“Ал жакта чыныгы тозок”. Орус ыктыярчылары Украинадагы согушка кантип жөнөтүлөт?

Москва “ыктыярчы” деп атаган жүздөгөн куралчан киши жума сайын Украинадагы согушка жиберилет. Би-Би-Сиге белгилүү болгондой, ыктыярчылардан турган бөлүктөр азыр фронттун эң активдүү аймактарында согушуп жатат. Ошол эле учурда, жаңы топтолгондорду жөнөтөрдө аларды үч күндөн жети күнгө чейин даярдашат.

“Апрелде аскер комиссариатынан чалышып, ыктыярчы катары барууну сунушташты. Айлыгы 130 миң [рублдан], тамак-аш, форма менен камсыз кылышат, жол киреси бекер, жолго чыгым болбойсуң дегеним. Бирок эң негизгиси, насыяларды төлөөгө жардам берүүнү убадалашты”, - дейт Уралдагы шаарлардын биринин тургуну Дмитрий (аты-жөнү коопсуздук үчүн өзгөртүлдү).

Дмитрийдин айтымында, ага жана 2000-жылдардын башында Чеченстанда аны менен бирге согушкан куралдаштарына аскер комиссариатынан “үч-төрт жолу” чалышкан. Ал алгач чалууларга көңүл бурган эмес, бирок жумушсуз калгандан кызыга баштаган, анткени насыя төлөө оңой эмес.

“Менин көзүмчө бирөө инсульт менен жыгылды”

Украинадагы согушка орусиялык ыктыярчылар үч жол менен бара алышат:

  • Коргоо министрлиги менен кыска мөөнөттүк ккелишим түзүү;
  • Чеченстанга келип, Росгвардия менен үч айлык контракт түзүү;
  • Донецк жана Луганск элдик республикаларынын (ДЭР жана ЛЭР) куралдуу түзүмдөрү менен контракт түзүү (бул жол анча тандалбайт, анткени Донецк жана Лугансктагы аскер кызматчыларынын айлыгы Орусияга салыштырмалуу бир топ төмөн. Ошондой эле жарадар же каза болгондорго кенемтенин өлчөмү азыраак).

Ошондой эле "ЧВК Вагнер" делген топко жумушка орношуп, согушка барса болот. Бирок бул адамдарды ыктыярчы эмес, кесипкөй согушкер деп атоого болот.

Дмитрийге согушка Коргоо министрлиги аркылуу баруу башка варианттарга караганда оңой жана ишенимдүүрөөк көрүндү. Көпчүлүк бул жолду тандашат, анткени аскер комиссариаты ар дайым жакын жерде жайгашкан жана башка шаарга же аймакка баруу үчүн акча, убакыт коротуунун кажети жок.

"Ошо, мен бардым. Медициналык кароосуз эле кабыл алышты. Алар тезирээк [аскерлерди] жиберүү планын толтурушу керек окшойт, ошондуктан текшерүүгө, медициналык кароого убактысы жоктой. Бир нече күндө баарын чогултуп, алып кетишти. Түндө аскер бөлүмүнө келдик. Эртең менен кийиндиришти: берцы, форма, жабдыктардан мага советтик үлгүдөгү кийимдер үчүн мүшөк, чачык, самын жана советтик ич кийимдерди беришти. Меникинде 1960-жыл деген мөөр турган”, - деп сөзун улады Дмитрий.

Анын айтымында, ошол кезде мындан ары Украинага кетүү боюнча алгачкы жолу күмөн пайда болгон.

“Куралдар көп, баары жакшы сапатта, майланган. Ок-дарылар да. Бирок жакшы жактары ушуну менен бүтөт. Полигондо баш аламан, офицерлер бизди *** ойнобойт (баары бир). Тактика боюнча машыгуу жок, жеке курамдын биримдиги жок. Мен ошондо эле нес болуп калдым. Кээ бирлери колуна автомат кармап да көргөн эмес, өмүрүндө танк көргөн эмес, бирок бир нече күндөн кийин согушка жөнөштү. Курамды даярдап, ок аттырыш керек да, туурабы? Берцалар бутту өйкөйт, аны кийип керип-чоюу зарыл, берцадан экинчи күнү эле бутуңа чор пайда болот. Муну билип, өзүмдүн бут кийимим менен келдим, бирок баарыбызды берилген [берцалар] менен басууга мажбурлашты”.

Марттын башында Орусиянын Коргоо министрлиги HeadHunter сыяктуу жумуш издөө боюнча популярдуу сайттарда миңдеген вакансияларды жарыялай баштады. Орус армиясы менен кыска мөөнөттүү келишим түзүүнү сунуштаган жарнамалар Орусиянын көптөгөн шаарларынын подъезддеринде жана коомдук транспортторунда пайда болду.

Социалдык абалы начар бир топ аймактар ​​үчүн мындай контракт менен аскер кызматын өтөө акча табуунун бирден-бир мүмкүнчүлүгү сыяктанат. Мисалы, Нижнекамск военкоматы ыктыярчыларга айына 200 миң рубль өлчөмүндө жөлөкпулдарды убадалайт - бул шаардагы орточо айлыктан беш эсе жогору. Коргоо министрлигинин сунушун буга чейин согуштук аракеттерге катышпаган кишилер да кабыл алышат.

Дмитрийдин айтымында, ал барган Ростовдогу пунктта ыктыярчылардын көбү 45 жаштан улуу болушкан. Алардын баары эле соо болгон эмес.

“Албетте мен бул пенсионерлерди түшүнөм. Алар ал жерге мекенчилдик сезими менен келишкен. Бирок көбү курсактуу, жарымы минус беш же андан да төмөн [диоптриялык] көрсөткүчтөгү көз айнекчендер. Катарда турганыбызда менин көзүмчө бир киши инсульт менен жыгылды. Кыскасы, баарын көргөндөн кийин бул "бир жакка билет" экенин түшүндүм”.

Аскер бөлүгүндө үч күн жүргөндөн кийин Дмитрий үйүнө кайтууну чечти.

“Биз контрактка кол коё элек болчубуз. Бизди атууга катарга тургузганда мен жөн эле баш тарттым. Мени менен дагы беш киши катардан чыкты. Бул жөн эле алаңгазардык, мындай тамашалардын кереги жок”, - дейт ал.

Лагерде калган кишилер, Дмитрийдин айтымында, бир күндөн кийин Украинага которулуп, андан кийин Изюм үчүн салгылашууларга катышкан.

"Биз бир жигит менен байланыштабыз. Ал бир ай кызмат өтөп жарадар болгондон кийин кайтып келди. “Кыйын болду, араң аман калдым” дейт. Грозный аркылуу келген ыктыярчылар жардам беришиптир. Ал жакта тактикалык медицина боюнча жакшы машыгуулар өткөрүлөт окшойт, ошондой эле биринчи жардам аптечкасы дурус. Алар аны ороп, чыгарышыптыр. Болбосо ал кансырап өлмөк”.

Чеченстан аркылуу жол

Чечен бийлиги социалдык тармактарда Орусиянын спецназ университетинин базасында ыктыярчыларды даярдоо боюнча видеотасмаларды жана отчетторду байма-бай таратууда. Алар техника жана тамак-аш менен толук камсыз кылууну, жадагалса Грозныйга кеткен жол акысын кайтарып берүүнү убадалашат.

“Мен военкоматтан өтө албадым. Жашым 48де, колумдан жаракат алгандыктан аскерге барган эмесмин. Чеченстан аркылуу өтүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин көрүп, жанданып кеттим. Грозныйга келип, мэрияга кирдим жана ыктыярчы катары согушка баруу ниетимди айттым. Мени Гудермеске алып кетишти”, - дейт Алексей (аты коопсуздук үчүн өзгөртүлдү).

Гудерместе Орусиянын спецназ университетинин базасы жайгашкан - ал Рамзан Кадыровдун демилгеси менен атайын багыттагы бөлүктөрдү даярдоо үчүн түзүлгөн жеке окуу жай. Университеттин окутуучулар командасын ФСБнын “Альфа” спецназынын мурдагы офицери Даниил Мартынов жетектейт. Би-Би-Си Мартыновдун үнүнө окшогон киши бир нече ай бою Украинага басып кирүүнүн деталдуу планын даярдоого катышканын аныктады.

“Спецназдын университетинде даярдоо абдан сонун өтүп жатат, окутуучулар күчтүү. Эртең менен ойгоносуң, тамактанасың калган күн машыгуулар. Кантип жөрмөлөп, кантип ар кандай абалдан атуу керек, кутучаны кантип тез алмаштыруу керек, ок тыгылып калса эмне кылуу керек. Гранатомёттон атууну да үйрөтүштү. Тактикалык сабактар ​​баа жеткис. Мен мунун баарын кийинчерээк айылда иштеп жүргөндө эстедим”, - дейт Алексей.

Тактикалык жана ок атуучу машыгуулардан сырткары ыктыярчылар идеологиялык окутуулардан да өтүшөт.

“Бизге жашыруун документтерди көрсөтүштү. Анда Донбасс жана Орусияга чабуул жасоого даярдыктар тууралуу айтылган. Путин бул операцияны баштабаганда биздин шаарлар өрттөнүп жатмак”, - деген ишеничте Алексей.

Кеп Орусиянын Коргоо министрлиги март айында жарыялаган Украинанын Улуттук гвардиясын таандык делген алты барактан турган документ жөнүндө болуп жатса керек. Аныктыгын текшерүүгө мүмкүн болбогон буйрукта Украинанын Улуттук гвардиясынын айрым бөлүктөрүнө Польшага чектеш Львов облусундагы базада аскердик координациялык машыгууларын уюштуруу айтылган. Документте Донбасска же Орусияга каршы чабуул тууралуу эч кандай сөз болгон эмес, бирок орус аскерлеринин Украинага басып киришинин биринчи баскычында Орусиянын коргонуу мекемеси жана орус мамлекеттик маалымат каражаттары бул тууралуу көп айтып келишкен.

Алексей жана анын 200гө чукул кызматташтарын Украинага жиберүү үчүн даярдыктар 10 күнгө созулду. Ал Гудермеске майдын башында келген, ал эми 15-майда Украинанын Луганск облусунда фронтко кирген. Майдын аягында Гудерместеги ыктыярчыларды окутуу мөөнөтү кыскартылып, азыр ал бир апта гана болот.

"Менимче жакшы эле. Мындай окутуучулар менен убакыт жетиштүү. Алар согуш үчүн керектүү билимди гана беришет. Мага абдан жардам берди", - дейт Алексей.

Аскердик эксперттер Алексей менен макул эмес. Адистер белгилегендей, 7 же 10 күндүк машыгуу согуштук тажрыйбасы барлардын көндүмдөрүн жаңыртуу үчүн гана жетиштүү болушу мүмкүн. Салыштыруу үчүн айтсак, СССРдин жоокерлери Ооганстанга жөнөтүлгөнгө чейин 4-6 айга жакын окутуудан өтүшкөн.

“Ал жакта чыныгы тозок”

Гудерместе Алексей жана аны менен бирге келген ыктыярчылар Росгвардия менен үч айлык контракт түздү. Андан соң алардын батальону Луганскка которулду.

“Биз келгенде ал жакта тозок, чыныгы тозок болчу. Менин батальонумда Сирияда согушкан жигиттер да бар эле. Алар *** [абдан таасирленди]. Алар Украинада болуп жаткан окуялар Сириядагыга такыр эле окшобой турганын айтышты. Атышуулар катаал, салгылашуулар оор”.

Алексей Рубежныйды басып алууда биринчи жолу жарадар болду.

“Украиналыктарда, албетте, технология жагынан баары жакшы ойлонуштурулуптур. Биз ок астында калдык, жаттык, башымды көтөрүп карасам үстүбүздө коптер турат - анын жардамы менен алар атууну түздөп жатышкан окшойт. Аткылоо аяктагандан кийин биз позицияны алмаштырганы чуркадык, бул коптер артыбыздан учуп кетти, көп өтпөй бизди кайра аткылап башташты. Ошондо мен биринчи жолу контузия болдум”, - деп айтып берди Алексей.

Ага Северодонецкке алып барган жолдогу кыштактарды тазалоо эң кыйын болгон.

“Биз айылга дээрлик урушсуз кирдик. Алар жадакалса кубанышты. Украиндер токойго чегиништи. Бирок кийин башталды. Бизди миналар жана "граддар" [жапырт атуу реактивдик системалардын снаряддары] менен жөн эле күйгүзүп тазалашты. Бул чындап эле коркунучтуу. Айылда дагы эле адамдар калган болчу - көбүнчө улгайгандар. Мен бир үйгө кирип, аларга: “Бул жерден кеткиле, атып жатышат” дедим. Бирок алар эмнеге кетишибиз керек, өмүр бою ушул айылда жашадык деп жооп беришти. Анан бул үйгө бутага алынды, алар күйүп кетишти”, - дейт Алексей.

Алексейдин айтымында, анын Гудерместен келген взводу дээрлик дайыма алдыңкы катарда турган.

Коргоо министрлиги жана Росгвардия менен контракт түзгөн дал ушул ыктыярчылардын отряддары менен “ЧВК Вагнердин” согушкерлери Орусиянын фронтундагы негизги чабуулчу күчтөрү болуп саналат. Муну орус тараптын салгылашуулардын башында турган Би-Би-Синин эки булагы ырастады.

Булактардын айтымында, учурда аскердик бөлүктөрдү сактап калуу аракеттери жүрүүдө, анткени алар Украинадагы согуштун биринчи айларында көптөгөн жоготууларга туш болушкан.

Орусиялыктардын тастыкталган жоготууларынын негизинде Би-Би-Си жасаган анализдин маалыматтары биздин булактардын байкоолорун ырастайт.

Башкаларга караганда көбүрөөк каза болушабы?

Би-Би-Си ачык булактарына таянып, 20-июнга карата Украинада каза болгон кеминде 155 орусиялык ыктыярчынын аты-жөнүн аныктады. Май айына чейин орусиялык маалымат каражаттары ыктыярчылардын өлүмү тууралуу такыр сөз кылган эмес.

Би-Би-Си Mediazona (Орусияда "чет элдик агент медиа" катары таанылган) жана волонтерлор тобу менен биргеликте чогулткан маалыматтар жоготуулардын чыныгы деңгээлин ачыктабайт, анткени биз ачык түрдө тастыкталган өлүмдөргө гана таянабыз. Бирок топтолгон маалыматтар согуш учурунда орус армиясы эмне болуп жатканын түшүнүүгө жана анализдөөгө мүмкүндүк берет.

Каза болгон ыктыярчылардын саны ылдам өсүп жатат – жума сайын дагы 30-40 адам дүйнө салганы тууралуу маалымат келүүдө. Башка категориядагы аскерлердин өлүмү тууралуу мындай ыкчам кабарланбайт.

Белгилей кетчү жайгдай - каза болгон ыктыярчылардын 57 пайызы 40 жаштан улуу кишилер (50 жаштан ашкан 25 киши согушка чыккан). Бул орус аскерлеринин башка категорияларынын арасындагы жоготуулардын динамикасынан бир топ айырмаланат - белгиленген жоготуулардын 47 пайызы 18 жаштан 26 жашка чейинки аскерлерге туура келет.

Алексей согуш мезгилиндеги мыйзамдарга таянып, өз бөлүгүндөгү жоготуулар тууралуу айтуудан баш тартты. Анын жанында танктын снаряды жарылгандан кийин ал июнь айынын башында катардан чыккан.

Азыр Алексей Санкт-Петербургдагы ооруканалардын биринде дарыланып жатат, ал кызматка кайтууну каалайт. Бирок дарыгерлердин прогноздору капалантат. Үч контузиядан кийин Алексейдин оң кулагынын угуусу калыбына келбей калышы мүмкүн. Ошондой эле, анын оң колунун калыбына келүүсүнө ишенич жок - маанилүү нервдердин бири снаряддын сыныгы менен үзүлгөн.

"Каттуу баш оорулар бул эң кыйыны. Мен дээрлик уктабаймын. Бирок мен ар дайым шайырмын. Дарыгерлер менин психикам абдан катуу чыңалып калганын айтышат. Кээ бир дары-дармектерди жазып беришкен, бирок ичким келбейт, - дейт Алексей. - Эми эмне кыларымды билбейм. Ар дайым салгылашууларды, ал жакта кандай болгонун эстейм. Менин башым дагы эле ошол жерде". (ЕВ)