“Биздин военкоматта уланып жатат”. Бийлик мобилизация аяктаганын жарыялады, бирок орусиялыктарга чакыруу кагаздар келүүдө

Сергей Шойгу 28-октябрда Владимир Путин менен жолугушууда жарым-жартылай мобилизациянын алкагында 300 миң адам тартылганын айтты. Бирок буга карабастан Орусиянын айрым аймактык аскер комиссариаттары эркектерге чакыруу кагазын жиберип жатышат. Формалдуу түрдө президент мобилизацияны токтотуу жөнүндө жарлыкка кол койгонго чейин аскерге чакыруу үчүн негиздер сакталып кала берет.

"Аны [мобилизацияны] аяктоо жөнүндө жарлыкка кол коюу керекпи же жокпу - юристтер менен сүйлөшөм. Бирок ал аяктады", - деп ишендирген Владимир Путин 31-октябрда.

Би-Би-Синин орус кызматы Путиндин билдирүүсүнө карабай военкоматка чакырылган орусиялыктардын окуяларын чогултту.

Мажбурланган “ыктыярчылар” жана текшерүүлөр

Санкт-Петербургдун тургуну чакыруу кагазын 30-октябрга караган түнү почта кутусунан таап алганын анын кесиптеши Би-Би-Сиге билдирди (каармандар аты-жөнүн ачыктабоону суранышкан). Документте ал 30-октябрда саат 9:00дө военкоматка келиши керектиги жазылган. Ал ижарага алынган батирде жашаганын, бул дарек эч жерде көрсөтүлбөгөнүн айтты. 

Биздин каарманыбыздын Петербургда фирмасы бар, мобилизация жарыялангандан тарта кеңсеге келбей, коомдук жайларга чыкпоого аракет кылган. Аскер комиссариатынын кызматкерлери аны кантип таап алышканы белгисиз. Ал белгиленген убакта военкоматка барган эмес жана мындан ары да жашынмакчы.

Иркутск шаарынын 24 жаштагы тургунуна чакыруу кагазын 31-октябрь күнү кечинде алып келишкен. Ал бир нече күндөн бери үйүнө келбей жүргөн жана үй-бүлө мүчөлөрү анын кайда экенин билишкен эмес. 

“Ал киши [военкоматтын кызматкери] бизге чакыруу кагазын берүүгө абдан аракет кылды, бирок атам аны колуна алган жок”, - деди окуяга күбө болгон аскерге чакырылуучунун эжеси. Анын бир тууганы дарыгер - ал кызмат өтөбөгөн, бирок аскер кызматына милдеттүү деп эсептелет. Военкоматтын кызматкери “бир нече күндүн ичинде комиссариатка келиши керек” деп ага айтып коюуну суранды.

Хабаровскто жашаган Михаилге* келген чакыруу кагазын анын ата-энеси жекшемби күнү алышкан. Михаил мобилизация жарыяланганда эле Орусиядан чыгып кеткен. Апасы аскер комиссариатынын кызматкерине уулу көптөн бери батирде жашабаганын, азыр чет өлкөдө командировкада жүргөнүн айткан. Ал Михаил качан кеткенин сурап, андан кийин чакыруу кагазынын артына “чет өлкөдө” деп жазып койгон.

*Аты өзгөртүлгөн.

Шойгунун билдирүүсүнөн кийин ар кайсы аймактын военкоматтары чакыруу кагаздарын “маалыматтарды текшерүү зарылчылыгы” менен түшүндүрө баштаган. 

“Азыр жиберилип жаткан чакыруу кагаздарын мобилизация катары эмес, маалыматтарды тактоо катары кабыл алуу керек, - деди Курск облусунун губернатору Роман Старовойт. - Бизге запастагы жоокерлердин жаңыланган маалымат базасын түзүү зарыл. Бул жаатта иштерди иретке келтирүү керек”.

Ушундай эле билдирүүнү Пенза облусунун аскер комиссары да жасады. Анын айтымында, 28-октябрдан кийин военкоматка келген аскердик кызмат өтөөгө милдеттүүлөрдүн маалыматын жаңылоо үчүн кесиби жөнүндө, ооруларынын бар-жогу, жашаган жери жана башка суроолор берилет.

Бирок бул сөздөргө карама-каршы келген мобилизация учурлары белгилүү.

Шойгу Путинге пландын аткарылышы тууралуу отчет берген күнү Ивановонун 24 жаштагы тургуну Дмитрий Куценкого ал иштеген “Шуйские ситцы” фабрикасына чакыруу кагазы келген, деп билдирди анын жактоочусу Анастасия Руденко 7x7 телеканалына. Жактоочунун айтымында, анын эртеси күнү Куценко буюмдары менен военкоматка келгенде анын паспортун, чакыруу кагазын жана аскер билетин алып коюшкан. Ал жерден Владимир облусунун Ковров шаарындагы аскер бөлүгүнө жеткирилген.

“Биздин военкоматта уланып жатат”, - деп билдиришти Петербургдагы Выборск районунун аскер комиссариатында.

Ал жерге “Фонтанка” басылмасынын кабарчысы Шойгунун билдирүүсүнөн кийин чакыруу кагазын алган шаар тургунунун атын жамынып телефон чалган. Военкоматтан аскердик билет, паспорт жана чакыруу кагазды алып келүүнү суранышкан, бирок “жеке буюмдарды алуунун кажети жок, анткени дароо аскер бөлүгүнө жөнөтүлбөйт”.

Шойгунун мобилизация аяктаганы тууралуу билдирүүсүнөн кийин Коргоо министрлигинин чакыруу өнөктүгү жана запастагылардын үй-бүлөлөрүнө жардам берүү маселелери боюнча “ишеним телефондору” иштебей калганына Republic көңүл бурду. Эми чалуулар жалпы республикалык мобилизациялык “112” линиясына жөнөтүлүүдө. Басылманын булактары бул линияда иштеген адистер жана ыктыярчылар бардык суроолорго “Объясняем.рф” өкмөттүк сайтындагы маалымат менен жооп беришет деп билдирди.

Эмне үчүн Путин мобилизацияны аяктоо жөнүндө жарлыкка кол койбой жатат?

31-октябрда Хабаровск шаардык думасынын депутаты Тарон Григорян (“Единая Россия”) бир эле учурда эки чакыруу кагазын алганын айтты - аны военкоматка 7 жана 14-ноябрь күндөрү келүүсүн суранышкан. 

"Бирок ошол эле учурда анын себеби такталган жок, башкача айтканда документтерди текшерүү үчүнбү же аскерге чакыруу үчүнбү. Мен муну дароо түшүндүрүүнү талап кылдым, бирок алар баш тартышты", - деди Григорян "Октагон.Восток" басылмасына.

Ошол эле күнү Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков мобилизацияга байланыштуу бардык иш-чаралар токтогонун билдирди. 

“Чакыруу кагаздарын даярдоо жана жеткирүү токтотулду, - деди ал. 31-октябрдан тарта аскер комиссариаттары өз милдеттерин “кадимки режимде” аткарышы керек”.

1-ноябрдан тарта Орусияда аскер кызматына күзгү чакыруу башталды, ал 31-декабрга чейин созулат. Армияга 120 миң адам чакырылышы керек.

Буга чейин америкалык Согушту изилдөө институту (ISW) күзгү чакыруу учурунда мобилизация токтотуларын, анткени аскер комиссариаттары мобилизация менен аскерге чакыруу иштерин бир убакта жасай албайт деп түшүндүргөн.

Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин жарым-жартылай мобилизацияны аяктоо жөнүндө жарлык маселеси боюнча юристтер менен кеңешип, “мындай документтин кереги жок” деген бүтүмгө келгенин 1-ноябрда билдирди. 

“Коргоо министрлиги тарабынан аскер комиссариаттарына чакыруу кагаздарын андан ары таркатпоо боюнча тиешелүү телеграммалар жөнөтүлдү”, - деди Песков.

Укук коргоочу Павел Чиков белгилегендей, мыйзамда мобилизацияны токтотуу каралган эмес. Жарлыкта “жарым-жартылай мобилизациялоо аяктаганга чейин” деген түшүнүк бар, демек, ал акыры аякташы керек. Бирок ал качан аяктайт?

“Мобилизация токтотулса анда бийлик зарыл болгон учурда жаңы жарлыксыз мобилизациялоону жандантуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калат”, - деп белгилейт Чиков.

Мындан тышкары, мобилизация аяктагандандан кийин бардык контрактчылар өз арызы менен аскердик кызматын тапшырууга укуктуу болот - азырынча Путиндин жарлыгы буга тыюу салат. Чиков ошондой эле Коргоо министрлиги мобилизациялоо планын аткарганы белгисиз экенин белгилейт: министр Шойгунун президентке берген отчету юридикалык күчкө ээ эмес.

Мобилизациялангандар контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскерлердин статусуна ээ. Президенттин жарлыгында түзүлгөн контракттар жарым-жартылай мобилизациянын мөөнөтү аяктаганга чейин күчүндө болот деп айтылат. (ЕВ)