Түрмөдөн түз эле согушка. Орусия абагынан чыккан "ыктыярчылар" кимдер?

Элдияр Бакиров, Би-Би-Си Бишкек

Орусияда уюшулган жеке менчик “Вагнер” аскердик компаниясы (“ЧВК Вагнера”) Орусиянын ондогон түзөтүү колонияларын кыдырып, соттолгон адамдарды Украинадагы согушка тартып жатканы айтылууда. Камактагылар жана алардын жакындары укук коргоо уюмдарына жардамга кайрылып жатышат, ал эми юристтер “Вагнердин” аракеттерин “мыйзамсыз” деп жатышат.

Ал арада “Вагнер” колониялардан “ыктыярчыларды” кабыл алуу кампаниясын дале улантып жатканы сөз болууда. “Медиазона” басылмасы “ЧВК Вагнера” тобунун жетекчилеринин бири делген олигарх Евгений Пригожин жадагалса өзү да колонияларга барып, арестанттарды Украинага барууга көндүрүп жатканын жазып чыкты.

“Өлүмдөн коркпогондор жана каракчылар керек”

Июлдун башында Gulagu.net укук коргоо уюму “ЧВК Вагнера” Ленинград облусундагы №6 “Обухово” жана №7 “Яблоневка” түзөтүү абактарында кармалгандарды Украинадагы согушка тартып жатканын маалымдаган

Көп өтпөй бул маалыматты “Важные истории” басылмасы да ырастады - журналисттер Украинада жарым жыл кызмат өтөгөн “ыктыярчыга” амнистия жана 200 миң рубль сунушталганын тактаган. Ал эми каза болгон соттолуучулардын үй-бүлөсүнө 5 млн рублдук кенемте каралган. Согушта жарадар болгондорго 300 миң рубль төлөнөт.

Донбасска жиберилген “ыктыярчылардын” биринин тууганы “Важные истории” басылмасына билдиргендей, алгач арестанттарга алар “Украинадагы инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн” жиберилип жатканын билдиришкен. Бирок көп өтпөй алар согуштук аракеттерге катыша турганы белгилүү болгон.

“Эмне үчүн макул болду? Ал “алты айдан кийин мекениме кайтып, соттуулугум жоюлат” деп үмүттөнгөн. Мындан тышкары, алты ай өтүп, кимдир бирөө кызматын уланткысы келсе, бул компания жумуш менен камсыздайт экен”, - деди соттолуучулардын жакындарынын бири.

Ал эми июлдун аягында “Вагнер” Орусиянын башка региондорундагы абактарын да кыдырып жатканы ачыкталды. “Ыктыярчалрды” Украинадагы согушка жиберүү кампаниясына олигарх Евгений Пригожин өзү да катыша баштаганы кабарланган - ал “Вагнердин” жетекчилеринин бири экени айтылат, бирок ишкер бул маалыматты четке кагып келет.

“Вёрстка” басылмасы “Русь сидящая” укук коргоочу уюму менен биргеликте “ЧВК Вагнера” Орусиянын 17 колониясынан миңден ашуун “ыктыярчыны” азгырып көндүргөнүн жазып чыкты. 5-августка карата кеминде беш соттолуучунун Украинада өлгөнү тастыкталды, дагы 16сы жарадар болуп, Лугансктагы ооруканада дарыланууда.

“Русь сидящая” уюмунун маалыматына караганда, “Вагнердин” өкүлдөрү өткөргөн жолугушуулардан кийин арестанттардын орто эсеп менен 20 пайызы болочок жалданма аскерлердин катарына кошулууга макул болот. Бирок “ЧВК Вагнера” алардын баарын ала бербейт.

Укук коргоочулар жалдап жаткан тарап биринчи кезекте “киши өлтүрүү” жана “каракчылык” беренеси менен соттолгондорду тандап жатышканын билдиришти. Ал эми баңгизат же жыныстык кылмыштарга байланышы барлар тандоодон өтпөйт. Ошондой эле, “Вагнер” ден соолугу начар же улгайган соттолуучуларды албайт.

“Биз куралдуу күчтөр эмес, аскерлештирилген уюшкан кылмыштуу топпуз”

“Медиазона” басылмасы июлдун аягында колонияларда Владимир Путиндин жакын адамы, олигарх Евгений Пригожин дагы байкалганын маалымдады. Журналисттердин айрым колонияларда отурган булактары бул маалыматты тастыкташкан.

“Баарыбызды плацка алып чыгышты, жадагалса майыптарды, карантиндегилерди, улгайгандарды, медициналык бөлүмдөгү бейтаптарды. Аянтчага жете ала тургандардын баарын. Өнөр жай аймагында иштегендерди да аянтчага кууп чыгышты. Болгону СУС, БУР жана ШИЗОдо кармалгандар чыгарылган жок”, - деди камалуучулардын бири “Медиазонага”.

Булак “Вагнердин” үгүтчүсү сегиз кишинин коштоосунда келгенин айтты - алардын үчөөсү куралчан болгон. Ал бул киши Евгений Пригожин болгонуна “1000% так кесе айта аламын” деди.

Соттолуучу жолугушууга 1,5 миңге чукул киши келгенин билдирди: “вагнерчилер” аларга “азыр Үчүнчү дүйнөлүк согуш болуп жатканын” жана “Орусия үчүн согушууга мүмкүнчүлүк бар” деп айтышкан.

“Биз куралдуу күчтөр эмес, чыныгы аскерлештирилген уюшкан кылмыштуу топпуз. Менин жигиттерим Африка өлкөлөрүнө кирип, эки күндүн ичинде баарын талкалайт, эми Украинада да душмандарын жок кылып жатышат. Сиздин ЧВКда кызмат кылуу жөнүндө чечимиңиз - шайтан менен түзүлгөн келишим. Мени менен бул жерден кетсеңер же эркин адам болуп кайтасыңар, же өлөсүңөр. Силерден душмандарды өлтүрүп, жетекчиликтин буйругун аткаруу талап кылынат. Артка кайткандар ошол жерде атылат”, - деп чечмеледи Пригожиндин сөздөрүн камалуучу.

Үгүтчү айына 100 миң рубль маяна жана “ошончо эле премия” убадалаган. Ал эми “татыктуу” өлүм үчүн - үй-бүлөсү үчүн 5 млн рубль. Мындан сырткары, Пригожин баары расмий түрдө түзүлүп, өлүп калуу шансы 15%, жарадар болуунун 25% экенин айткан. 

Согуштан качкандар, баңгизат колдонгондор же мародёрчулук менен алектенгендерге өлүм жазасы каралган, деп кошумчалады “Медиазонанын” маектеши.

“Верстка” басылмасы Пригожинден комментарий алуу үчүн ал ээлик кылган “Конкорд” компаниясынын басма сөз кызматына кайрылган. Олигарх абакта “1980-жылдары болгонун” айтып, бирок акыркы айда соттолуучуларды “ЧВК Вагнера” тобуна кабыл алганы тууралуу маалымат берген жок.

Соттолуучуларды согушка жиберүү мыйзамсыз

“Русь сидящая” фондунун башчысы Ольга Романова соттолуучуларды согушка жиберүү юридикалык жактан мыйзамсыз экенин билдирди. Бул процедура үчүн мыйзам жок дейт Романова.

Азыркы учурда Орусияда соттолуучуларды жатак абагына которууну жеңилдетүү боюнча мыйзам долбоору каралууда. Укук коргоочулар бул мыйзам кабыл алынса соттолуучуларды согушка жиберүү мыйзамдаштырылат, анткени жатак абагындагы соттолуучулар жумушка орношо алышат.

"Бул окуя толугу менен мыйзамга туура келбейт, - дейт Ольга Романова. - Биздин юристтерди азгырылгандарга жолотпой жатышат. Бул боюнча бизге кайрылган туугандардын ичинен эки аял гана күрөшүүгө даяр. Калгандары акчага гана кызыкдар”.