Талибан Афганистанда бийликти алды: бул аптадагы окуялардын корутундусу

Элмурат Аширалиев, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы

Жекшемби күнү, 15-августта, Талибдер Афганистанда бийликти басып алышты. Өлкө президенти Ашраф Гани качып кеткени кабарланып, көпкө чейин дайыны чыккан жок. Талибдер бийликке келгени чет мамлекеттер Афганистандагы элчиликтерин жаап, жарандарын эвакуациялоого киришти.

Бүгүн күнгө жума, 20-август. Бул аптадагы Афганистандагы окуялардын хронологиясын беребиз.

15-август:

АКШ аскерлерин сентябрга чейин чыгарып кетүү чечимин кабыл алар замат Талибан ыкчам аракетке өтүп, адегенде Афганистандын аймактарындагы борборлорду колго ала баштаган. АКШнын эсеби боюнча, Афганистанда Талибан бийликти 30 күндөн 90 күнгө чейин толук алышы мүмкүн болуп турган. Бирок талибдердин бийликти мынчалык тез алышы көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду.

15-августта Талибан акыры Кабулга кирип келди. Талибдер шаарга киргени айтыла баштаганда, эл качууга ашыгып, Кабулда агылган машинелердин чоң тыгыны пайда болду. Машинесин таштап, аэропортко карай жөө жөнөгөндөр дагы болгон.

Банктарда дагы эл котолоп, акчаларын кайтарып алууга аракет кылды.

Буга чейин согушкерлер Ооганстандын чек арасын басып алгандыктан Кабул эл аралык аэропорту өлкөдөн чыгып кетүүнүн жалгыз жолу болуп калган.

Көп өтпөй талибдер президенттин сарайын алганын жар салды. Ал эми президент Ашраф Гани өлкөдөн эбак чыгып кеткени маалым болду. Бирок анын кайда багыт алганы белгисиз болуп турду. Айрымдар аны Борбор Азия мамлекеттерине кире качты десе, айрымдар Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдө болушу мүмкүн экенин айтып жатышты.

Ошентип афган өкмөтү кулады. Миңдеген чет өлкөлүктөр менен бирге оогандыктар дагы Кабул аэропорту аркылуу чыгып кетүүгө аракет кылды. Эл дүрбөлөң түшүп, аэропортто башаламандыктар орун алды.

60+ өлкө биргелешип Талибандан Афганистанда коопсуздукту сактоого чакырды жана өлкөдөн чыгып кеткиси келгендерге жол берүүнү суранышты. АКШ элчилигин эвакуациялоону аяктап, дипломатиялык имараттарындагы желегин алып салды.

16-август:

Талибан кыймылы Афганистандын борборун басып алгандан кийин коопсуздук чараларын күчөтүп, тургундарга эч кандай коркунуч жок экенин айтты. Бирок чет элдиктер менен бирге оогандыктар дагы өлкөдөн чыгып кетүүнүн аргасын издеп жатышты.

Чет мамлекеттер өз жарандарын эвакуациялай башташты. Эвакуация учурунда Кабул аэропортунан үрөй учурган видеолор пайда болду.

Видеодон ондогон афгандар аскердик транспорт учагы менен жарыша чуркап, ал тургай учактын капталына жабышып баратканын көрүүгө болот.

Афганистандын мурдагы президенти Хамид Карзай өлкөдө тынчтыкты орнотуу үчүн Талибан менен байланышып жатканын айтты.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Баш катчысы Антониу Гутерриш Коопсуздук кеңешине кайрылды.

“Мен айрыкча Афганистандагы кыз-келиндерге каршы зордук-зомбулуктар көбөйгөнү боюнча маалыматтарга тынчсызданып жатам. Биз Афганистандын элин таштап коё албайбыз жана таштап кетпешибиз керек”, - деди ал.

Ошондой эле, Гутерриш учурда Талибан көзөмөлдөп жаткан аймактарда БУУнун кызматкерлери менен кеңселери бар экенин жана коопсуздук кырдаалына ылайыкташуу учурунда да өлкөдөн чыкпай ишин улантарын билдирди.

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Афганистан менен байланышты тереңдетүүгө даяр экенин айтты.

“Талибан Кытай менен жакшы мамилени куруу боюнча үмүттөнүп жатканын көп жолу билдирди. Алар Кытайдын Афганистанды кайра курууга жана өнүктүрүүгө салым кошуусун чыдамсыздык менен күтүп жатышат... биз муну кубаттайбыз”, - деди ал.

Орусиянын Афганистандагы элчиси Дмитрий Жирнов шейшемби күнү Талибандын өкүлү менен Кабулдагы ачык турган элчиликтин коопсуздугун талкуулоо үчүн жолугушмак болгон. Москва Талибанды өлкөнүн башкаруучулары катары таанууга шашылыш жок экенин айткан менен ортодогу байланышты өнүктүрүүгө үмүт артканын билдирди.

Ирандын президенти Ибрахим Раиси АКШнын Афганистандагы “аскердик жөндөмсүздүгү” өлкөдө тынчтыкты орнотууга мүмкүнчүлүк түзгөнүн айтты.

“Американын аскердик жеңилүүсү жана чыгарылышы Афганистандагы жашоону, коопсуздукту жана туруктуу тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн бир мүмкүнчүлүк болуп калышы керек”, - деген Раисинин сөзүн Ирандын мамлекеттик телеканалы көрсөттү.

17-август:

Кыргызстандын Афганистандагы 20 жаранынын тогузу 17-августта мекенине эвакуацияланды. Калгандары 21-августка чейин чыгып кетери кабарланган. Башка жарандардын баары коопсуздукта экени жана учурда аларды Кабулдагы кыргыз элчилигинин имаратына көчүрүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жаткандыгы кабарланды.

“Этникалык кыргыздар деп эсептелген жана Кыргызстанга виза менен эвакуациялык жардам сурап кайрылган ооган жарандары боюнча маалыматтар текшерилип жатат”, - деп маалымдады Тышкы иштер министрлиги.

Ооган президенти Ашраф Гани машина толо акча менен качканы жөнүндө маалыматтар тарады.

“Төрт машинага акча толтурулуп, алар тик учакка дагы акча толтурууга аракет кылышты, бирок баарын сала алышкан жок. Акчанын бир бөлүгү учуп-конуу тилкесинде чачылып кетти”, - деп жазды РИА агенттиги орус элчилигинин өкүлү Никита Ищенконун сөзүнө таянып. Бирок маалыматты тастыктоого мүмкүн болгон эмес.

Түркия ооган качкындарын киргизбөө үчүн Иран менен чек арасына узундугу 295 км болгон дубал куруп жатканы маалым болду.

“Анын көпчүлүк бөлүгү бүтүп калды. Болжолдуу 150 км аң казылып бүттү. Чек ара бекеттеринде жана база жайгашкан аймактарда кошумча бекемдөө иштери жүргүзүлдү”, - деген Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар.

Талибан бардык өкмөттүк кызматкерлерге мунапыс жарыялап, аларды “толук ишенимдүү түрдө” жумушка кайтууга чакырды. Бул билдирүү Афганистандын өкмөтүндө же Батыш колдогон уюмдарда иштегендер коркуп жаткан шартта жарыяланды.

АКШнын президенти Жо Байден Афганистандан аскерлерди чыгарып кетүү боюнча чечимди коргоп, анын натыйжасында тополоң болгонуна карабастан, “АКШ күчтөрүн чыгарып кетүүгө ылайыктуу убакыт эч качан болгон эмес” деп билдирди.

Кабул эл аралык аэропортундагы башаламандыктардан кийин шаарда кайра тынчтык өкүм сүрө баштады. Мурдагы күндөрдө жүздөгөн адамдар Афганистанды таштап качууга аракет кылышкан эле.

18-август:

Талибандын башчылары Катардан Афганистанга кайтып келишти. Алар менен Талибандын түзүүчүлөрүнүн бири Мулла Абдул Гани Барадар да келген. Талибдер Катарда АКШ менен эл аралык күчтөрдү чыгарып кетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жүрүшкөн болчу.

Афганистандагы бийликти алгандан кийин талибдер алгачкы жана тарыхый басма сөз жыйынын өткөрүштү. Анда жаңы өкмөт куралып жатканы, басма сөз эркин иштей берери, чет элдик уюмдарда иштегендерден өч алынбай турганы жөнүндө сөз болду.

Ошондой эле, алар аялдар коомдук жашоого “ислам мыйзамдарынын чегинде” активдүү түрдө аралаша берсе болот деди.

Дүйнөлүк лидерлердин көпчүлүгү ооган элинин кызыкчылыгы үчүн Талибан менен сүйлөшүп жатканын, бирок талибдердин бийлигин тааныбасын айтышты.

АКШ күч менен бийликти алган Талибан баштаган өкмөттү тааныбасын айтты. Европа Биримдиги согушкерлерди мыйзамдуу башкаруучулар деп тааныбаса да ооган элине колдоо көрсөтүү үчүн Талибан менен байланыш түзүшү керек. Бул тууралуу аталган биримдиктин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жозеп Боррел билдирди.

НАТО Талибандын көзөмөлүнө өткөн өлкөгө бардык жардамды токтотту. Эгерде “инклюзивдүү өкмөт” түзүлө турган болсо, анда колдоо уланарын НАТОнун башчысы Йенс Столтенберг билдирди.

Пакистандын маалымат министри шейшемби күнү айткандай, өлкө аймактагы жана эл аралык күчтөр менен кеңешкенден кийин гана Талибандын Афганистандагы өкмөтүн таанып-тааныбоо боюнча чечим кабыл алат.

Афганистандын мурдагы президенти Ашраф Гани жекшемби күнү өлкөдөн качып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан. Шаршемби күнү ырасталбаган маалыматтар боюнча, аны БАЭнин борбору Абу Дабиде көрүшкөнү кабарланды.

19-август:

Ашраф Гани Бириккен Араб Эмиратында (БАЭ) жүргөнү маалым болду. Ал жекшеби күнү өлкөдөн чыгып кеткен бойдон Афганистандын элине биринчи жолу Фейсбук аркылуу кайрылды.

Өз сөзүндө Гани коопсуздук кызматы тарабынан Афганистандан чыгып кетүүгө мажбурланганын айтты. Анткени, “Мени кармап алышып өлтүрүп коюуга толук мүмкүн болчу”, - деди ал.

Ал 169 млн АКШ долларын чыгарып кеткени боюнча сөздөрдү төгүндөдү.

БАЭ бийлиги Гани менен анын үй-бүлөсүн гуманитардык негизде кабыл алганын билдирди.

Эл аралык коомчулук Талибандын болочоктогу өкмөтүн мыйзамдуу деп таанып-тааныбоо жөнүндө ойлонуп жаткан чакта Афганистандын биринчи вице-президенти Амрулла Салих өзүн өлкөнүн “мыйзамдуу түрдө убактылуу президенти” деп атап, талибдердин бийлигин тааныбасын айтып чыкты.

Кабул аэропортунун ичинде жана айланасында жекшемби күндөн бери жалпы 12 киши өлгөнүн Талибандын расмий өкүлү маалымдады. Анын айтымында, адамдар октон же дүрбөлөң түшүп качуудан өлгөн.

Түркия Кабул аэропортун коргогусу келгенин айтып чыкты.

“Талибандын бийликке келиши менен алдыбызда жаңы жагдай пайда болду. Эми биз жаңы жагдайларга ылайык план түзүп жатабыз. Биз кандай гана кызматташуу болбосун баарына даярбыз”, - деди Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган.

Кабул аэропорту АКШнын көзөмөлүндө болсо, айланадагы жолдор Талибандын көзөмөлүндө. Күбөлөр куралчан талибдер виза жана документтери болгон адамдарды да аэропортко киргизбей жатканын айтышты. 

Ал эми Талибан чет элдиктерге эвакуациялоого көмөк көрсөтүү менен “өз сөзүндө туруп жатканын” айтты.

“Биз жалгыз эле чет элдиктерге эмес, афгандарга дагы коопсуздукта чыгып кетүүгө жардам берип жатабыз”, - деген алар.

Би-Би-Си БУУнун конфиденциалдык документин көрдү. Анда Талибан НАТО жана АКШнын күчтөрү менен кызматташкан бардык адамдардын артынан түшүп алганы айтылат.

“Бутага алынган адамдар Талибанга өздөрү багынып бербесе, Талибан алардын үй-бүлө мүчөлөрүн камап жана/же өлтүрүү же камоо менен коркутуп жатат”, - деп жазылат документте.

Коркунучка кептелген адамдар аскердик, полиция жана иликтөө бөлүмдөрүндө кызматта тургандар болуп саналат.