You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Москвадагы кыргыз келин: “күйөөмдү согушка алып кетип жатышат”
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Алтынай жана анын жолдошу Касым үчүн бүгүнкү таң бейкапар эле аткан. Бирок күтпөгөн жерден күйөөсүнө аскерге чакыруу келди:
“Москвада келип иштегенибизге көп эле болуп калды. Жолдошум былтыр айдоочулук күбөлүк алайын деп, бирок экзамендерден аны такыр эле кулатып туруп алышты. Аягында өздөрү пара талап кылышып, анан "мейличи эми деги документ алайынчы" дегенде, подстава кылып карматып коюшкан. Күйөөмдүн соттолгон, ай сайын барып “отметкадан” өтүп турчу. Бүгүн да ал жерге барса, күтүүсүздөн ошондой кагаз карматышыптыр”,- деди кыргызстандык келин.
Ал жолдошунун, өзүнүн да орус жарандыгы жок экендигин, юристтерден шашылыш алган кеп-кеңеши жетишсиз болуп, эми Москвадагы кыргыз элчилигине жөнөп жатышканын айтып берди.
Чакырууда жолдошу Касым бүгүн 15.00дөн кечикпей военкоматка келүүсү айтылат.
Россияда мобилизацияга дуушар болгон кыргызстандыктар саны канча, так айтуу кыйын. Бирок коомдук сайттарда орус жарандыгын алган, албаган дагы кыргыздарга Украинадагы согушка чакыруу келип жаткандыгы тууралуу бай-бай айтылып жатат.
Бул маселе бүгүн Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутат Алишер Козуев Россиядагы эки кыргызстандыкка чакыруу келгенин айтып чыкты:
“Мобилизация болгондон бери паника болуп жатат. Акыркы маалыматтар боюнча, биздин кыргыз жарандарына да повесткалар келип баштады [...] Эки факты катталыптыр”, - деди ал. Би-Би-Си депутатка кайрылып, чакыруу келген адамдарга байланышка чыгууга аракет кылып жатат.
Козуев Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте кыска мөөнөттө кыргыз мигранттарына бул көйгөй боюнча түшүндүрмө берүү керектигин айтты:
“Эмне кылышын билбей жатат: же кете албайт, же кала албайт. Ар бир райондондо коомдор бар - ошол коом башчыларын кабыл алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп “кандай, эмне кылабыз” деген иштерди аткарса жакшы болот. Ошондой эле ал жерде [элчиликте] штат жетишпейт: миллиондогон мигранттарыбыз жүрөт, болгону үч юрист бар экен. Кошумча штаттарды ачып берип, ыкчам аракеттерди кылса болот да”, - деди Козуев.
Мобилизация маселесинде кыргыз мигранттарына юридикалык кеңеш абдан зарыл болуп жатканын Мосвада иш алып барган юрист Гулиза Акматсияева да ырастады. Ага бул маселеде кеп-кеңеш сурап кыргызстандыктар күн сайын кайрылып жатат.
“Көбүнчө ата-энелери кайрылып, балдарына чакыруу келгенин айтып, эмне кылсак деп кеп-кеңеш сурашат. Алардын балдарынын орточо жашы 23-24. Бирок чакыруу келгенден кийин биздин деле жардам жетишсиз болуп калат го... Ал жерге тезинен саат мынчада бул жерге келиңиз деп жазышат. Андай кагаз келгенден кийин талашып-тартышуудан деле майнап чыкпай калышы мүмкүн...” дейт, юрист.
Гулиза Акматсияева мобилизация жарыяланганы эрезеге жеткен уулдарынын кийинки тагдырын ойлоп, Кыргызстанга чыгып кеткен кыргыз үй-бүлөлөрү көп болуп жатат, деди. Бирок алар азыр өздөрүнө ашыкча көңүл бурдургусу келбей жаткан маал.
Россияда 1 миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Алардын жарымында орус паспорту бар экени да айтылат. Бирок алардын көбү кыргыз жарандыгынан да баш тарткан эмес. Бирок эки өлкө ортосунда кош жарандыкты тааныган келишим жок. Андыктан Россия Украинадагы согушка эки өлкөнүн жарандыгын алып жүргөн мигранттарды да айдап жаткан фактылар чыгууда.
Буга чейин Москвадагы кыргыз элчилиги да орус паспорту бар кыргызстандыктар орус жарандары деп эсептеле турганын эскерткен.
“Мекенди коргош керек болсо коргошко туура келет. Россиябы, Кыргызстанбы, кайсынысынын жарандыгын алсаң. Кыргызча айтканда, бизде Ошто илгери мындай макал бар эле: “дос болдуң дарбыз үзгөндө, кас болун бозо сүзгөндө” деген. Керек маалда бизди иш менен камсыз кылып, койнуна батырган бир боорубуз Россияны дагы капа кылууга болбойт. Алар да бизди жараны кылып кабыл алып, жашоону алдыга илгерилеткен убактар жок эмес. Өзүбүздүн Мекенди, экинчи Мекен болгон Россияны да сыйлайлы”,- дейт Москвадагы кыргызстандык мигрант Айнаш Козубаева өзүнүн коомдук сайттагы кайрылуусунда.
Бирок ошол эле мигранттар арасында Россияга эч ким бастырып кирбегенин эскертишкендер болду.
Оруc президенти Владимир Путин 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Анын алдында Россиянын Кылмыш Кодекси жаңыланып, соңку редакциясында согушка катышуудан баш тарткан жарандарды үч жылга чейин эркинен ажыратуу каралат. Ал эми согуш талаасынан качкандарды он жылга дейре түрмөгө кессе болот.
Ал арада Россияда жүйөөлүү себептерден улам, аскерге чакырылбай турган орус адамдарына да военкоматка чакыруу келип жатат. Бул боюнча Федерация кеңешинин спикери Валентина Матвиенко атайы губернаторлорго кайрылып, аскерке чакырууну Россиянын Коргоону министрлигинин талабына ылайык жүргүзүүнү талап кылган.
Андай учурларда аскерге чакырылган адам, военкоматка барып, чакыруу комиссиясына эмне үчүн согушка бара албайт түшүндүрүп, жүйөөлүү документтеринин оригиналын эмес, көчүрмөсүн көрсөтүүсү керек. Эгер комиссиянын аракетинен шек санаса, 122 кыска номерине чалып, кошумча кеп-кеңеш алса болот.