Индиялык иммигрант, окумуштуу: Камала Харристин апасы жөнүндө эмнелерди билебиз?

Шьямала Гопаланды Америкада окуусун аяктаган соң Индияга кайтып келет деп күтүшкөн

Сүрөттүн булагы, kamala harris

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шьямала Гопаланды Америкада окуусун аяктаган соң Индияга кайтып келет деп күтүшкөн

АКШ президенттигине Демократтар партиясынан талапкер болгон Камала Харрис лидер аялдардын арасында жылдызы жанып, аялзатына дем берген негизги фигуралардын бирине айланды. Анын атасынын аты анын азыркы жана негизги атаандашы болгон Дональддын ысымы менен уйкаш. Бир айырмасы Дональд Харрис экономист жана профессор. Дональд Трамп жакында эле Харристин атасын "марксист" деп сынга алды. Биз бүгүн Камаланын атасы эмес, апасы жана ага байланышкан кызыктуу окуяларды баяндайбыз.

Жо Байдендин Дональд Трамп менен ийгиликсиз теледебатынан кийин Камала Харристин чоң саясаттагы жолу ачылды. Ошондон улам анын таржымалына, баскан жолуна жана ишмердигине кызыккандардын саны арбыды.

Камаланын адам укуктарын коргоого умтулуусуна өз апасы Шьямала Гопалан чоң таасир эткенин көп айтат. Камала Харристин саясий көз карашын түшүнүү үчүн ага эбегейсиз шык берген апасынын таржымалын, таасирин билүү маанилүү.

Камала Харрис апасы менен

Сүрөттүн булагы, kamala harris

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Камала Харрис апасы менен

Кызынын келечегин кыштай кынаган

Камала Харрис АКШнын вице-президенти катары суурулуп чыккан теги индиялык биринчи аял. Американын учурдагы саясатындагы негизги оюнчулардын бирине айланды.

Камала Харристин апасы Шьямала Гопалан кызынын дүйнө таанымын жана мамлекеттик кызматка умтулуусун калыптандырууда негизги ролду ойногон. Шьямала 1958-жылы 19 жашында Берклидеги Калифорния университетинде окуусун улантуу үчүн АКШга келген индиялык иммигрант болгон. Ал жерден эндокринология боюнча докторлук даражасын алып, карьерасын эмчек рагын изилдөөгө арнап, белгилүү окумуштуу болгон. Анын иши медицина илиминде олуттуу жетишкендиктерди алып келди. Бул Камала Харристин билимге олуттуу мамиле кылуусуна жана бийик максаттарга умтулуусуна шык берген.

Шямала Гопаландын ата-энеси АКШда окугандан кийин Индияга кайтып келет деп күтүшкөн. Ошол кездеги салттуу индиялык үй-бүлөлөрдө көп кездешкендей, ал чет өлкөдө окуусун аяктап, андан кийин карьерасын жана жеке жашоосун куруу үчүн мекенине кайтып келет деп ишенишкен. Бирок ал ата-энесинин үмүтүнө карабастан коомдогу терс көрүнүштөргө каршы чыгууну тандап, АКШда калып, ошол жерде кесиптик жана жеке жактан өнүгүүнү чечти. Бул ага биомедицинада ийгиликтүү илимий карьера курууга гана эмес, тандоо эркиндиги жана көз карандысыздык бааланган чөйрөдө өсүп-өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берип, балдарынын келечегине таасир эткен тайманбас кадамы болду.

Камала Харрис өзү энесинин жашоосуна тийгизген таасирин бир нече жолу баса белгилеген. Ал өзүнүн автобиографиясында "The Truths We Hold": (Биз таянган чындыктар) менин ким экенимди жана ким болорумду апам гана түшүндүргөн деп жазган.

Камала энесинин тажрыйбасынын негизинде коомдук адилеттүүлүк, теңдик үчүн күрөш жана өзүн-өзү тарбиялоо өтө маанилүү экенине ишенген.

Шьямала кыздары Камала менен Майяны тарбиялоодо илим менен эле чектелген эмес. Аларды бала күнүнөн жарандык позиция жана укугу тебеленген, кор болгон катмардын жыргалчылыгы үчүн күрөшүүгө таптап келген.

Бала кезинен баалуулуктарын калыптандырган

Шьямала Гопаландын студенттик жылдары

Сүрөттүн булагы, kamala harris

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шьямала Гопаландын студенттик жылдары
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ийгиликтүү илимий карьерасынан тышкары Шьямала Гопалан өзү дагы 1960-жылдары АКШдагы "Жарандык укуктар кыймылынын" жигердүү мүчөсү болгон. Камала Харрис 2020-жылы Elle журналына берген маегинде "апам мени кичинекей кезимде эле адам укуктары боюнча митингдерге кошо ээрчитип жүргөндүктөн бала экениме карабай ал адамдар маанилүү нерсе үчүн күрөшүп жатышканын түшүнчүмүн" деп айткан.

Камала Харристин ата-энеси Дональд жана Шямала 1960-жылдардын башында Калифорниядагы Беркли университетинде окуп жүргөндө таанышкан. Экөө тең жарандык укуктар кыймылына активдүү катышкан жана афроамерикалык студенттик бирикменин мүчөлөрү болушкан.

Шьямала колониялык Индияда жашаган тажрыйбасы бар адам катары коомдук бирикмеге кабыл алынган. Дональд менен Шьямала жыйналыштардын биринде жолугушкан.

Анда Дональд Ямайкада Британиянын колониялык башкаруусу астында жашаган өтмүшү жөнүндө сөз сүйлөгөн. Алар 1963-жылы баш кошуп, сегиз жылдай чогуу жашап, 1970-жылдардын башында эки ажырым жолго түшкөн.

Тек-жайын терең урматтаган

Шьямала кыздарына көз карандысыздыкты жана тоскоолдуктарга карабай өз жолу менен басууга, кайраттуулукка үйрөткөн. Ал ийгиликке жетүүнү гана эмес, ага чейинки жолдогу кыйынчылыктардан коркпоо маанилүү экенин сиңирген. Бул ыкма Камала үчүн бекем пайдубал болуп берди. Айрыкча ал саясий карьерасында көптөгөн кыйынчылыкка туш болгон, бирок моюн берген эмес.

Мындан тышкары Америка маданиятына жуурулушканына карабастан Шьямаланын тек-жайы Индия менен терең тамырлашкан. Ал көбүнчө Индиянын салттуу тамактарын жасап, улуттук майрамдарын белгилечү. Камала апасы ага ар дайым өз тамыры менен сыймыктануунун маанилүүлүгүн эскертип келгенин айтты. 2019-жылы The New York Times басылмасына берген маегинде Камала "апам мага мурасым менен сыймыктанууну үйрөттү" деди.

Шьямала Гопалан Камала Харрис үчүн укмуштуудай илимпоз жана активист айым гана болгон эмес. Ал күчтүү аялдын жеке жетишкендиктеринин коомго тийгизген таасири менен ийгиликтерин кантип айкалыштырса болорун далилдеген символ болуп калды. Анын мурасы кызынын эмгегинде жашайт, ал апасына окшоп адилеттүүлүк жана теңдик үчүн күрөштө позициясын жактай берет.

(Чехиядагы Карлов университетинин магистранты Жаңыл Ашырбекованын макаласы)