You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Максималдуу кысым": Россияга каршы санкциялардын алтынчы пакети
Евробиримдиктин лидерлери дүйшөмүдө кечинде Россияга каршы санкциялардын алтынчы пакетин макулдашып бүтүштү. Анда орустардын мунайын импорттоого масштабдуу эмбарго киргизүү жана Сбербанкты SWIFT системасынан өчүрүү каралган.
"Россиянын мунайын Евробиримдикке экспорт кылууга тыюу салуу жөнүндө макулдашуу Россиянын мунайынын импортунун үчтөн эки бөлүгүнө тийиштүү болуп, анын согуштук машинасын каржылаган булакты кыскартат. Бул согушту токтотуу максатында Россияга болгон максималдуу кысым",-деп жазды Европа кеңешинин башчысы Шарль Мишель "Твиттерге".
Азырынча деңиз жолдору менен барып жаткан мунай гана санкцияга алынды. Евробиримдик "Дружба" мунай кууру менен барып жаткан импортту азырынча калтырууну чечти, анткени Венгрия бул импортко көз каранды.
Россияга толук эмбарго киргизүүгө ошон үчүн бул өлкө каршы болуп келди.
Бирок, Шарль Мишель басма сөз жыйынында айткандай, куур менен келип жаткан мунайдын импортун калтыруу дагы убактылуу иш.
Лидерлер ошондой эле Россиянын ири банкы Сбербанкты SWIFT банк аралык төлөм системасынан өчүрүүнү жана өзүнүн аймагында россиялык үч мамлекеттик ЖМКнын ишине тыюу салууну макулдашты.
Санкциялардын алтынчы пакетин киргизүүгө демилге көтөрүп келген Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен дүйшөмбүдө кечинде билдирүү жасап, Евробиримдик жыл аягына Россиянын мунай импортунан 90% баш тартат деп жарыялады.
Ал ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Евробиримдик Украинага 9 миллиард евро көлөмүндө жардам көрсөтүүнүн үстүндө иштеп жатканын айтты. Мындан мурда бул көлөмдүн жарымы грант түрүндө, калганы жеңилдетилген кредит түрүндө берилет деп кабарланган. Бул эми конкреттүү алганда кандай чечилет, Евробиримдик кайсы булактардан бул программаны каржылайт, азыр белгисиз.
ЖМКлар тараткан маалыматка караганда, россиялыктарга Европадан кыймылсыз мүлк алууга тыюу салууну санкциялардын алтынчы пакетинен алып коюшту. Bloomberg агенттиги кабарлагандай, бул санкцияны киргизүүгө Кипр каршы болду.
Кабыл алынган чечимдер дагы бир жолу техникалык процедурадан өтүп, андан кийин Евробиримдиктин расмий журналында жарыяланат, ошондо гана күчүнө кирет.
ЕБ мунайды кайсы өлкөлөрдөн сатып алат?
Евростаттын 2020-жылдагы маалыматтарына караганда, Евробиримдик өзү керектеген мунайдын чейрек бөлүгүн Россиядан сатып алып келген. Европадагы андан кийинки чоң мунай импортерлорунун ичинде Сауд Аравия, Улуу Британия, Норвегия, Казакстан, Ирак жана Нигерия бар.
Россиядан мунай импорттоо токтосо, анын ордун оңой менен толуктай турган башка мүмкүнчүлүк жок.
Вице-премьер-министр Александр Новак эки ай мурда “Россиянын мунайынан баш тартуу дүйнөлүк базар үчүн кыйратуучу кесепетке алып келет”, - деп билдирген эле. Ал мунайдын бир баррели эки эсе кымбаттап, $300 чейин жетерин айткан.
Россиянын телеканалында сүйлөгөн сөзүндө, Новак: “Европа базарында орустардын мунайынын ордун тез арада толуктоо мүмкүн эмес”, - деген. -“Европадагы керектөөчүлөр үчүн көп жыл талап кылынат жана бир топ эле кымбатка түшөт. Натыйжада алар катуу жабыркайт”.
Россия жаратылыш газын өндүрүү боюнча дүйнөдө алдыда жана чийки мунай өндүрүү боюнча экинчи орунда турат. Ошондуктан анын энергетика индустриясына кандай гана санкция салынбасын, анын залакасы өлкөнүн экономикасына оор тиет.
Мындай чаралар эң оболу Украинанын таламын талашып, Россиянын согуштук аракеттерин токтотуу максатында кабыл алынууда.
Венгриянын позициясы
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Евробиримдиктин саммити башталар алдында журналисттерге Еврокомиссия Россиянын мунайынын импорту маселесинде жоопкерсиздик көрсөтүп жатат деп билдирген. Анын айтымында, Еврокомиссия Россиянын мунайынан баш тартууну биримдиктеги өлкөлөр менен макулдашпай туруп жасап жатат, ошол себептүү Венгриянын көп суроолору жоопсуз калды.
"Энергетика - олуттуу маселе. Биз адегенде чечимдер керек, андан кийин санкциялар болушу керек",-деди ал.
Өткөн аптада Орбан Еврокеңештин башчысы Шарль Мишелге кат жиберип, саммитте мунай эмбаргосу маселесин талкуулагысы келбей жатканын билдирген.
Венгриянын өкмөтү Россиядан мунай алууга тыюу салууну өзүнүн экономикасына өзөктүк бомба таштоо менен салыштырды.
Будапешт Россиядан мунай алуудан баш тартуудан келип чыккан зыяндын ордун толтурууну Брюсселдин алдына коюп жатат.
Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий саммиттин алдында Евробиримдикте өзүнчө бир бааларды теңдөөчү механизм киргизүүнү сунуш кылды. Ошондо Россиянын мунайына эмбарго киргизүүгө каршы болуп жаткан Венгрия аны импорт кылуудан пайда көрбөй калмак. (КС)