Камала Харрис бардык америкалыктардын президенти болууга убада берди

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШнын Чикаго шаарында өтүп жаткан Демократиялык партиянын улуттук курултайынын акыркы күнүндө Камала Харрис расмий түрдө президенттикке талапкер болуп аталды жана чыгып сөз сүйлөдү.
Харрис америкалыктарды алдыдагы шайлоону «алга жылуу үчүн эң кымбат мүмкүнчүлүк» катары пайдаланып калууга чакырды.
«Мен билем, бүгүн кечинде бизди ар кандай саясий көз караштагы адамдар көрөт. Менин силерге айтарым: мен бүт бардык америкалыктардын президенти болом деп убада берем, - деди ал. – Мен силердин баарыңарды улуу тилектерге умтулган жолдо бириктирем. Мен силерди уккан жана алга сүрөгөн президент болом».
Харристин сөзү дүркүрөгөң кол чабуулар менен коштолду.
Харрис эгерде республикачыл Дональд Трамп Ак үйгө кайтып келе турган болсо, анын коркунучтуу кесепеттери болорун эскертти.
«Биз билебиз. Трамптын экинчи президенттик мөөнөтү эмне болорун. Мунун баары «2025 Долбоору» деген документте жазылган. Көп жагынан Дональд Трамп олуттуу адам эмес. Ал Ак үйгө кайтып келе турган болсо, анын кесепети олуттуу болот».
Анын айтымында, Трамп өлкөнү артка ыргытат. «Бирок биз өткөнгө кайтпайбыз», - деп бир нече жолу кайталады.
«Мен биздин өлкөнү бүт жүрөгүм менен сүйөм. Каякка барсам да, ким менен жолуксам да, мен алдыга умтулган улутту, кезектеги кадамга жана Америка деп аталган керемет саякатка даяр экенин көрүп турам».
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Харристин сөзү төрт күндөн бери болуп жаткан курултайдын кульминациясы болду. Бул убакытта азыркы президент Жо Байден, Билл жана Хиллари Клинтон, Барак жана Мишель Обама, Өкүлдөр палатасынын азыркы төрайымы Нэнси Пелоси, ошондой эле Харристин президенттик жарыштагы өнөктөшү Тим Уолз чыгып сүйлөдү.
Июлда республикачылдардын курултайы өткөндөгүдөй эле зал атактуу адамдарга толду. Теле жылдыз Опре Уинфри менен рэпер Лил Джонго музыканттар Стиви Уандер менен Джон Ледженд кошулуп чыгышты.
Курултайга Бейонсе жеТейлор Свифт да келет деген сөз да жүрүп жатты.
Байден бир ай мурда партиялаштарынны кысымы астында шайлоо алдындагы жарыштан чыгып кеткенден кийин Харрис Демократиялык партиянын атынан талапкер болуп калды.
Харрис өзүнүн жеке таржымалы жана прокурордук кызмат карьерасы жөнүндө көп айтты, кыскача эл аралык темаларга да токтоло кетти. Эгер шайланып калса, Украинаны колдоо саясатын улантарын билдирди.
«Мен Украина жана биздин НАТОдогу союздаштар тарапта бекем турам»,-деди.
Анын айтымында, Россия толук масштабуу кол салып киргенден кийин ал Украинага агрессиядан коргонууга жардам берип, "глобалдык жооптуу мобилизация» кылууда.
Би-Би-Си кабарчысы Энтони Зуркер курултайдан жазгандай, Харрис өзүнүн сөзүндө негизги эң маселелерге токтоло кетти – жеке тарыхын айтты, биримдикке чакырды, орто класска багытталган экономикалык жана социалдык саясаттын максаттарын билдирди, Дональд Трампты сындады.
Бирок бул саясий жыйынга соңку күндөрү байкоо салгандардын баамында анын сөзүндө жаңылык аз болду. «Бул америкалык эң чоң аудиторияны тартуунун жөн гана жаңы ыкмасы болду»,-дейт Зуркер.
АКШдагы негизги эки партиянын саясий курултайлары ар бир төрт жылда президенттик шайлоонун алдында өткөрүлөт. 1830-жылдары президент Эндрю Жексонду колдогон демократтардын тобу аны экинчи мөөнөткө көрсөтүү үчүн чогулган, ошондон бери бул салт болуп калды.
Чикагодогу демократтардын жыйынына жалпысынан 50 миң адам катышты.
Харрис менен Уолз курултай боло электе эле талапкер болуп көрсөтүлгөндүктөн, жыйындын өзүндө катышуучулар жана делегаттар негизинен партиянын платформасын талкууга алышты.
Платформанын долбоору жарыяланган, анда кеңири маселелер каралган. Мисалы, инфляцияны азайтуу, климаттык өзгөрүүнүн кесепеттерин жумшартуу, ок атуучу куралдарды колдонуу менен зордук-зомбулук кылууга каршы күрөшүү сыяктуу маселелер бар.
Демократтар өздөрүнүн планын «2025 долбооруна» каршы коюуда, анда Дональд Трамптын экинчи мөөнөтү кандай болору жазылган.
Автору «Мурас» фонду. Экс-президенттин өзү бул долбоордон алыс болууга аракет кылууда, а чынында бул долбоорду жазууга анын бир нече союздашы катышканы белгилүү. (КС)












