"Алар аны колдонушкан". Украинада каза болгон Замбиялык жигит Орусиянын түрмөсүнөн согушка кантип барып калган?

Орус түрмөсүндө жатып, кийин Украинадагы согушта каза болгон Замбиядан келген 23 жаштагы студенттин үй-бүлөсү Орусиядан болгон окуянын бардык жагдайларын түшүндүрүүнү талап кылууда.

Лемехани Ниренданын эжеси Би-Би-Сиге курган маегинде анын фронтко жөнөтүлгөнү тууралуу туугандары билбегенин айтты.

Музангалу Ниренда бөтөн өлкөдө согушта бир тууганынын каза болушу өтө көп суроолорду жаратканын айтат - биринчи кезекте ага үй-бүлөсүнө согушка алынганын жана согушка жөнөтүлгөнүн айтууга мүмкүнчүлүк берилген эмес жана бул кысым астында жасалган болушу мүмкүн дейт ал.

Дүйшөмбү күнү Замбиянын тышкы иштер министри Стэнли Какубо Украинадагы согушта мурда Орусияда кызмат өтөгөн бул өлкөнүн жараны каза болгонун билдирди. Бул Украинадагы согуштук аракеттерге Орусия тараптан катышууга азгырылган чет элдик жарандын өлүмү боюнча белгилүү болгон биринчи окуя. Замбиянын тышкы иштер министрлигинин башчысынын айтымында, Ниренда 22-сентябрда Украинада "согуш талаасында" каза болгон. Анын сөөгү буга чейин Ростов-на-Дону шаарында жана жакында Замбияга жөнөтүлөт.

Какубондун айтымында, Замбия буга чейин орус тараптан өз жаранынын өлүмүнө жана согушка жөнөтүлүшүнө байланыштуу түшүндүрмө берүүнү талап кылган.

Музангалу Ниренда Би-Би-Сиге: "Биз билбеген дагы көп нерсе бар. Мисалы, эмне үчүн Замбиянын бийликтери анын согушка жөнөтүлгөнү тууралуу эч нерсе билишкен эмес? Аны согушка жибергендер үчүн ал эч ким эмес болчу, аны жөн эле колдонушкан". "Биз аны кантип алып кетишкенин, үй-бүлөсү эмне үчүн эч нерсе билберин билгибиз келет. Балким аны коркутуп, мажбурлашкандыр?" - деп улантты маркумдун эжеси.

Ал Россияга кантип барып калган?

Лемеханинин ата-энеси университетте окутуучулар. Төрт бир туугандын эң кичүүсү болгон.

Музангалу Ниренданын айтымында, агасы 2019-жылы мамлекеттик стипендияга ээ болуп, Орусия менен Замбиянын ортосундагы келишимге ылайык, өзөктүк объектилерди куруунун негиздерин үйрөнүү үчүн Орусияга барган. Ал жакта Москва инженердик физика институтунда (MEPhI) окуган.

Анын эжесинин айтымында, Ниренда курьер болуп иштеген. 2020-жылы ал баңгизат табылган посылка менен кармалган.

"Биз ал жеткирип жаткан пакеттерде эмне бар экенин билбегенине толук ишенебиз. Ал бизге бул тууралуу билбегенин айткан. Алар ага пакетти кайдан алып, каякка жеткирүү керектигин жазышкан экен", - дейт ал. Кийин аны полиция токтотуп, тинтип, баңги затын табышкан. Ал интернет-курьер болуп иштегенин жана посылкаларда эмне бар экенин билбегенин айткан, бирок ал баары бир камакка алынган».

"Сак бол, кабар" аттуу телеграм каналынын маалыматы боюнча, Ниренда Москванын "Кусково" паркында мефедрон менен "кармалган" жана тогуз жарым жылга эркинен ажыратылган. Тергөөнүн жүрүшүндө студент үч "кыстарма" жасоого жетишкенин аныктады, деп билдирет телеканал.

Туугандары дайыма Ниренданын аман-эсен кайтып келишин үмүт кылышчу. Бирок, үй-бүлө мүчөлөрү аны колонияда "ЧВК Вагнер" азгырган болушу мүмкүн деп боолголошот. Акыркы мезгилде аталган компания абактагылардын арасынан "ыктыярчыларды" чогултуп, Украинадагы согуштук аракеттерге катыштыра башташкан. Макулдук бергендерине эркиндикти убадалап келишкени айтылып келет.

Буга чейин көптөгөн ЖМКлар, анын ичинде Би-Би-Синин Орус кызматынын кабарчылары Вагнер аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожинге абдан окшош адам орусиялык абактагыларды Украинага согушууга барууга үгүттөгөнүн жазышкан.

Акыркы телефон чалуу

Орус түрмөсүнө жиберилгенден кийин да, Ниренда Замбиядагы туугандары менен байланышуунун жолдорун тапты. Акыркы жолу ата-энесине 31-августта телефон чалган – бул сүйлөшүү аларды олуттуу тынчсыздандырган.

"Ал ошондо ата-энесине:"Мен эми түрмөдө эмесмин, бирок кайда экеним сыр", - деп айткан. Бул менин ата-энемди, баарыбызды абдан тынчсыздандырды. Биз анын анын эч кандай укугу жок чет өлкөдө түрмөдө экенин билчүбүз, биз эмне болуп жатканына абдан кабатыр болдук, бирок ал эч нерсени ачыкка чыгара алган жок, ата-энем да аны мажбурлай албады», - дейт Лемеханинин эжеси.

Үй-бүлө бул таң калыштуу телефон чалуудан соң Замбиянын бийликтерине билдиришкен жана алар Лемеханинин кайда экенин биле алабыз деп ишендиришкен. Бирок, бир нече айдан кийин Украинадагы согушта каза болгону тууралуу кабар келди.

"Ал жаш болчу, бирок анын өмүрүн "уурдап" кетишти. Анын эгизи бар эле, менин инимден жан шеригин уурдап кетишкен",- дейт эжеси көзүнө жаш алып. Анын абдан көп максаттары бар эле. Ал Москвада кайра Замбияга келип, биздин апабызды багам деп окуп жүргөн. Ал биздин өлкөдө жаңы жашоо курууга салым кошкусу келчү. Бирок аны бизден уурдап кетишкен. Бизде эч кандай жооп жок, тек гана суроолор. Биз анын сөөгү мекенине кайтып келип, өз жеринде тубөлүк жай алышын каалайбыз. Биз аны жакшы көргөндөрдүн жанына кайтарылып берилишин каалайбыз. Ошол эле убакта суроолорубузга да жооп алгыбыз келет».

Замбиянын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, өлтүрүлгөн студенттин сөөгү Ростов-на-Донуга жөнөтүлгөн, ал жерде Лусакадагы мекенине жөнөтүлүүгө даярдалат. Каза болгон студент тууралуу Замбиянын Тышкы иштер министрлигине Би-Би-Си суроо менен кайрылды. Азырынча га жооп жок.

Замбия Москва менен мамилесин бузгусу келбеген көптөгөн африкалык өлкөлөр сыяктуу эле Украинадагы согушка карата бейтарап позицияны карманып, бирок ар кандай аскерий аракеттерди айыптайт деп ырастоодо. (MD)