Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу: макулдашчу маселе али көп

Кытай поезд

Сүрөттүн булагы, SOCIAL MEDIA

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин жыйынында каралды. Аталган долбоордун Кыргызстандын ичиндеги маршруту Торугарт-Макмал-Жалал-Абад деп жарыяланды. Бирок бул маршрут, темир жолдун жазылыгы калган өлкөлөр менен биротоло макулдашылып бүтө элек. Ал эми анын каржылоосу кандай болору жөнүндө маселенин али чети оюла элек сыяктуу.

Жыйында транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев берген маалыматка караганда, жолдун курулушунун алдын ала маршруту Торугарт – Макмал – Жалал-Абад деп аныкталууда. Башкача айтканда, бул Кыргызстан сунуштаган маршрут, бирок аны Кытай жана Өзбекстан менен биротоло макулдашылып бүттү деп айтууга эртереек сыяктуу.

Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүүдө, ал декабрь айында аяктайт.

«Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун ишке ашырылышына өзгөчө маани бериле турган уникалдуу долбоор. Тармактык мамлекеттик органдар тийиштүү даярдык иштерин өз мөөнөтүндө жүргүзүүсү зарыл”, - деди Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинети ошондой эле темир жолдун курулушуна байланыштуу башка инфраструктуралык долбоорлорду куруу маселесин да карады.

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу – үч өлкөнүн темир жолдорун жана андан ары Перс булуңундагы өлкөлөрдү, Түркия Республикасын Европа темир жол тармагы менен туташтыруу үчүн долбоорлонгон темир жол магистралы болуп саналат.

Ошол эле убакта темир жолдун Кыргызстандагы маршруту биротоло бекиген маселе деп айтууга болбойт, деди Би-Би-Сиге Кыргызстандын Темир жолдорду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын директору Улан Кулов. Ошол себептүү аталган дирекция ички маршруттун картасын берүүгө да көнбөй турат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Албетте, Кыргызстан үчүн маршруттун узак болгону пайдалуу. Эгер жол айылдарды көбүрөөк аралап өтсө, ошол жерде инфраструктура курулат, ошол айылдар өнүгөт. Экинчиден, транзиттен алчу каражат дагы көп болот.

Транзиттен, болжол менен Кыргызстан эки жүз миллион доллардан бир миллиард долларга чейин пайда көрсө болот деп жатышат.

Трансконтиненталдык долбоор үч мамлекеттин биргелешкен иши болуп жаткандыктан, үч тараптуу макулдашуудан өтүп жатат. Кезектеги жыйындын так күнү белгисиз, бирок июлда же августта эки өлкөнүн адистери Бишкекте кайрадан чогулууга тийиш.

Темир жолдун жазылыгы кандай болот деген дагы өзүнчө маанилүү суроо бар. Анткени, Кыргызстан менен Өзбекстандагы темир жолдордун жазылыгы советтик стандарт боюнча, кытайдыкы башка. Бул маселе көпкө талкууланып, иштин создугуп кеткен себебинин да бири ушул.

"Бул дагы биротоло чечиле элек",-деди Улан Кулов.

Долбоордун техникалык-экономикалык негиздерин иштөө россиялык адистердин катышуусунда жүрүп жатканы мурда кабарланган эле. Азыркы учурда алар катышкан жок, түздөн түз тиешеси бар үч мамлекеттин адистери гана иштеп жатат.

Кыргызстан деңизге чыккан жолдору жок өлкө катары Чыгыш менен Батыштын ортосундагы сооданы байланыштырган транспорттук маршруттарды ийгиликтүү өнүктүрүүгө кызыкдар. Бул жагынан "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралын куруу абдан маанилүү.

Кыргызстандын темир жолу азыркы туюк абалынан чыгып, транзиттик жолго айланат. Түндүк тараптан Кытайга түз кирип кетүү мүмкүндүгү пайда болот. Түштүк жактан болсо Тажикстанга, андан ары Ооганстан, Иранды аралап, Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине темир жол каттамы ачылат.

Бул жерде бир гана Кытайдын, Кыргызстан, Өзбекстандын эмес, Росиянын, Перс булуңунун, Ирандын, Түркиянын, Араб мамлекеттеринин да кызыкчылыгы чоң. Перс булуңунун, араб мамлекеттеринин Өзбекстан жана Кыргызстан аркылуу Кытайга чыгуу мүмкүнчүлүктөрү пайда болот.

Кытай менен бириктирген темир жол курулса, ал жактан жогорку ылдамдыктагы поезддер да келет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайдан Кыргызстанга темир жол курулса, ал жактан жогорку ылдамдыктагы поезддер да келет.

Алты чек ара аркылуу транзит уюштуруу мүмкүнбү?

Ошол эле убакта логистика боюнча кээ бир эксперттер Кытайдан Кыргызстан аркылуу Европага транзиттик каттам түзүлөрүнө көздөрү жетпей турат.

"Кытайдан Европага Кыргызстан аркылуу канча чек ара болот: биринчиси кыргыз-кытай, болгондо да үч миң метр 600 метр бийиктикте, Торугарт болобу, Эркечтам болобу, баары бир. Экинчиси кыргыз-өзбек чек арасы, үчүнчүсү Ɵзбекстан-Түркмөнстан чек арасы, төртүнчүсү Түркмөнстан-Иран, бешинчиси Иран-Түркия, алтынчысы Түркия-Европа биримдиги. Алты чек ара аркылуу транзит уюштуруу мүмкүнбү?Ар бир чек арада ар бир жагынан эң кеминде үч текшерүү болот. Чек ара көзөмөлү, бажы көзөмөлү, фитосанитардык текшерүү. Ошону менен ар бир чек арада алты текшерүү болот",-дейт «Smart Business Solutions Central Asia» консалтинг компаниясынын директорунун орун басары Марат Мүсүралиев.

Эксперттерге көп суроо жараткан экинчи маселе Кыргызстан менен Кытайдын, Ирандын жолдор ар башка стандарт менен салынганы.

"Борбордук Азиянын темир жолдору Россиянын темир жол стандарты менен салынган, туурасы 1521 мм. Кытайда, Иранда болсо жолдун кеңдиги -1435. Ошондо ар бир вагон, ар бир цистерна, ар бир контейнер Кытайдан Борбордук Азияга келгенде башка вагонго көчүрүш керек, же ошол вагонду көтөрүп, алдындагы дөңгөлөктү алмаштырыш керек болот.

Борбордук Азиядан Иранга барганда кайрадан көтөрүп, кайрадан алмаштырыш керек. Анысы аз келгенсип, Түркияда Ван деген көл бар. Ванда темир жол жок, эки жагында порттор бар. Ар бир жүктү кайрадан кемеге салып, көл менен өтүп, кайрадан темир жолго жеткизиш керек. Ошону менен баардыгы алты чек ара, отуз алты текшерүү, жүктөрдү төрт жолу которуп көчүрүү. Ушунча тоскоолдук менен транзит уюштурууга мүмкүнбү? Кытайдан Кыргызстан аркылуу Европага транзит уюштуруу эч мүмкүн эмес".

Кыргызстан кайсы акчасына салат?

Кыргызстанды аралап, Кытайдан Европага кеткен темир жолдун чыгымы канча болот, так маалымат жок. Башында 3-4 миллиард доллар деген маалымат болгон эле, азыр бул эки-үч эсе көбөйүп кетти. Кыргызстандын бул жолго сала турган акчасы жок. Кыргызстандын баш калаасы Бишкек менен региондордогу кан жолдору Кытайдан акчасына салынып жатканы белгилүү. Демек, акчасы бар Кытай курат, анын ордуна Кыргызстан эмне менен төлөйт, кеп ошондо.

2011-жылы ошол кездеги минералдык ресурстар комитетинин башчысы Замирбек Эсенаманов темир жол салуунун акысына кен байлыктарды беребиз деген схеманы жарыялаганы белгилүү. Ал эми азыркы жаңы өкмөттүн кандай пландары бар, Садыр Жапаров Кытайга кандай сунуш менен барат, азырынча ачыктала элек.

Бирок, өлкөдө Кытайга каршылык маанай күчтүү экени белгилүү. Казармандагы, Солтон-Сарыдагы алтын казып аткан кытай ишканаларына жергиликтүү эл каршы болуп, алардын лагерлерин өрттөп, жумушчуларын кууп чыккан.