүз. Бүт дүйнөдө бизге күлүп жатышат".
АКШнын 78 жаштагы мурдагы президенти Дональд Трамп Республикачылдар партиясынын атынан июлдагы курултайда расмий түрдө талапкер болуп көрсөтүлгөн.
АКШнын азыркы вице-президенти, 59 жаштагы Камала Харрис август айында Жо Байден жарыштан чыгып кеткенде, Демократиялык партиянын атынан талапкер болуп калды.
Шайлоо дебаттары Филадельфиянын Конституцияны изилдөө боюнча улуттук борборунда (Пенсильвания штатындагы ири шаарда) өттү жана 90 мүнөткө созулуп, эки жарнамалык тыныгуу болду.
Дебаттардын форматы өзгөргөн жок, аудитория болгон жок. Суроолорду ABC алып баруучулары Дэвид Мьюир менен Линси Дэвис берип жатты, оппоненти сүйлөп жатканда талапкерлердин микрофону өчүк болуп турду.
Андан сырткары, талапкерлерге алдын ала даярдалган кагаздагы сөз же документтерди караганга уруксат болгон жок. Жарнама учурунда штаб кызматкерлери менен дагы сүйлөшө алышкан жок. Дебаттын катышуучулары бири-бирине суроо бере алышкан жок, суроолорду алып баруучулар беришти.
Талапкерлер дебаттан кайра жолугушабы же жокпу, белгисиз. Эки талапкердин тең штабдары муну жокко чыгарышпайт. Трамп кезектеги айлампаны сентябрда өткөрүүнү сунуш кылды, ал эми Харристин штабы октябрда деп жатат.
10-сентябрдын кечинде Филадельфиядагы Пенсилвания конференц борборунда АКШ президенттигине талапкерлер Дональд Трамп менен Камала Харистин теледебаты өттү.
Трамп менен Харристин дискуссиясын АВС телекомпаниясы түз эфирде көрсөттү жана бул дебат шайлоого чоң таасир тийгизип коюшу ыктымал.
Буга чейин Жо Байден менен Трамптын буга чейинки дебатынан кийин, Байден шайлоого талапкер катары чыгуудан баш тартууга аргасыз болгон. Ошентип Ак үйдүн жаңы талапкери вице-президент Камала Харристин саясий чоң жарышка жолу ачылган.
Дебат 90 мүнөткө созулду.












