Ош: базар көчүрүлмөй болду, соодагерлер эмне дейт?
Мээрим Айныкеева, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы

Сүрөттүн булагы, GOOGLE EARTH
Оштогу Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги борбордук базар эки айдан кийин толук көчүрүлмөй болду. Базардын жаңы дареги Бекмамат Осмонов көчөсүндөгү "Мегаполис" соода борборунун маңдайында болмокчу. Буга чейин базарды Жапалак айылындагы Көкүмбий көчөсүнө көчүрүү демилгеси соодагерлердин нааразылыгынан улам ишке ашпай калды.
Ушу тапта бийлик менен соодагерлер ортосундагы сүйлөшүү бир топ талаш-тартыш менен өтүп жатат. Кечээ 22-июлда болжол менен 500гө чукул соодагер Ош мэриясынын алдына чогулуп, Ак-Буурада көпүрөнүн баарын бузууга каршы пикирин айтып чыкты. Төрт кишини милиция кармап кетти. Кийин алар сүйлөшүүдөн кийин бошотулганын милиция билдирди.

Сүрөттүн булагы, OSH MERIA
Калаа башчы менен соодагерлердин сүйлөшүүсү бир топ ызы-чуу менен коштолуп, бир пикирге келе алышкан жок. Андан көп өтпөй отузга чукул соодагерди гана мэриянын ичине алып кирип, ӨКМ, милиция өкүлдөрү менен сүйлөшүү улантылды.
Алардын негизги талабы көпүрөнүн баарын бузбай, активдүү соода үчүн бирөөсүн болсо дагы калтыруу.
Бийлик болсо коопсуздук үчүн көпүрөнүн баары алынсын деген позициясынан кайта элек. Учурда онго жакын көпүрө бузулуп, анын мыйзамсыз курулушуна уруксат берген мамлекеттик бир катар жооптуу адамдарга кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди.
"Жаңы базардан жер акысыз берилет"
Жаңы базар муниципалдык жерден сатуучуларга акысыз берилерин мэр Бакытбек Жетигенов убада кылууда:
"Жер бекер берилет. Ошол жерге бекер барасыңар. Өзүбүз коюп беребиз [контейнер]. Ижара акы, салык боюнча баары жеңилдетилет. Шарт түзүп берет, коркпогула. Насыяга жардам беребиз".
Ош шаарында ипотекалык насыя менен бериле турган үйлөрдөн соодагерлер үчүн дагы бериле турганы айтылды. Бирок мэрдин бул сөзүнө анын маңдайында турган ишенбеген кишилер да болду.

Сүрөттүн булагы, facebook/osh meria
Мэриянын айтымында, жаңы базардын аймагы азыркыга караганда биртоп ыңгайлуу. Онлайн картадан бул жердин тегереги талаа экенин көрүүгө болот.
Мэрия жаңы базарды эки ай ичинде заманбап, бардык шарты менен даярдай турганын убада кылууда.
Деген менен бул маселе боюнча соодагерлердин да ар башка жүйөсү бар. Арасында сунушту эп көргөндөр да жок эмес. Базар көчүрүлө турган жер айрым соодагерлерге дагы жаккан өңдүү. Алар буга чейин Жапалак айылын алыс деп, ал жерде эч кандай шарт жок экенин айтышып, көчүп кетүүгө каршы болушкан эле.
"Жеке биз үчүн эки ай соодага уруксат бергени жакшы болду. Жаңы жер алар айтып жаткандай болсо, анда жакшы эле. Адамдар ар кандай. Айрымдары такыр көчүүгө каршы болуп жатат. Бийлик деле мурдагы күнкүгө караганда биздин айткандарыбызга макул болуп, компромисске келип жатат. Эми алар айткан убадалар ишке ашабы, ашпайбы ал башка кеп", - деди Жамал аттуу соодагер.

Сүрөттүн булагы, OSH MERIA
Жамал жакында болгон селден улам миллиондогон сом зыянга учурады. Ал жолдошу менен бирге бул жайда он жылдан бери иштеп келет. Соода кылган контейнерди жолдошу ата-энеси менен Орусияда мигрант болуп жүрүп, жылдап тапкан акчасына сатып алышкан.
Борбордук базарды сел жууп кетээр алдында карызга дүңүнөн товар дагы алып алышкан. Азыр башы аман калгандарына шүгүр келтирип, селден кийинки товарларын жууп-тазалап, кайрадан соода кылууга бел байлап турган чак. Азыр бул базарда соода кайнап турган кези. Калаа бийлигиг ушуну эске алганын да айта кетти.
Бул базарда Жамал сыяктуу жүздөгөн соодагер иштейт. Алардын арыз-муңу, санаасы бири-бириникине окшош. Алардын баары өлкө жетекчилерине, элге тынымсыз кайрылып, абалды түшүнүүгө чакырууда.

Сүрөттүн булагы, OSH MERIA
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жаңы базар бардык шарты менен берилсе дагы ал жерге кардарлар көнүшү керек болот. Анын үстүнө сунушталып жаткан жаңы базар шаардын борборунан алысыраак, айланма жолдо жайгашкан. Ошондон улам соода болбой калат деп кабатырлангандар да бар.
"Мейли биз аркы базарга көчөлү. Көчкөн менен эл азыр "Келечек" базарын карап отурат. Эл көнгөнгө чейин бир жылдай убакыт кетет. Элди үйрөтүш кыйын, аны базарда отургандар эле билет. Базарды көчүрүп эле койсок кардар агылып барат деген кепилдик жок да", - дейт соодагерлердин бири.
Жаңы базардын аянты жети гектардын айланасында. Бул жерге канча соодагер көчүп барары азырынча так белгисиз.
УКМК төрагасы 750 соодагердин ар бирине жүз миң сомдон берерин убада кылган. Миллиондоп карыз, насыя алган соодагер үчүн бул сумма өтө аз, анын ордуна ошол каражатка селден тосо турган курулушту баштоо керек деген дагы сунуштар айтылды.
"Мамлекет ар бир соодагерге жүз миң сомдон берем деген. Бизде мындай сунуш болуп жатат. Ошол жүз миң сомго суунун жээгине дамба куруп берсе болобу? Биз деле селди ойлодук, ал айттырбай келет экен. Ошого сел ашып кетпеши үчүн ушундай сунуш айтып жатабыз", - деди мэр менен жолуккан соодагерлердин бири.
Бирок соодагерлердин бул сунушу колдоо тапкан жок.
Бир күн мурда Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан курулуштарды, жер тилкелерин тактоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу комиссия түзүлгөн. Бул комиссияга мэрдин орун басары, курулуш башкармалыгынын жетекчиси, шаардагы профилдүү мекемелердин жетекчилери кирген.
Санаага салган зыян

Сүрөттүн булагы, OSH MERIYA
Өлкөдө сел быйыл жылдагыдан алда канча көп катталып, кеминде эле жыйырма кишинин өмүрү кыйылды. Зыян эсептелип чыкканга чейин эле кайрадан сел келип, турак-жайларды, социалдык объекттерди, айыл чарба, соода жерлерин жууп кетти.
Оштогу соңку селге байланыштуу ӨКМ акыркы бир жарым айдан бери жаандын нормадан ашык жааганын жана Ак-Буура дарыясынын нугу көп жылдан бери таштандыга толуп калганын, үстүндөгү көпүрөлөрдүн мыйзамсыз, архитектуралык планы жок салынып калганын атаган.

Сүрөттүн булагы, MCHS
Азырынча соодагерлердин жалпы чыгымы так айтыла элек. Буга чейин өкмөт башчы Акылбек Жапаров соодагерлер менен жолугуп, кандай жардам берилери зыяндын өлчөмү аныкталгандан кийин гана белгилүү болорун айткан.
Жапаровдон кийин 19-июль күнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев да базарга барды. Анда патенти бар, салык төлөгөндөргө жардам көрсөтүлөрүн айтып, 750 контейнер ээсине жүз миң сомдон төлөп берилерин айткан. Ошол эле учурда көптөгөн соодагер ККМге өтө электигин дагы баса белгилеген.
Борбордук базарда болжол менен эки миңден ашуун соодагер иштечү.
Алардын арасында мыйзамсыз салынды деп айтылган көпүрөлөрдүн үстүнө, дарыянын жээгине уруксаты жок соода түйүндөрүн ачып алгандар да бар.












