"Оор кылмышка кирбейт". Жогорку Соттун чуу жараткан пробация чечими

Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Эскертүү: зээнди кейиткен сүрөттөр бар

Жогорку Сот эки жаштагы баланы узак убакыттан бери кордоп келген деп айыпталып, беш жылга абакка кесилген Александр Самаркинге карата пробациялык чечим боюнча түшүндүрмө берди. Маалымат берген судьялар Самаркиндин иши оор эмес кылмыш болуп эсептелинет деген жүйөнү айтып жатат.

Окуянын чоо-жайына келсек, иш берүүчү кол алдында иштеп жүргөндөрдүн баласын аёосуз сабап жүргөнү аныкталды деп эркинен ажыратылган. Бул иш коомго ашкере болгон соң чоң резонанс чыгып, кенедей баланы кордоду деген адамга катаал чара көрүү талабын койгондор болгон.

Самаркиндин кенедей балага көптөн бери зомбулук көрсөтүп жүргөнү эки жыл мурун ачыкталган. Ошол учурда эки жаштагы Егордун колу-буту күйүп, жыныс мүчөсү кесилип, денесиндеги көгала менен Сокулук райондук ооруканасына келип түшкөн. Бул боюнча 138-берене (кыйноо) менен козголгон кылмыш иштин негизинде 36 жаштагы Александр Самаркин күнөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылган.

Бирок, Жогорку сот бул чечимди өткөн жылдын июнь айында жокко чыгарып, Самаркинге эки жылдык пробациялык көзөмөл жүргүзүүнү чечип, абактан бошоткон.

Жогорку соттун бул чечимин депутат Айсулуу Мамашова 13-май күнү тиешелүү комитеттин жыйыныда кескин сынга алгандан кийин окуя кайрадан талкууга түштү. Судьялар чечим чыкканына он бир ай болгонун айтышып, аны эми талкулоонун кажети барбы деген суроону коюшууда.

Окуя кандайча болгон?

Егорь 2022-жылдын февраль айында ооруканага баш сөөгүнөн катуу жабыркаган абалда келип түшкөн. Апасы уулун Александр Самаркин аттуу кожоюну сабаганын айтып берген. Алар Самаркиндин мал-жанын багып, жалданып иштешчү. Сурак учурунда кожоюнуна материалдык карыз болуп, буга чейин дагы кордук көрүп келгенин айтышкан. Тергөө иши аяктаганча Самаркин камакка алынган.

Бирок, кийинчерээк энеси көрсөтмөсүн өзгөртүп, кожоюну күнөөлүү эмес экенин айтып, баланы дем алыш күндөрү атасынын жанында болуп турганын айткан.

Егордун атасы Николай Кемалетдинов учурунда Самаркин ага ок атуучу курал колдонуп, бир нече жолу күчкө салып, аялын дагы коркутуп алганын билдирген.

Наристеге жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда, башынан оор жаракат алганы, буга чейин кулагы сынганы, жыныс органы кесилгени, көгала тактар, каракуштун төмөн жагы сынганы, денесинин бир канча жери күйгөнү аныкталган. Далил катары наристенин ошол кездеги сүрөт, видеолору тараган.

Жогорку Соттун түшүндүрмөсү

Сотто Самаркин күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган жана зомбулук көрсөткөн айрым учурларын айтып берген.

“Баланы шпагатка отургузуп, чыканагы менен кулакка чапканын, колун байлап, асып койгонун мойнуна алган. Бул кыйноолордон кийин Егорь бир топ убакытка чейин баса албай калган. Бул ишке сотто биринчи, экинчи инстанцияда баа берилип, жашы жете элек баланы кордогон деп Александр Самаркинди беш жылга эркинен ажыраткан. Көп күбө суралды. Аягында тергөөчүлөр Егордун денесине келтирилген оор жана башка жаракаттарга Самаркин күнөөлү эмес экен деген жыйынтыкка келишкен”, - деп билдирди маалымат жыйында судья Кеңешбек Токтомамбетов.

Самаркинге карата кыйноо фактылары боюнча кылмыш иши токтолуп, өзү күнөөсүн мойнуна алган зомбулук боюнча гана айып коюлган. Судьялар башка оор жаракаттар Самаркинге чейин болгону тергөөдө аныкталганын айтышты. Мындай билдирүү соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда дагы жазылып турат. Буга ылайык, Егордун ата-энеси дагы өзүнүн милдеттерин толук кандуу аткарган эмес деген жыйынтыкка келишкен.

Жогорку сот кабыл алган жаңы чечим боюнча судья төмөнкүчө түшүндүрмө берди.

“Самаркин күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган. Туруктуу иштей турган жери бар, ишкер, буга чейин соттолгон эмес, жакшы мүнөздөмөсү бар. Ушул жагдайларын карап туруп, ал эркиндигинен ажыратылбастан оңолот деп чечтик. Пробациялык көзөмөл деген бул - мажбурлоо же шыктандыруучу чара болуп эсептелинет”, - деди судья Токтомамбетов.

Судьялар кылмышкер алкогол ичпейт, баңги чекпейт деп ишенимдүү айтышууда.

Пробацияга ылайык, Самаркин айына эки жолу укук коргоо органдарынан маектешүүдөн өтүп турат. Катталган жеринен башка жака кетүүгө болбойт жана өлкөдөн сыртка чыкпоосу керек. Эгерде бул эрежелер бузулса, анда Самаркин кайрадан камалат.

Самаркин чыгымды төлөгөн эмес

Егорь азыр чоң апасы чет өлкөдө. Чоң апасы уулу менен келинин ата-энелик укуктан ажыратып, өзү кароого алган. Бала азыр жарым жыл сайын медициналык кароодон өтүп турат жана акулист, невропотологдо дайыма каттоодо. Жакында мурду, жыныс органы жана кулагына операция жасалары айтылды. Дарыланууну чыгымдарын төлөөгө сот эч кимди милдеттендирген эмес.

“Жогорку Соттун айтып отурганын угуп эсим ооп турам. Неберем ооруканага башынан катуу жаракат алып түшкөн. Бул жаңы трамва болчу. Денеге оор залака келтирүү - оор кылмыш болуп эсептелинет. Эгерде Жогорку Сот ушунчалык калыс болсо, анда эмнеге бул жагдайды эске алган жок? Сот сүрөткө карап, кантип баа бересиңер дейт. Неберемдин кыйноого кабылган сүрөттөрүн карасаңар, соо жери калган эмес”, - деп билдирди чоң энеси Наталья Ядгарова.

Жогорку Соттун бул чечимине коомчулуктун бир бөлүгү жана укук коргоочулар нааразы пикирлерин билдирип жатышат. Балдар укугун коргоочу Назгүл Турдубекова коомго коркунуч келтирген жаранды пробацияга бошотуу - акылга сыйбаган иш экенин айтууда.

“Сот зомбулук жасаган кишилерге жеңил чечим кабыл алып жатса, зомбулук токтомок беле? Пробация деген эмне? Ал айына эки жолу барып, маектешүүдөн өтүп турат. Анан бул чечим кооптуубу? Кооптуу. Бизди өзгөчө капа кылганы, облустук сот беш жыл берген кишини Жогорку Сот пробацияга бошотуп салды. Жүйөсү арак ичпейт экен, маңзат чекпейт экен, ишкер экен. Эми бул кантип болсун? Бала эмне деген гана кордукту көргөн эмес”, - деди укук коргоочу Назгүл Турдубекова.

Сотторго карата айтылган сын-пикирлер биринчи жолу болуп жаткан жок. Кыргыз коомунда сотторду жемелеп, ишенбөөчүлүк көрсөткөн кадыресе көрүнүшкө айланган. Жогорку соттун өкүлдөрү Самаркинге карата кабыл алган чечимден кийин, өзгөчө сын-пикирге кабылып жатканын айтышып, муну өздөрүнө карата басым катары баалашты. Эгерде алардын дарегине ачуу комментарийлер токтобосо, мыйзамдуу чара көрөрүн айтышууда.

Зомбулук балдардын тагдырына балта чабары шексиз. Кыргызстанда 2021-жылы балдарга карата 250, 2022-жылы 500 жыныстык зордук-зомбулук катталган. Укук коргоочулар зомбулуктун 2% гана милиция органдарына жетерин айтып келишет.