You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Кейибегиле": Камала Харрис тарапташтарынын алдында сүйлөдү
Президенттик шайлоодогу жарышта жеңилип калган Камала Харрис тарапташтарынын алдына чыгып сөз сүйлөдү. Ал тарапташтарын кайгырбоого чакырып бул жеңилүү болгону кармаштагы гана жеңилүү экенин, демократиялык баалуулуктар үчүн күрөш тынымсыз уланып, жеңиш менен аяктай турганын айтты.
"Мен билем, көпчүлүккө түпөйүл учур келгендей сезилип жатат, бирок мен баардыгыбыз үчүн бул андай болбойт деп абдан үмүт кылам",- деди Харрис. Ал ошондой эле Трамптын администрациясына бийликти тынч өткөрүп берүүгө көмөктөшө турганын кошумчалады.
Шайлоонун так кесе жыйнытыгы чыга элек, бирок ошентсе дагы Трамптын жеңиши турулуу иш болуп калды. Ал эки талапкер үчүн өтө маанилүү болгон жети штаттын бешинде жеңишке жетишкени так белгилүү жана добуштарды саноо уланып жаткан Невада менен Аризонада дагы Трамп алдыда бара жатат.
Бул ирет демократтар республикачыларга Ак үйдү эле эмес, Өкүлдөр палатасындагы көпчүлүктү да жеңдирип жиберди. Ошентсе да күчтөрдү бөлүштүрүү алдыда күтүлгөн иш.
Добуш берүүнүн эң соңку эсебин чыгарганга бир нече күн кетиши мүмкүн. Бирок Камала Харрис 2020-жылы Жо Байдендин жеңишин тааныбай бушайман кылган атаандашынан айырмаланып, өзүнө "жок" деп жеткиликтүү белиги берген америка элинин тандоосун сыйлай тургандыгын, шайлоочулардын эркине баш ийе тургандыгын ишарат кылды.
"Демокртаия — жеңилгени кетип, утулганын моюндап, атаандашынын жеңишин талашпай таанып, добуш берүүнүн жыйынтыгын кабыл алып, өз шайлоочуларына чыныгы сыйын көрсөтүү",- деди Камала Харрис.
Шайлоо кампаниясы башталгандан тарта өзүн колдогондорго ыраазычылык билдирип, алар менен чогуу күрөшүн улантууну убада кылды. Анын сөзүнө караганда, жеңиш үчүн жөн эле алакан жайып туруп бербөө жетиштүү болот.
Өзүнүн жаш шайлочуларына да каалоо иретинде карйылды.
"Шайлоо алдындагы кампаниямда: эгер сен күрөшүүнү улантсаң, сен сөзсүз жеңесиң деп көп кайталадым. Мен баары жакшы боолт деп баса белгилегим келет",- деди Харрис.
"Ар бир кармашта эле жеңе бербейсиң. Бирок жеңилүүнү кабыл алуу соңку жеңиш колубуздан чыкты дегенди такыр түшүндүрбөйт. Анткени финалда биз баарын жеңип, баарынан жогору турабыз, азырынча моюн сунуп калбайбыз жана күрөшүбүздү токтотпойбуз",- деп ишендирди ал.
Тарапташтары кол чаап, сүрөп алышты. Качан гана ал Дональд Трампка чалып жеңиши менен куттуктаганын айтканында бир жолу ышкырык чыгып калды.
Камала Харрис тууралуу учкай маалымат
Харрис эмгек жолун Аламеда округунун прокурору болуп баштап, 2004-2011-жылдары Сан-Францисконун башкы прокурору болгон.
Андан соң ал кызматтан көтөрүлүп, Калифорниянын башкы прокурору болуп дайындалган. Ал Американын калкы эң көп штатында бул кызматка шайланган биринчи аял жана өңү кара биринчи адам болгон.
Бул тажрыйба аны 2016-жылы Калифорниянын АКШ сенатору кызматына алып келген. Харрис комитеттик угууларда таамай аргументтери, курч суроолорунан улам прокурордук стили менен көпчүлүктүн көңүлүн бурган.
2020-жылдагы президенттик жарышта ал бир топ талапкерлер менен жарышып, бирок маанилүү дебаттардан кийин өзүнүн идеологиясын жана саясий платформасын ачыктоодо кыйынчылыктарга дуушар болгон. Анын өнөктүгү бир жылга жетпей аяктаган эле.
Бирок Жо Байден 59 жаштагы Харристи саясий сахнадан кеткенден кийин кайра эл алдына алып чыккан жана аны вице-президенттикке талапкер катары өзүнүн тизмесине кошкон эле.