Блогер Ырыс Жекшеналиев эки айга камакка алынды

Facebook коомдук сайтындагы “Политузник” баракчасынын администратору, блогер Ырыс Жекшеналиев эки ай тергөө абагында болот. Активисттин бөгөт чарасы 16-августта Биринчи май райондук сотунда каралды. Жекшеналиев өзүнө козголгон кылмыш ишин “акылга сыйгыс” деп атады.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык "бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар жүргүзгөн" деп айыпталууда.

Активист 14-августта ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылгандан кийин камалган.

Көп өтпөй ИИМ бул боюнча билдирүү таратып, Жекшеналиев УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо кени тууралуу эски кайрылуусун аталган баракчага жарыялаганы үчүн кармалганын маалымдады. Укук коргоо органдары бул пост боюнча "Массалык башаламандык" (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) беренеси менен кылмыш ишин козгогонун белгиледи.

"Полит Узник" баракчасындагы жарыяланган эски видео кээ бир активисттердин жана башка адамдардын жалган жана так эмес маалыматтарды таратуучулардын кызыкчылыгы, ошондой эле Жетим-Тоо кенинин айланасындагы абалды курчутуу максатында коомдук ой пикирди атайылап манипуляциялоога багытталгандыгы байкалат", - деп түшүндүрүштү ИИМден.

Ошондой эле, ИИМге Абдил Сегизбаев өзү дагы сурак берип чыкты. Ал видео эки жыл мурун президенттик шайлоо маалында тартылганын, "андан бери эч кандай соцтүйүндөргө жана интернет булактарына эч кандай постторду же маалыматтарды жарыялабагандыгын айтып берди" деп билдиришти министрликтен.

Соңку аптада Нарындагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүү керекпи же жокпу маселесинде талаш-талкуу күчөп, президент Садыр Жапаров аталган кен азырынча иштетилбей турганын билдирди.

"Эсиңиздерде болсо, президенттик шайлоодо “Эгер Жетим-Тоону 100 пайыз өзүбүз иштете турган болсок, сырткы карызыбызды Жетим-Тоо эле жаап коет” деп айткан сөзүм бар. Бирок азыр Жетим-Тоону иштетели деген эч ким жок", - деп жазды Жапаров өз баракчасында.

 Президент Жетим-Тоону бүгүн эле иштетип жиберүүгө даярдык жоктугун, геологиялык иштер жүргүзүлүп, запасын тактоого гана буйрук берилгенин кошумчалады. Ал кенди Кыргызстан өзү иштете турганын, башкаларга үлүш берилбестигин айтты.

Президент ошондой эле тартипти сактоо органдарына Жетим-Тоо маселесинде коомдү дүрбөтүп жаткан “лжепатриотторго” карата чара көрүүнү тапшырган эле. 

Жетим-Тоо темирдин запасы боюнча дүйнөдөгү ири кендерден экени айтылууда. Садыр Жапаров бийликке келери менен бул кенди ишке киргизип, тышкы карыздан кутулуу тууралуу айтып, бирок президенттик шайлоо алдындагы мындай билдирүүсү нааразылыкка кабылган.

Жетим-Тоо темир кени Нарын жана Ысык-Көл областтарынын чектешкен жеринде жайгашкан, кенди биринчи жолу 1956-жылы эле ачышкан. Кендеги темирдин запасы үч миллиард тоннадан 10 миллиард тоннага чейин бааланат. Бирок кен жакшы изилденбегендиктен, андагы кен байлыктын көлөмүн эч ким так айта албайт. Бийлик Жетим Тоодогу кендин запасы ондогон жылдарга жетет деп, андан Кумтөрдөн кем эмес пайда көрүүнү көздөп жатат.Бирок Жетим-Тоону өкмөт өзү жалгыз иштетеби, инвестор тартса кайсы компания тартылат деген суроолорго азырынча так маалымат болбой жатат. (EK)