Орусия дефолтко жакындап бара жатабы?

Орусиянын Уукраинага кол салуусу Орусияныны соңку жылдардагы эң орчундуу экономикалык кризиске кептеди. Би-Би-Синин орус кызматы экономикадагы негизги жагдайларды баяндады.

Үстөккө-босток санкциялар...

Согуш маалында орус экономикасы жыл башынан бери апрелде биринчи ирет 3% төмөндөгөнүн экономикалык өнүгүү министрлиги билдирди. Ага чейин февралда 4.1%, мартта 1.3% өскөн эле. Мекеме башкы себеп катары болуп көрбөгөндөй санкцияларды жана логистиканын көйгөйлөрүн атады. Бул башталышы гана өңдүү. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүн продукция (ИДП) дагы төмөндөйт. Кээ бир божомолдор боюнча анын көрсөткүчү 8-12%га чейин түшөт.

Санкциялардын кесепети тийип жатканын сандар менен ИДП эле көрсөтүп тим болгон жок. Бирок Орусиянын бийлиги санкциялар анчалык таасир этпесине ишендирип келет. Росстаттын маалыматынан улам быйыл апрель айында жеңил унаа өндүрүшү ковидден кийинки деген былтыркы жылдын ушул убагына салыштырганда 85.4% түшүп кеткени белгилүү болду.

Nielsen марттан бери карай тиричилик үчүн пайдаланчу түрдүү химиялык керек-жарак, жасанып-түзөнгөндө колдончу каражаттардын ассортименти 22.4% кыскарганын эсептеп чыккан.

Би-Би-Си Орусияга каршы санкциялардын пайдалануучулар катмарына так ушундай таасири болорун жазган. Анда товарлардын категориясы эмес, бренддердин категориясы тууралуу сөз болгон.

Биринчи дефолт...

Дефолттон камсыздап кала турган (насыялар боюнча жагдайды аныктай турган комитет же CDS) жөнгө салуучу, Орусия баалуу кагаздар (облигация) боюнча өз милдеттенмелерин аткарган жок деп бүтүм кылды. Башкача айтканда дефолтко жол берди.

Бул маанилүү. Анткени, "камсыздай турган жагдайга" (мында Орусиянын баалуу кагаздарына жеткен дефолт) жетти деп комитет аныктайт.

Эгер ошондой болсо "камсыздоочулар" сатып алуучулардын "камсыздандыруусун" төлөгөнгө туура келет. Мында баалуу кагаздар тууралуу сөз болуп жатат.

Бул учурда кырдаал кылтылдап турат. Москва валютаны баалуу кагаз алгандарга чейин жеткирүүдө (санкциялардан улам оорчулуктар менен). Бирок мөөнөтүнөн кыйла кечигүүдө. Кечиктирилген мөөнөт үчүн Орусияга 1.9 млн $ туум (пеня) кошулган. Орусия аны төлөй элек. Ушунун өзү дефолт деп таанууга шыкак берет.

ОПЕК+ Орусияны кубанткан жери жок

The Wall Street Journal ОПЕК+ (мунайды экспорт кылган өлкөлөрдүн уюму) мүчөлөрү анын катышуучуларына шилтеме берип, Орусияны макулдашуудан чыгарып салууну ойлонуштурарын билдирди. Бул жерде логика мындай: 2020-жылы ОПЕК+ уюумунун катышуучулары ким канча көлөмдө мунай өндүрө турганын макулдашкан. Анда мунайга болгон баа кескин төмөндөгөн. Ошондо квоталарды ойлоп чыгып анын өсүшүнө жол ачышкан.

Эми Орусия санкциялардын айынан мунай өндүрүүнү азайтууга арагасыз. Аталган журнал ОПЕК+ уюмуна мүчө болгондордун логикасын ушундай чечмеледи. Эгер эгер Орусияны макулдашуудан чыгара турган болсо, ага чектелген квотаны башка оюнчулардын арасында бөлүштүрүп салууга болот. Ошентип алар көбүрөөк мунай өндүрөт. Анда орус мунайынан баш тартууга Евробиримдик үчүн дагы оңойураак болот.

Бул жалгыз эле жолу эмес, азырынча мүмкүн ушундай болушу ыктымал делген сценарийлердин бири. Өткөн аптада Сауд Арабиясынын энергетика министри Financial Times басылмасына курган маегинде, Орусия ОПЕК+ уюмунда калат деп ишендирди. Рейтер агениттигиндеги булактар дагы макулдашуу мурдагыдай эле кала берет деди.

Күч органдары Чубайска каршы

Bloomberg басылмасы “Роснанонун” мурдагы башчысы тууралуу ал согушка каршы чыгып, Орусиядан кетип калганга чейин жымжырт эле деп жазды. ТАСС агенттиги өзүнүн булагына таянып, укук коргоо органдары Анатолий Чубайс менен анын тегерегиндегилердин коррупцияга тиешеси бары жогун текшерип жатканын жазды.

Кайсы органдар жана текшерүү эмнеге байланыштуу экенин агенттик купуя маалымат экенин жүйө келтирип, так айткан жок. Бир нече күн мурун ошл эле ТАСС агенттиги өз булактарына таянып, күч органдары Чубайстын “чет өлкөлөрдө жашырылган мүлктөрү тууралуу маалыматты текшерип жаткандыгын жазган.