You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Согуш Россиянын аймагына келди". Путиндин аскердик абал жөнүндө жарлыгы эмнени билдирет?
Президент Владимир Путин заманбап Россиянын тарыхында биринчи жолу аскердик абал киргизди, азырынча Москва аннексиялап алган аймактарда гана. Федерация Кеңеши Путиндин чечимин бир добуштан бекитти. Президент бир эле учурда Россиянын калган региондорунда "чара көрүүнүн" ар кандай режимдерин киргизди.
Губернаторлор өздөрүнүн аймагында ар кандай чектөөлөрдү киргизүүгө укук алышты. Мисалы, чек арага чектеш региондордо жашоочулардын ары-бери жүрүшүнө тыюу салынышы мүмкүн. Губернаторлор азырынча андай тыюу салынбайт деп убада берүүдө.
Украинанын аннексияланган төрт регионунда аскердик абал киргизүүнү Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынынын башында жарыя кылды. Кремль мындай кадамга барышы Россия Украинага кол салгандан баштап эле айтылып келаткан. Бирок орус бийликтери аскердик абал киргизүү планы өзүнчө аймактарда да, бүт өлкө боюнча да жок экенин көп ай бою айтып келишти.
"Донецк Элдик Республикасында, Луганск Элдик Республикасында, ошондой эле Херсон жана Запорожье областтарында алар Россиянын курамына киргенге чейин эле аскердик абал режими болгонун эске сала кетейин. Азыр дагы биз бул режимди Россиянын мыйзамынын алкагында киргизүүбүз зарыл. Ошондуктан бул төрт субъектиде аскердик абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койдум",-деди Путин.
Президент өзүнүн сөзүндө украин аймактары жыйынтыгында "Россияга кошулган" "референдумдар" жөнүндө айта кетти, алардын легитимдүүлүгүн, аннексиянын өзүн дагы Украина да, дүйнөлүк коомчулуктун басымдуу бөлүгү да тааныган жок.
Россиядагы аскердик абал режими 2002-жылы кабыл алынган федералдык мыйзам менен жөнгө салынат. Анын жоболоруна караганда, мындай режимди киргизүүгө "Россия Федерациясына каршы агрессия же агрессиянын тикелей коркунучу" негиз болуп саналат.
Путин аскердик абал киргизип жаткан убакта Украина Херсон областындагы чабуулдарын күчөтүүнүн үстүндө. Региондун оккупациялык бийликтери ал жактан жашоочуларды алып чыга баштады, ал эми Россиянын Украинадагы согуштук операциясын жетектеп жаткан командачы Сергей Суровикин "Херсондо татаал кырдаал" болуп жатканын айтып, чечим кабыл алуу оңой болбостугун билдирүүдө.
Аскердик абал иш жүзүндө бийликтерге адамдардын эркиндиги менен укуктарын кыскартууга чексиз укуктарды берет, региондорду иш жүзүндө коргонуу абалына которууда.
"Аскердик абал жөнүндө" федералдык мыйзамдын 7-беренесинде кандай чаралар кабыл алынары көрсөтүлгөн.
- Аскердик абал жарыяланган аймакка кирип-чыгуунун өзгөчө режими, ал жакта жүрүү эркиндигинин чектелиши
- Жарандарга Россиянын сыртына кетүүгө тыюу салуу
- Митинг, жыйын, пикет жана иш таштоолорду уюштурууга тыюу салуу
- Аскердик цензура - анын ичинде телефон сүйлөшүүлөрү менен кат алышууларга көзөмөл кылуу
- Пропаганда жана агитация жүргүзгөн партия менен бирикмелердин (анын ичинде диний уюмдардын дагы) ишине тыюу салуу
- Мүлктү мамлекеттин керектөөсүнө алуу (мүлк ээсине кийин кенемте берилүүгө тийиш)
- Транспорт каражаттарынын кыймылын чектөө жана аларды карап текшерүү укугу
- Коменданттык саат киргизүү
- Курал сатууга тыюу салуу, спирт ичимдиктерин, баңгизат жана күчтүү таасир берген заттар кошулган дары-дармектерди сатуунун өзгөчө режими
- Жарандарды коргонуу иштерине иштетүү - мисалы талкаланган аскердик объектилерди калыбына келтирүү.
- Жашоочуларды "коопсуз райондорго" көчүрүү
- Россия менен согушуп жаткан өлкөнүн (азыркы учурда Украинанын) жарандарын интернирлештирүү (мажбурлап изоляциялоо, көчүрүү же жүрүү эркиндигин чектөө). 7-беренеге түшүндүрмөлөрдө интернирлештирүү Россия Федерациясына каршы агрессия болгондо гана колдонулат деп көрсөтүлгөн.
"Россиянын оккупацияланган аймактарда "аскердик абал" киргизип жатканын кезектеги "которуштуруунун" алдында украиндердин мүлкүн талап-тоноону псевдолегализация кылган чечим катары караш керек. Украина үчүн бул эчтекени өзгөртпөйт: өз аймагыбызды бошотуу жана деоккупация кылууну уланта беребиз",-деди Путиндин жарлыгы жөнүндө Украинанын президентинин кеңсе башчысы Михаил Подоляк.
"Башка чаралар"
Аннексияланган төрт субъектиден сырткары Путиндин Жарлыгында башка региондор да айтылат. Документтин үчүнчү пунктунда "зарыл учурларда" 2002-жылдагы мыйзамда каралган "башка чаралар да көрүлөт" деп айтылат. Жарлыктын ушул жобосуна көп көңүл бурулууда, биринчи кезекте бул бийликтерге кандай ыйгарым укуктарды берери жана каякта колдонулары так эмес болуп жаткан үчүн.
"Башка чаралар" жөнүндө түшүндүрмө жарлыкта жок. "Бирок "Аскердик абал жөнүндө" мыйзамдын 8-беренесинде бийликтер "продукция чыгаруу" же мамлекеттин, армиянын жана калктын керектөөсүнө кызмат көрсөтүү максатында киргизе турган "башка чаралар" көрсөтүлгөн.
"Жаран. Армия. Укук" (Россияда иноагенттер рээстрине киргизилген") укук коргоо уюмунун башчысы Сергей Кривенко Путин документте так көрсөтүлбөсө дагы так ушул 8-беренени ишке киргизип жатат деп эсептейт.
8-беренеде каралган "башка чаралардын" арасында салык алуу тартибин өзгөртүүгө, "экономикалык жана финансылык ишмердикке", мүлк жүгүртүүгө, товар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн эркиндигине, маалыматты издөө, өндүрүү жана жайылтууга бийликтердин чектөө салуу укугу каралган.
Мыйзамда ошондой эле "башка чараларды" аскердик абал киргизилген региондордо гана эмес, өлкөнүн башка аймактарында да колдонууга болору өзүнчө көрсөтүлгөн. (КС)