"Ылдам трамвайлар, чакан шаарчалар". Бишкектин 25 жылдык дымактуу планы

Видеонун түшүндүрмөсү, Ылдам трамвайлар, чакан шаарчалар... Бишкек 2050-жылга чейин кандай өзгөрөт?
    • Author, Венера Осмокеева
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Бишкек мэриясы шаарды 2050-жылга чейин өнүктүрүү боюнча жаңы башкы пландын долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда 25 жылда калаада негизги социалдык кызматтар жеткиликтүү болгон чакан шаарчалар түзүлүп, жол тыгынын азайтуу үчүн заманбап трамвайлар ишке киргизилери айтылган. Би-Би-Си Бишкек мэринин орун басары Азамат Кадыров менен маектешип, алгач башкы пландын алкагында дагы кандай олуттуу өзгөрүүлөрдү күтсөк болот? - деп сурады.

Азамат Кадыров: Туура, биз өткөн жумада Бишкек шаарын 2050-жылга чейин өнүктүрүүнүн башкы планын жарыялап, коомдук талкууга чыгардык. Ал жерге шаар тургундары өз ойлорун жана сунуштарын калтыра алышат, же кааласа мэрияга келип жазуу түрүндө тапшырып кетсе болот. Бул документте 2025-жылдан 2050-жылга чейинки аралыкта шаардын өнүгүү багыттары көрсөтүлгөн. Анда шаар кандай нукта өнүгүшү керектиги, кайсы аймактарда жаңы курулуштар жүрөрү, жол-транспорт инфраструктурасын кандайча өзгөртүп, жашыл аймактардын санын кантип көбөйтүү керек экени тууралуу маселелер камтылган.

Би-Би-Си: Документти иштеп чыгууда коомдун пикири дагы эске алындыбы же коомдук талкуунун алкагында каралабы?

Азамат Кадыров: Документ Санкт-Петербург шаарындагы илимий-изилдөө институту тарабынан иштелип чыкты. Сентябрдан тартып шаар тургундары арасында атайын сурамжылоолор өткөрүлдү. Ага он миңден ашуун шаар тургуну катышты. Андан тышкары азыр документ коомдук талкууга чыгарылды. Эми шаар тургундары өз ой-пикирин билдирсе, алардын сунуштары талданып, ошондон кийин бекитүүгө жөнөтүлөт.

Бишкек

Би-Би-Си: Долбоордо шаарды өнүктүрүүнүн негизги багыты катары децентрализацияга басым жасалган экен. Тагыраагы, Бишкекте бардык инфраструктурасы бар бир нече чакан борборлорду же райондорду түзүү каралыптыр. Бул ар бир райондо өзүнүн ооруканасы, мектеби жана социалдык объектилери болушу керек дегенди билдирет да? Децентрализацияны кантип ишке ашырасыздар? Билим берүү жана медицина тармактары кантип интеграцияланат?

Азамат Кадыров: Башкы план шаардыктар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүнү көздөйт. Биз "15 мүнөттүк шаар" деген принципти киргизип жатабыз. Бул деген шаар тургуну үйүнөн 15 мүнөттүн ичинде унаасы жок эле мектепке, бала бакчага же жумушка жетиши керек дегенди билдирет. Мисалы, азыр Ленин районунун борбору катары Орокто курулуп жаткан стадиондун айланасы каралууда. Биринчи май, Октябрь жана башка райондордо да өз-өзүнчө борборлор аныкталат, жашоо-турмушка ылайыктуу керектүү шарттар түзүлөт. Ал жерлерде мектеп, бала бакча эле эмес, соода түйүндөрү, көңүл ачуучу жайлар, коворкинг жана кеңсе имараттары да курулат.

Азамат Кадыров, Бишкек мэринин орун басары
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азамат Кадыров, Бишкек мэринин орун басары

Би-Би-Си: Бишкектин калкы жылдан-жылга өсүп жатат. Генпландын долбооруна ылайык, 2050-жылга чейин шаардын тургундарынын саны 2,5 миллион кишиге жетет деген болжол бар экен. Шаар калкынын көбөйүшүн эске алып, 2050-жылга чейин метро куруу же коомдук транспорттун башка түрүн ишке киргизүү мүмкүнбү?

Азамат Кадыров: Албетте, башкы планда жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча да схема бар. Бир гана унаа жолдорун жакшыртуу эмес, трамвай каттамдарын да карап жатабыз. Трамвай бир эле шаар ичиндеги эмес, Бишкекке жакын шаарларды байланыштырган транспорт болот деген ой бар. Ошондой эле тыгынды азайтып, жолдорду жакшыртуу үчүн айрылыштар (развязкалар) жана шакекче ыкмасындагы маршруттар сунушталууда. Белгилей кетчү жагдай, трамвай десе эле эл эски, жай жүрүүчү транспортту элестетпеши керек. Азыркы заманбап трамвайлар тез жана ыңгайлуу. Ал эми метро сыяктуу жер асты менен жүрүүчү транспорт системасы азырынча карала элек.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Бишкекте курулуш кызуу жүрүп жатат. Буга чейин болочокто 40 кабатка чейинки үйлөр салынары айтылган. Бирок көп кабаттуу үйлөр бири-бирине өтө жыш, айрым учурда мурдагы балдар аянтчаларынын ордуна да курулуп калган учурлар бар. Калаадагы каршы-терши курулуштар экологдордун да сынына кабылып келет. Генпланда бул тармак боюнча кандай өзгөрүүлөр каралган?

Азамат Кадыров: Генпланда кайсы аймактарга көп кабаттуу үйлөрдү курууга болот? Кайсы жерлерде 30–40 кабаттуу имараттарга уруксат берилет? деген сыяктуу зоналар көрсөтүлгөн. Экология маселеси да өзүнчө каралган. Ошондой эле жашылдандырууну көбөйтүү боюнча бекитилген нормалар бар. Бул документте шаар куруу гана эмес, экология, жол инфраструктурасы жана социалдык объектилер бирдиктүү каралган.

Би-Би-Си: Документти иштеп чыгууда кайсы мамлекеттердин тажрыйбасын пайдаландыңыздар?

Азамат Кадыров: Башкы концепцияны Жапониянын "Nikken Sekkei Ltd." компаниясы иштеп чыккан. Андан кийин Санкт-Петербург шаарындагы Курулуш боюнча илимий-изилдөө институту менен келишим түзүлүп, алардын көмөгү менен иш улантылды. Бул эки компания тең дүйнөдөгү эң белгилүү архитектуралык жана шаар куруу боюнча адистешкен уюмдардын катарына кирет.

Азамат Кадыров, Бишкек мэринин орун басары
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азамат Кадыров, Бишкек мэринин орун басары

Би-Би-Си: Мындай ири долбоорду ишке ашыруу чоң каражатты талап кылса керек. Каражат жагы эсептелдиби?

Азамат Кадыров: Толук ишке ашыруу үчүн чоң каражат талап кылынат. Аны мамлекет жана инвесторлор аркылуу каржылоо пландалууда. Айрым иштер азыртан эле башталды. Мисалы, Ауэзов көчөсүндөгү көпүрө кеңейтилип жатат, Калинин көчөсү да кеңейүүдө. Бул долбоорлор 1971-жылдагы генпланда эле каралган, бирок ишке ашпай келген. Азыр биз ошол документти негиз кылып, 2025–2026-жылдарга киргизип иштеп жатабыз. Курманжан Датка көчөсүн кеңейтүү жана Ауэзов көчөсүн улап, Ахунбаев менен кошо Сухэ-Батор көчөсү аркылуу чыгыш шакекчесин түзүү сыяктуу иштер жүрүүдө. Каражатты так айтууга эрте, анткени бул бир-эки жылдык эмес, 20-25 жылдык план. Баалар өзгөрүп турат, инфляция да таасир этет. Азыркы менен беш жылдан кийинки баа таптакыр башкача болушу мүмкүн. Учурдагы башкы план 2006-жылы кабыл алынган жана мөөнөтү бүтүп жатат. 2006-жылкы башкы планда социалдык объектилер дээрлик камтылган эмес. Жөн гана аймактар функционалдык зоналарга бөлүнгөн. Азыркы жаңы башкы планда болсо атайын бөлүк катары социалдык объектилерге өзгөчө көңүл бурулду. Сиз айтып кеткендей, эртең ошол социалдык объектилердин ордуна башка имараттар курулуп кетпеши үчүн, алардын жайгашуусу жана коргоо чаралары азыркы генпланга атайын киргизилип жатат.

Би-Би-Си: Учурдагы генплан 20 жыл мурда кабыл алынган экен. Ал да толук ишке ашпай калыптыр. Азыркы документ дагы кагаз жүзүндө калып калбайбы?

Азамат Кадыров: Андай болбойт деп ишенем. Соңку жылдары шаар инфраструктурасын өнүктүрүүдө чоң динамика бар. Быйыл эле 100 чакырымга жакын жаңы жолдор курулду. Көпчүлүк жолдор кеңейип, улантылып жатат. Ушундай темп менен иш алып барсак, 2050-жылга жетпей эле олуттуу жыйынтыктар болот деп ишенебиз.

Би-Би-Си: Ошондо 2050-жылга чейин Бишкек чын эле жашыл, заманбап мегаполиске айланат деп ишенсек болобу?

Азамат Кадыров: Бишкек азыртан эле мегаполиске айланып келе жатат. Расмий катталган калктын саны 1 миллион 300 миңден ашат, бирок ички миграцияны кошкондо 2 миллионго жакындайт. Тыгын маселеси оор, аны бир күндө чечүү мүмкүн эмес. Бирок сунушталган ыкмалар ишке ашса, оң жылыштар болот деп ишенем. Нью-Йорк, Дубай, Москва сыяктуу мегаполистерде да тыгын маселеси толук чечилген эмес. Биздин максат - экологияны жакшыртуу, жашыл аймактарды көбөйтүү жана тургундар үчүн ыңгайлуу шаар түзүү. 2050-жылга чейин эле ушуга жетишебиз деп ишенем.