You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Эмне үчүн Трамп же Харрис жеңет? Негизги он себеп
АКШда президенттик шайлоо башталып, добуш берүү жүрүп жатат. Жарыш улуттук деңгээлде дагы, эң маанилүү делген "арабөк" штаттарда дагы жарга такалгандай абалга келип калды. Сурамжылоолордун жыйынтыгы көрсөткөндөй, Дональд Трамп менен Камала Харристи колдогондордун айырмасы статистиканын эле майда-барат айырмасына жакындады. Демек эки талапкер тең шайлоодо жеңип чыгууга керек болгон чектен 2-3 эле пункт көбүрөөк добуш топтоп, утуп чыгышы мүмкүн.
Эмне үчүн шайлоочуларды керектүү жерге чогултуп жана алар добуш беришет деген маселеде эки талапкердин тең дарегине пайда келтире турган аргументтерди табууга болот.
Адегенде соңку 130 жыл ичинде качандыр бир шайлоодо жеңилип калган президент кайрадан шайланышы мүмкүнбү дегендин тарыхий жактан мүмкүндүгүн карап көрөлү.
1. Ал бийликте эмес
Экономика шайлоочулардын эң негизги приоритети. Жумушсуздук анчалык деле күч эмес жана фондулук рынок гүлдөп жатат, америкалыктардын көпчүлүгү баалардын кымбаттыгынан жапа чегүүдө.
Пандемиядан кийин инфляциянын көрсөткүчү 1970-жылдан бери карай боло элек чегине жетти. Бул болсо "азыр силерге төрт жыл мурункуга караганда жакшы болуп жатабы?" деп суроо салганга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берет.
Коронавирустан кийинки кымбатчылыктан улам 2024-жылы дүйнөдө шайлоочулар башкаруучу партияларга каршы добуш берген мисалдар кайталанды. Кыязы АКШдагы шайлоочулар дагы өзгөрүүлөргө чаңкап турат окшойт.
Америкалыктардын төрттөн бири гана өлкө кайсы багытка бет алганына канааттанып турганын айтышууда. Үчтөн экиси болсо экономикалык жактан жакшы келечекти көрө албай турушканын сөз кылышат.
Харрис "өзгөрүүлөрдүн" талапкери болууга далалат кылып жатат, бирок вице-президент анчейин популярдуу эмес делген Жо Байденден алыстап кете албай турат.
2. Жаман кабарлар Трампка баш оору деле эмес
2021-жылдын 6-январында болгон Капитолийдеги башаламандыктардын кесепеттерине, катар-катар айыптоолорго жана болуп көрбөгөндөй кылмыш ишин кароолорго карабай, Трампка болгон колдоо 40 пайыздан ашса ашып, түшпөй келе жатат.
Ошол эле учурда демократтар жана Трампты колдобогон консерваторлор ал кызматка жараксыз дешет, республикачылардын басымдуусу болсо мурунку президентти жактап, "курулай каралоонун" курмандыгы болуп калдым дегенине ынанышат.
Эки тарап тең өз ишенимдерине болушунча бекем туруп жаткан чакта Трамп добушун кимге берээри боюнча бир чечимге келе албай турган шайлоочулардын добушун илип кетүүсү керек болуп турат.
3. Мыйзамсыз иммиграция боюнча айткандары шайлоочуларга жагып жатат
Шайлоодо экономиканын абалынан сырткары адамдардын көңүлүнүн борборунда турган, талкуу жараткан темалар чечүүчү таасирин берип коёт.
Демократтар бойдон алдыруу маселеси дал ошондой кызуу темалардын бири болот деп үмүт артып турат, Трамп болсо иммиграция темасына бел байлап турган чагы.
Байдендин бийлиги учурунда чек арадагы кагылышуулар бардык рекорддорду басып өттү, иммигранттардын агымы болсо чек арадан алыс жайгашкан штаттарга да таасирин берди. Андыктан иммиграция маселесинде шайлоочулар Трампка көбүрөөк ишеним артып турганын сурамжылоо көрсөттү. Мындан сырткары латын америкалыктар арасында анын иши оңунан чыгып, мурунку шайлоолорго караганда бул ирет жакшыраак жүрүп жатат.
Экономика шайлоочулар үчүн эң маанилүү маселе
4. Жогорку билими жок шайлоочулар саны басымдуулук кылат
Трамп өздөрүн унутта калгандай же кароосуз жүргөндөй сезген шайлоочуларды да кызыктарат. Бул Американын саясатын өзгөрттү, мисалы өндүрүштү коргоо үчүн импорт маселесинде тарифти киргизүү кадимки эле көрүнүш болуп калды.
Эгерде Трамп айылдардан жана шаардын четинен жетиштүү сандагы шайлоочуларды алып келе алса, анда эки анжы ойдо турган жогорку билимдүү республикачылардын эсебинен жоготконун толуктап кете алат.
5. Дүйнө оомал-төкмөл болуп турган учурда Трамп күчтүү инсан катары көрүнүүдө
Трампка ичи чыкпагандар ал Американын союздаштары менен ымалага ырк кетирип, авторитардык лидерлерлерге жакындап жатат деп сынга алышууда.
Мурунку президент өзүн алдын ала айтып болбой турган күчү бар деп эсептейт жана өзү Ак үйдө турган маалда бир да чоң согуш башталбаганына көңүл бурууда.
Көптөгөн америкалыктар ар кандай себептерден улам АКШ миллиарддаган каражатты Украинага, Израилге жиберип жатканына нааразы жана Байдендин тушунда мамлекет чабал боло түштү деп эсептешет.
Көптөгөн шайлоочулар, өзгөчө эркектер Жо Рогандын подкастынан улам Трамп Харриске караганда күчтүү лидер деп эсептеп калышкан (жакында эле Дональд Трамп Жо Роганга 3 саатка жакын маек курган эле).
1. Ал Трамп эмес
Трамп артыкчылыктарына карабай, ал абдан талаштуу фигура бойдон калууда.
2020-жылы ал республикачылардан суурулуп чыккан талапкер катары рекорддук санда добуш алган, бирок жеңилип калган. Анткени жети миллиондон ашуун америкалык Жо Байденди колдоорун көрсөткөн.
Бул жолу Харрис Трамп кайрылып келип калышы мүмкүн деген коркунуч менен ойноп жатат. Ал аны "фашист" жана демократияга коркунуч деп атап, ошол эле учурда "драмаларды жана конфликттерди" токтотууну убада кылууда.
Reuters/Ipsos июль айында жүргүзгөн сурамжылоого караганда, беш америкалыктын бири мамлекет көзөмөлдөн чыгып бара жатат деп эсептей тургандыгын айтышкан. Харрис шайлоочуларга үмүт артып, өзгөчө арсар ойдо турган республикачылар жана бир да партияга мүчө болбогондорго ишенип турат. Алар Харристи туруктуулукту камсыздай ала турган талапкер катары көрүшөт деп ойлойт.
2. Ал Байден дагы эмес
Эгерде Байден президенттик жарыштан чыкпаганда, демократтар жеңилиши мүмкүн эле. Трампты жеңүүнү көздөгөн партия тез аранын ичинде Харристин айланасына бирикти. Башталышында таң калаарлык ыкчамдык менен идеяларын тааныштырып, келечекке умтулуусун көрсөтүп жана шайлоо жараянын жандандырып жиберди.
Ошол эле учурда республикачылар аны Байдендин популярдуу чечими менен байланыштырып кароого аракет кылышты, Харрис бул сыяктуу көз караштарды жеңип өтө алды.
Анын чоң бир артыкчылыгы бар, бул анын жаш курагы. Сурамжылоолор Байден өзүнүн кызматына канчалык жарамдуу деген кабатырлануу бар экендигин бир нече жолу көрсөткөн эле. Эми ролдор алмашты жана президенттикке ат салышып жеңип алган эң улгайган талапкер Трамп болуп калышы ыктымал.
3. Ал аялдардын укугун жактайт
Бул Жогорку сот "Роу Уэйдге каршы" чечимин жана бойдон алдырууга конституциялык укукту жокко чыгаргандан кийин өтүп жаткан биринчи президенттик шайлоо болуп калат.
Бойдон алдыруу укугун сактап калууну каалаган шайлоочулардын басымдуу бөлүгү Харристи колдойт. Бул тема шайлоого катышууну кадимкидей жогорулатып, анын жыйынтыгына олуттуу таасир эте тургандыгын 2022-жылкы шайлоолордо даана көргөнбүз.
Бул шайлоодо он штатта, анын ичинде арасат абалда турган Аризона штатындагы бюллетендерде бойдон алдырууну жөнгө сала турган суроолор да камтылат. Бул Харриске пайда алып келиши ыктымал.
Мындан сырткары Харристин АКШ тарыхында алгачкы аял президент болуп калуу ыктымалы шайлоочу аялдар арасында анын позциясын жогорулатып коюшу мүмкүн.
4. Харристи колдогондордун шайлоого катышуу ыктымалы жогору
Сурамжылоолордун жыйынтыгы көрсөткөндөй, Харристи колдогон топтор (мисалы улгайган адамдар жана жогорку билимдүүлөр) шайлоо участогуна келиши абдан күтүлгөн иш.
Жыйынтыктап келгенде, боло жүргөндөй эле демократтар шайлоочулар арасында активдүүлүгү менен жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп келишет. Ошол эле учурда Трамп шайлоого көп маани бере бербеген жогорку билими жоктор, жаштар арасында популярдуу.
New York Times/Siena басылмаларынын сурамжылоолоруна караганда, Трамп Харристи бир топ эле ашып бараткандай, бирок алар шайлоочу катары катталганы менен 2020-жылкы шайлоодо добуш бербегендер.
Ошондуктан алар добуш бергени барышабы деген суроо негизги маселе бойдон кала берет.