Табытта кайра тирилген эквадордук аял
Эквадордо 76 жаштагы аял ооруканада каза болуп, жерге берердин алдында кайра тирилди. Анын баласынын айтымында, табыттын ичинен тыкылдаган үн чыкканда, туугандары ачып жиберип, Белла Монтоя тирүү экенин көрүшкөн. Кайра тирилген аял ооруканага жеткирилип, бирок бир аптада кийин кайрадан каза болду.

Дарыгерлер биринчи жолу Белла Монтоянын өлгөнүн 9-июнда Бабахойо шаарында катташкан. Аны сөөк коюу кызматына жиберип, табытка салышкан.
"Бизге анын өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктү да беришти", - дейт жергиликтүү ЖМКларга анын уулу уулу Гильберто Барбера.
Маркумду акыркы сапарга узаттуу ырым-жырымдары башталгандан беш сааттан кийин аялдын туугандарына табыттын ичинен тыкылдаган үн угула баштаган, деп Барбера Associated Press агенттигине айтып берген.
Ошондо табытты ачып жиберишсе, Монтоя тирүү экен, оор дем алып жаткан болот. "Баарыбыз коркуп калдык",-дейт Барбера.
Бирок жергиликтүү ЖМКлар бир аз башкача кабарлап атышат. Аялдын туугандары табытты ачып, маркумдун кийимин алмаштырмакчы болушат. Ошондо гана анын тирүү экенин көрүшкөн.
Алар дароо тез жардам чакыртып, аялды аны өлдү деп корутунду чыгарган ооруканага кайра жеткиришкен.
Бул инцидентке чейин Монтоя инсульт болуп ооруканага түшкөн экен. Анын жүрөгү токтоп, дем албай калган, реанимациялык чараларга да такыр реакция берген эмес, ошондуктан кезметчи дарыгер аны өлдү деп ырастама берген", жеп айтылат Эквадордун саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө.
Кайра дарылоо убагында анын абалы турукташып, бирок көпкө созулган жок. Монтоя реанимацияда жети күн жаткандан кийин Эквадордун саламаттык сактоо министрлиги анын ишемиялык инсульттан жума күнү каза болду деп кабарлады.
Жергиликтүү ЖМКлар кабарлагандай, аялга сөөк коюу кызматында экинчи жолу ырым-жырымын жасашып, андан кийин жергиликтүү мүрзөгө коюшту.
Эквадордун бийликтери бул инциденттин бардык жагдайларын изилдеген иликтөө жүргүзүп, ошол ооруканада өлгөндүгү жөнүндө күбөлүк берүүнүн эреже тартибин текшерип чыкмай болууда, дейт Associated Press.
Белла Монтойя - расмий түрдө өлдү деп жарыялангандан кийин "тирилген" жалгыз аял эмес.
Февралда Нью-Йорк штатында сөөк коюу бюросуна жеткирилген 82 жаштагы аялдын дем алып жатканы белгилүү болгон. Аны үч саат мурда карылар үйүндө өлдү деп табышкан экен. (КС)












