Афганистандагы кырдаал. Тогуз кыргыз жараны эвакуацияланды

20:31

Жаңы эле бизге кошулуп жаткан болсоңуз...

Бүгүн болуп өткөн окуялардын кыскача мазмуну:

  • Талибан Афганистанда бийликти жекшемби күнү алгандан кийин биринчи басма сөз жыйынын берейин деп жатат
  • Кыргызстандын Афганистандагы 20 жаранынын тогузу 17-августта мекенине эвакуацияланды. Калгандары 21-августка чейин чыгып кетери кабарланган
  • АКШнын президенти Жо Байден Афганистандан аскерлерди чыгарып кетүү боюнча чечимди коргоп, анын натыйжасында тополоң болгонуна карабастан, “АКШ күчтөрүн чыгарып кетүүгө ылайыктуу убакыт эч качан болгон эмес” деди
  • Кабул эл аралык аэропортундагы башаламандыктардан кийин шаарда кайра тынчтык өкүм сүрө баштады. Кечээ жүздөгөн адамдар Афганистанды таштап качууга аракет кылышкан
  • Бирок согушкерлер толугу менен башкарууну колго алып, шаардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде күзөттө турушканы кабарланды
  • Талибандын башчысы согушкерлерге эч кимдин үйүнө кирбөөгө жана талап-тоноо боюнча маалыматтардан кийин элчиликтерге таандык болгон транспортторго тоскоолдук кылбоого буйрук берди
  • Бириккен Падышалыктын тышкы иштер министри Доминик Раабдын айтымында, өкмөт өлкөдөн качкандар үчүн “өз-өзүнчө макулдашууларды” караштырат
  • Ал ортодо Евро Биримдиктин башчылары качкындардын ыктымал агымы боюнча тынчсызданып жатканын билдиришти. Франциянын президенти Эммануэл Макрон Европа “ыраатсыз мигранттардын ири агымына каршы коргонушу” керек деди
  • Германиянын өнүктүрүү министринин айтымында, өлкө Афганистанга өнүктүрүүгө багытталган жардамды токтоткон

18:12

Кабулдагы кырдаал сүрөттөрдө

Кабул эл аралык аэропортундагы башаламандыктардан кийин шаарда кайра тынчтык өкүм сүрө баштады. Кечээ жүздөгөн адамдар Афганистанды таштап качууга аракет кылышкан.

Жергиликтүү маалыматтар боюнча, Талибан бийликке келгенден кийин алардын күчтүү башкаруусуна карабастан экинчи күнү да шаар көчөлөрү тынч болгон.

17:51

Талибан кантип таасирге ээ болду?

Талибандын Афганистанда тез эле кулач жайышы көпчүлүк үчүн күтүлбөгөн окуя болуп калды. Салыштырмалуу кичинекей эле күчтөр кандайча мынчалык тез ийгиликке жете алды?

Ички жана сырткы элементтердин ролу болду, бирок Талибандын арышынын узарышына төмөнкүлөр өбөлгө түздү:

  • Алар кичинекей, бирок эффективдүү күч болгон. Эсептер боюнча, алардын өзөктүк күчү 60 миң согушкерден турат. Ал эми башка жикчил жана колдоочу топтор менен бирге бул сан 200 миңден ашат
  • Жакында эле алар ооган коопсуздук күчтөрүнөн курал-жарактар менен жабдууларды тартып алышкан. Анын айрымдарын, мисалы, тез жүргөн хаммерлер, караңгыда көрсөткөн дүрбүлөр, пулеметтор, минометтор менен артиллерияларды АКШ камсыздаган болчу
  • Афганистан Советтер союзу киргенден бери эле курал-жаракка толгон болчу. Талибан болсо эң жупуну куралдар алдыңкы технология менен жасалган күчтөрдү жеңе аларын көрсөткөн. Мисалы, өзү жарылуучу түзмөк АКШ менен британ күчтөрүнө каршы колдонулган
  • Алардын жергиликтүү билими менен ошол аймакты түшүнгөнү дагы артыкчылыктуу болгон
  • Талибандын табияты бытыранды болгонуна карабастан айрымдар алардын жакынкы иш-аракеттеринен кызматташканы боюнча далилдерди көрө алган: бир илимпоз алардын түндүк менен батышка көңүл бурганына басым жасады. Себеби, аталган аймактар алардын салттуу түрдө таасири сакталган түштүк аймагы эмес. Акыры алардын колуна аймактардагы борборлор өтүп кеткен
  • Талибан негизги чек аралар менен чек ара бекеттерин дагы басып алып, акчага көз каранды болгон өкмөттөн бажы төлөмдөрүн буруп кеткен
  • 20 жылдын ичинде аз-аздан жетишилген ийгиликтерди акырындык менен бирок ишенимдүү түрдө жок кылуу аркылуу алар башкы мамлекеттик кызматкерлерди, адам укуктарын коргогон активисттерди жана журналисттерди максаттуу түрдө өлтүрүүнү күчөткөн.

14:00

Ооганстандан 9 кыргыз жараны эвакуацияланды

Кыргызстандын Афганистандагы элчилигинин жардамы менен 17-августта 9 кыргыз жараны мекенине эвакуацияланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Башка жарандардын баары коопсуздукта экени жана учурда аларды Кабулдагы кыргыз элчилигинин имаратына көчүрүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жаткандыгы кабарланды.

“Этникалык кыргыздар деп эсептелген жана Кыргызстанга виза менен эвакуациялык жардам сурап кайрылган ооган жарандары боюнча маалыматтар текшерилип жатат”, - деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.

13:51

Кабулдун көчөлөрү бүгүн кандай абалда?

Афган телеканалы шейшемби күнү Кабулдун көчөлөрүнөн видео тартып чыгарды. Твиттердеги түшүндүрмөгө караганда, видео эртең менен тартылган.

13:44

АКШ күчтөрүнүн Афганистандан чыгарылышы: макул жана каршылар

Байкоочулар АКШнын куралдуу күчтөрү Афганистандан чыгарылып жатканын сындап жатышат, бирок бул кадамды кубаттагандар дагы бар.

Тараптардын негизги аргументтери төмөнкүдөй:

Куралдуу күчтөрдү чыгарууга макул болгондор: 

  • Жаңжал чыккандан бери Кошмо Штаттар триллиондогон долларларды жумшап, эки миңден ашуун аскерин жоготкон. Афганистандан аскерлерди чыгарууга убада берген президенттер америкалыктардын добуштарына ээ болуп келген.
  • Июлда гана америкалыктардын басымдуу бөлүгү, 70% ашыгы, аскерлерди чыгарууну колдошкон.

Каршы болгондордун жүйөсү:

  • Сындап жаткандардын оюнча, АКШ ондогон жылдарды текке кетирип, өтө терең гуманитардык катастрофага жол ачылды.
  • Жаңжалга жакын болгондордун көпчүлүгү, анын ичинде оогандар менен ооган аскерлери, эбактан бери эле өкмөттүк армия АКШнын жардамысыз өлкөнү кармап турарынан күмөн санап келишкен.

12:21

Талибан мамлекеттик кызматкерлерге амнистия жарыялайт

Талибан бардык өкмөттүк кызматкерлерге мунапыс жарыялап, аларды “толук ишенимдүү түрдө” жумушка кайтууга чакырды.

“Жалпы амнистия баарына чыгарылды... ошондуктан силер күнүмдүк жашооңорду толук ишенимдүү түрдө башташыңар керек”, - деп маалымдады AFP Талибандын билдирүүсүнө шилтеме менен.

Бул билдирүү Афганистандын өкмөтүндө же Батыш колдогон уюмдарда иштегендер, мисалы АКШ аскерлерине котормочу болгондор, коркуп жаткан шартта жарыяланууда.

Талибан кыймылы аёосуз жазалоо жолдорун колдонгону менен белгилүү. Алар согуш кылмыштарын жасаганы үчүн айыпталган менен аны четке кагып келет.

11:40

Түркия ооган качкындарын киргизбөө үчүн дубал курууда

Миңдеген афганистандыктар өлкөдөн качып жаткан чакта Түркия Иран менен чек арасын бойлой дубал салып жатканын жарыялады. Түркия бул кадам менен Афганистандан келген качкындардын жаңы агымына туруштук берүүнү көздөп жатат.

AFP агенттигинин маалыматы боюнча, тосмонун жалпы узундугу 295 км болот. Ал тикен зымдар менен курчалып, чуңкурлар казылат.

“Биз ишибизди тездетип, чек араларыбыз бек экени жөнүндөгү түшүнүктү бекемдейбиз”, - деген Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар Хурриет гезитиндеги маалымат боюнча.

“Анын көпчүлүк бөлүгү бүтүп калды. Болжолдуу 150 км чуңкур казылып бүттү. Чек ара бекеттеринде жана база жайгашкан аймактарда кошумча бекемдөө иштери жүргүзүлдү”, - деп кошумчалады ал.

10:50

“Чоң оюн” башталдыбы?

Пол Адамс, Би-Би-Синин дипломатиялык кабарчысы, Иерусалим

Талибандын бийликке келиши менен Афганистандын бардык коңшулары аларга эмне болот экен деп карап калышты.

Кытай Талибан менен достук мамиледе болууну кааларын айтты. Бир ай мурда Кытай аталган кыймылдын саясий башчысын кабыл алган.

Батыштын маскара менен чыгып кетиши Бээжинди канааттандырган менен Кытай мурдунун учунда фундаменталисттик ислам башкаруусунун кайра пайда болуусу өлкө ичиндеги мусулман уйгур калкынын арасындагы стабилдүүлүккө залакасы тийип калабы деп тынчсызданууда.

1980-жылдардагы ооган согушуна катышкан тажрыйбасын дале унута элек Орусия болсо Талибан менен байланышып, Кабулда сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштады.

Иран менен Пакистан көп сандаган ооган качкындарын кабыл алган. Эки өлкөнүн тең Талибан менен мамилеси татаал болгон. Айрыкча Пакистан 1990-жылдардын башында кыймылдын ишин илгерилетүүдө негизги ролду ойногон.

Америка кетип калышы мүмкүн, бирок Британ чалгындоо кызматынын мурдагы башчысы Роберт Ханнигандын айтымында, бул Вашингтон жөн эле басып кете турган өлкө эмес.

“Афганистандын тарыхы чындыгында ири державалардын ортосунда камалып калган өлкөнүн көйгөйлөрүн көрсөтүүдө”, - дейт Ханниган.

“Азыр бизге чын эле АКШнын дүйнө менен өз ара мамилесин кайрадан жаңыртуусу, Орусия, Кытай сыяктуу биз оңой менен тил табыша албаган өлкөлөр менен иш алып баруусу керек. Климаттын өзгөрүүсү, Афганистан сыяктуу баарыбызга маанилүү болгон маселелер боюнча иштөө жолдорун табышыбыз керек экенин Байдендин администрациясы өтө ачык айтты”, - деп кошумчалады ал.

XIX кылымда Британия менен Орусиянын Афганистанда таасир талашуусу Чоң оюн деп аталган.

Ал оюн бүгүнкү күнгө чейин ар түрдүү тараптардын катышуусу менен уланууда. Батыш согуштан тажаган болушу ыктымал, бирок Афганистан дале маанисин жогото элек.

9:40

“Гани машина толо акча менен Афганистандан качкан”

“Ооган президенти Ашраф Гани төрт машина жана бир тик учак толо акча менен Кабулдан качты”, - деп маалымдады Орусиянын РИА маалымат агенттиги.

“Төрт машинага акча толтурулуп, алар тик учакка дагы акча толтурууга аракет кылышты, бирок баарын сала алышкан жок. Акчанын бир бөлүгү учуп-конуу тилкесинде чачылып кетти”, - деген элчиликтин өкүлү Никита Ищенконун сөзүн келтирет РИА агенттиги.

Бул сөздөрдү Ищенко окуяга күбө болгондорго шилтеме кылып айткан, бирок маалыматты тастыктоого мүмкүн болгон жок.

Бул Орусиянын Афганистандагы элчиси Дмитрий Жирнов жергиликтүү радиодо Талибандын тушунда Кабулдагы абал “Ашраф Ганинин тушундагыга караганда жакшыраак” болгонун айткандан кийин орун алды.

Орусиянын сыны АКШ менен мамиле чыңалып жаткан шартта айтылууда.

Түндө, 17-августтун таңына чейин эмнелер болду?

  • АКШ жана Түркиянын аскерлери үзгүлтүккө учураган эвакуцияны кайра баштоо үчүн Кабул аэропортунда тартипти камсыздап жатышат. Өткөн күндөрү америкалык аскерлер эки куралчан кишини аэпорттун территориясында атып өлтүрүшкөн. Андан сырткары учканы бараткан учакка жабышып алган үч киши кулап өлгөн.
  • АКШ президенти Жо Байден Афганистандагы абал боюнча пресс-конференция берди. Ал АКШ кырдаалды тыкан көзөмөлдөп жаткананы жана АКШнын Афганистандагы миссиясы “эч качан коом куруу эмес болгон эмес, анын ордуна АКШнын территориясында террористтик чабуулдарды алдын алуу” болгонун айтты. Ошондой эле ал өз чечиминен кайтпасын кошумчалады. Президент Байдендин толук маегин жакынкы учурда сайтыбыздан окуңуз.
  • Кабул аба майданында АКШ аскерлеринин көзөмөлү астында эвакуация кайра башталды.
  • Defense One тараткан фотодо Кабулдан Катаргаэвакуция кылган US Air Force C-17 учагына 640 киши шыкалып алган. Бул учактын белгиленген жөндөмүнөн ашык.
  • Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерриш дүйнө өлкөлөрүн качкындарды кабыл алууга чакырды.

23:30

Бүгүн кандай окуялар болду?

Жаңы эле бизге кошулуп жаткан болсоңуз, бүгүн болуп өткөн окуялардын кыскача мазмуну:

  • Афганистандыктар качууга аракет кылышып, Кабул аэропортунда башаламандыктар орун алды.
  • Бир нече адам аэропортто өлтүрүлгөнү кабарланды. Интернетке чыккан видеодон ондогон афгандар аскердик транспорт учагы менен жарыша чуркап, ал тургай учактын капталына жабышып баратканын көрүүгө болот.
  • Мурдагы президент Хамид Карзай Афганистанда тынчтыкты орнотуу үчүн Талибан менен байланышып жатканын айтты.
  • Өзбекстандын коргоо министрлиги аба коргонуу күчтөрү чек арадан өтүп кеткени үчүн афган аскердик учагын атып түшүргөнүн билдирди.
  • Айрым батыш өлкөлөрү жарандарын Кабулдан эвакуациялай баштады
  • АКШ Талибандын жеңишине карабастан аскерлерин согуш миссиясын аткаруу үчүн Афганистанга кайтарбай турганын билдирди.
  • 60тан ашуун өлкө биргелешип Талибандан өлкөдөн чыгып кеткиси келгендерге жол берүүнү суранышты.
  • АКШ элчилигин толук эвакуациялап, дипломатиялык штабындагы тууну алып салышты.

23:05

“Биз Афганистанды таштап коё албайбыз”

"Адамдардын жашоосун коргоо үчүн Талибан сабырдуулук көрсөтүшү керек", - дейт Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерриш.

БУУнун Коопсуздук кеңешине кайрылып жатып Антониу Гутерриш “өлкөдө адам укуктарынын катуу чектелгени боюнча коркунучтуу кабарларды” укканын айтты.

“Мен айрыкча Афганистандагы кыз-келиндерге каршы зордук-зомбулуктар көбөйгөнү боюнча маалыматтарга тынчсызданып жатам”, - деди ал.

“Биз Афганистандын элин таштап коё албайбыз жана таштап кетпешибиз керек”, - деп кошумчалады Гутерриш.

БУУнун Баш катчысы Коопсуздук кеңешин Афганистандагы глобалдык террористтик коркунучту токтотуу жана адам укуктарынын сакталуусун көзөмөлдөө үчүн “колдо болгон бардык шаймандарды” колдонууга чакырды. Ошондой эле, ал бардык мамлекеттер ооган качкындарын кабыл алышы керек экенин айтты.

Гутерриш белгилегендей, учурда Талибан көзөмөлдөп жаткан аймактарда БУУнун кызматкерлери менен кеңселери бар жана коопсуздук кырдаалына ылайыкташуу учурунда да өлкөдөн чыкпай ишин улантмакчы.

21:30

Кабул аэропортундагы көрүнүштөр

Кабул эл аралык аэропортунда афганистандыктар качууга аракет кылганы тартылган оор көрүнүштөр.

Эки куралчан эркек киши дүйшөмбү күнү АКШнын аскерлери тарабынан өлтүрүлүп, үч киши учак учуп жаткан убакта кулап түшүп каза болгону кабарланды.

Талибан Кабулду басып алгандан кийин адамдардын тобу аэропортко чогулушкан.

АКШнын күчтөрү учактардын жолун тоскон адамдарды бөлүп таратуу үчүн абага ок чыгарганы айтылды.

21:05

Талибан менен кимдер сүйлөшүп жатат?

Талибан Кабулду басып алгандан кийин көптөгөн батыш мамлекеттери баш калаадагы элчиликтерин жапты. Бир нече мамлекеттер болсо согушкерлер менен алдыда дагы сүйлөшүүлөр үчүн эшиктерин жаба элек:

  • Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү AFP агенттигине билдиргендей, Бээжин Афганистан менен байланышты тереңдетүүгө даяр. “Талибан Кытай менен жакшы мамилени куруу боюнча үмүттөнүп жатканын көп жолу билдирди. Алар Кытайдын Афганистанды кайра курууга жана өнүктүрүүгө салым кошуусун чыдамсыздык менен күтүп жатышат... биз муну кубаттайбыз”, - деди ал.
  • Орусиянын Афганистандагы элчиси Дмитрий Жирнов шейшемби күнү Талибандын өкүлү менен Кабулдагы ачык турган элчиликтин коопсуздугун талкуулоо үчүн жолугушмакчы. Москва Талибанды өлкөнүн башкаруучулары катары таанууга шашылыш жок экенин айткан менен ортодогу байланышты өнүктүрүүгө үмүт кылганын билдирди.
  • Ирандын президенти Ибрахим Раиси АКШнын Афганистандагы “аскердик жөндөмсүздүгү” өлкөдө тынчтыкты орнотууга мүмкүнчүлүк түзгөнүн айтты. “Американын аскердик жеңилүүсү жана чыгарылышы Афганистандагы жашоону, коопсуздукту жана туруктуу тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн бир мүмкүнчүлүк болуп калышы керек”, - деген Раисинин сөзүн Ирандын мамлекеттик телеканалы көрсөттү.

19:50

Афганистандын аскердик учагы Өзбекстанда атып түшүрүлдү

Өзбекстандын коргоо министрлигинен айтышкандай, өлкөнүн абадан коргонуу боюнча күчтөрү чек арадан өтүп кеткени үчүн ооган аскердик учагын атып түшүргөн.

Министрликтин өкүлүнүн айтымында, учак Өзбекстандын аба мейкиндигине мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган.

Учакта канча киши болгону же аман калгандар бар же жогу тууралуу ал маалымат берген жок.

Өзбекстандын Афганистан менен чектеш жайгашкан Сурхандарыя облусундагы дарыгер Бекпулат Окбоев AFP агенттигине жекшемби күнү кечинде ооруканага кабыл алынган эки бейтап ооган аскердик кийиминде болгонун айткан.

Анын айтымында, биринде парашют болгон жана сыныктар менен келген.

Жекшемби күнү Өзбекстандын бийлиги 84 ооган аскери чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалганын билдирди.

19:10

Талибан бийликти басып алгандан кийин Кабулдагы жашоо

Би-Би-Синин видео журналисти Малик Мудассир бүгүн Кабулда видео тартып жүрдү

Талибан бүт жерде жүрөт. Көзөмөл-өткөрмө бекеттери мурда расмий полиция же аскердик тосмо орнотулган жерлер болчу. Бүгүн шаарда эч кандай дүрбөлөң болгон жок. Талибдер жол кыймылын көзөмөлдөп жүрүштү. Алар машиналарды текшеришип, айрыкча мурда полицияга же аскерлерге таандык болгон транспортторду карап жатышты. Ошол транспорттордун баарын алып колдонуп жатышат.

Шаардын борборунда жашоо кадимкидей эле. Жол кыймылы азыраак. Дүкөндөрдүн көбү жабык турат. Бирок адамдар кечээгиге караганда бир аз бейгамыраак. Кечээ баары ачуулуу болчу.

Көчөдөн эки аял кишини көрдүм. Алар [ковид] беткаптарын тагып, башына жоолук оронуп жүрүшүптүр. Алар көчөдө өз иштери менен жүргөн, Талибан аларга эч нерсе деле деген жок.

Көчөлөрдө музыка угууга болгон жок. Мен Серена мейманканасында турам, ал жерде мурда музыканы үнүн азайтып коюп коюшчу. Алар дагы музыканы коюшкан жок. Адамдар коркуп калган. Бирок шаар жашоосу уланууда.

Бирок... аэропорттогу көрүнүш аёосуз болду. Үй-бүлөлөр, жаш балдар, жашы-карысы, баары аэропортту көздөй басышып, өлкөдөн качуунун айласын издешти.

Аэропорттун башкы дарбазасына жакындаарың менен Талибан оор куралдар менен адамдарды бөлүп таратуу үчүн турушкан. Аэропортко кирүүгө аракет кылган адамдар болсо дубалдарга, ал түгүл тикен зымдар менен дарбазаларга тырмышып чыгууга аракет кылып жатышты. Ошол жердеги ар бир адам аэропортко кирүүгө бүт күчүн жумшап жатты.

18:45

Евробиримдик Афганистанды талкуулайт

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Афганистандагы кырдаалды талкуулоо үчүн шейшемби күнү мөөнөтсүз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.

“Афганистандагы соңку окуялардын шартында жана акыркы күндөрдөгү, сааттардагы өнөктөштөр менен болгон тыгыз байланыштан кийин мен эртең абалга баа берүү үчүн Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин кезексиз видеоконференциясын чакыртуу чечимини кабыл алдым”, - деп жазды Твиттерде Евробиримдиктин тышкы саясий мекемесинин башчысы Жозеп Боррел.

“Афганистан айрылыш жолдо турат. Картада жарандардын коопсуздугу менен жыргалчылыгы, ошондой эле эл аралык коопсуздук маселеси турат”, - деп кошумчалады ал.

18:00

Кытай “достук” байланыштарга даяр

Кытай Афганистан менен “достукту жана кызматташтыкты” тереңдетүүгө даяр. Бул тууралуу Талибан өлкөдө бийликке келгенден кийин өкмөттүн өкүлү AFP агенттигине билдирген.

Кытайдын Афганистандагы элчилигинен айтышкандай, өлкөдө кытайлардын кырсыкка учураганы жөнүндө эч кандай маалымат алышкан эмес.

Бирок алар кытай жарандарын сыртка чыкпоо керек экенин эскертип, эгерде жардамга муктаж болсо, анда глобалдык тез жардам кызматына чалууну айтып жатышат. South China Morning Post гезитинин маалыматы боюнча, “эвакуация күрөшүн” баштаган ооган өкмөтүнүн кыйрап калганына карабастан Бээжин Афганистандагы кызматкерлерин чыгарып кетүү боюнча планы жок.

17:43

Кабул азыр кандай абалда?

Афганистандын борбор шаарынын көчөлөрүнөн тартылган видео. Кабул Талибандын көзөмөлүнө өткөн.

17:35

Талибдер Кабулга жайгашууда, адамдар өлкөдөн качып кетүүнүн аргасын издеп жатат

Талибан кыймылы Афганистандын борборун басып алгандан кийин коопсуздук чараларын күчөтүп, тургундарга эч кандай коркунуч жок экенин айтууда. Бирок көпчүлүк жашоочулар өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылып жатышат.

16:59

Афганистандын башкы медиаларынын бири TOLOnews Кабул эл аралык аэропортунда американын аскер учагы учуу тилкесине бара жатканда чуркап чыгып ага жабышып жаткан кишилерди көрсөткөн видео чыгарды.

16:57

Батыш өлкөлөрү эвакуация иштерин баштады 

Дүйшөмбү күнү Чехиянын тышкы иштер министри өлкөнүн алгачкы эвакуация учагы Прагага келип конгонун ырастады. Учакта чех жарандары, ооган кесиптештери жана алардын үй-бүлөлөрү келген.

Германия жекшемби күнү кечинде Афганистандан учак рейстери башталганын билдирген. Германиянын жарандарын жана ооган кызматкерлерди дүйшөмбү күнү эртең менен эвакуациялоо үчүн аскердик учактар жөнөтүлгөн.

Франиция менен Жаңы Зеландия дагы өз жарандарын өлкөдөн чыгарып кетерин айтты.

13:34

Президент Гани кайда?

Президент Ашраф Гани жекшемби күнү Афганистандан чыгып кеткен, бирок кайда экени азырга чейин белгисиз. ЖМКлар кабарлагандай, ал Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн бирине учуп кеткен болушу мүмкүн.

New York Times гезити Дохадагы сүйлөшүүлөр үчүн барган ооган делегациясынын белгисиз мүчөсүнө шилтеме кылып маалымдагандай, Гани жубайы Рула жана эки кеңешчиси менен Ташкентке учуп кеткен.

Кийинчерээк президенттин жеке жан сакчысы Катардын Аl-Jazeera телеканалына Гани Ташкентке учуп кеткенин ырастаган.

Бирок Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстан өлкө аймагында ооган президенти жок экенин билдирди.

13:23

Кырдаал тынч, дейт Талибан

Талибандын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, Афганистандын ичинде кырдаал тынч, согушкерлер борбор шаар Кабулду алгандан кийин өлкө боюнча эч кандай кагылыштар орун алган жок.

“Биздин маалыматтар боюнча, кырдаал тынч”, - деген бир расмий өкүл Рейтерс агенттигине.

Өкмөт жекшемби күнү кулап, президент Ашраф Гани чет мамлекетке качып кеткен жана миңдеген тургундар менен чет өлкөнүн жарандары өлкөдөн чыгып кетүүнүн чарасын издеп жатышат.

12:32

“Талибандын ыкчам аракетке өтүшү таң калыштуу эмес”

Талибандын Афганистанды ыкчам түрдө басып алышы АКШ өкмөтүнүн эсеби менен дал келбей калды. АКШ бийлик өкүлдөрү талибдер Кабулду 90 күндүн ичинде колго алышы мүмкүн деп жаткан.

Алардын ыкчам аракетке өтүшү көптөгөн байкоочуларды таң калтырса, айрымдар мындай натыйжадан качып кутулууга болбосун айтышат.

Ланкастер университетинин профессору жана Афганистан боюнча китептин автору Амаленду Мисранын оюнча, Талибан кыймылы кандайдыр бир убакыттын ичинде ылдам аракетке өткөн.

“Алар чакан шаарчалар менен айылдарга басып киришкен. Алыскы аймактардагы адамдардын колдоосуна ээ болгондой жана алар өзүнүн күчүн ушундай жерлерден алат”, - деди ал Би-Би-Синин журналисти Викас Пандейге.

Мисра кошумчалагандай, ооган армиясынын тез эле начарлап кетиши дагы согушууга каалоо жок экенин жана айрым учурларда алардын күчтөрү Талибандын иш-аракетине көңүл койгонун көрсөтөт.

Ал АКШнын күчтөрү 2014-жылы согуштук ролдорун токтотуп, өлкөдө кеңешчи жана машыктыруучу катары жүргөнүнө токтолду.

“Азыр эмне болуп жатканы баары бир ишке ашмак. АКШнын жаңы стратегиясы керек болгон, бирок көрүнүп тургандай ал варианттан эрте эле баш тартылган”.

11:11

Кабул аэропортунда башаламандык уланууда

AFP агенттиги маалымдагандай, миңдеген оогандыктар өлкөдөн учуп кетүүгө аракет кылышып, учуп-конуу тилкесинде топтолуп алышкандыктан АКШнын аскерлери абага ок чыгарышкан.

“Бул жерде аябай коркуп жатам. Алар абага көп жолу ок атышты”, - деген бир күбө AFP агенттигине.

Адамдар аэропорттун учуп-конуу тилкесине жүгүрүп барышып, рейстер менен учууга аракет кылып жатканы тартылган бир нече видеолор пайда болду.

АКШ рейстери менен биринчи орунда дипломатиялык кызматкерлерди өлкөдөн чыгарып кетүү жөнүндө сөздөр жүрүп, адамдардын арасында кыжырданууну жаратууда жана башаламандыктарга себеп болууда.

08:42

Бизге бүгүн кошулуп жатсаңыз, учурдагы абалдын кыскача баяндамасы:

  • Афган өкмөтү кыйрады, президент Ашраф Гани Өзбекстанга чыгып кеткени кабарланууда
  • Миңдеген чет өлкөлүктөр Кабулдан аэропорт аркылуу чыгып кетүүгө аракет кылууда. Корккон эл эл аэропортто тополоң болуп кеткен
  • 60+ ашык өлкө Талибандан коопсуздукту жана жарандык тартипти кайтарууга чакырган биргелешкен билдирүү таратты жана Талибандан өлкөдөн чыгып кеткиси келгендерге жол берүүнү суранышты
  • АКШ элчилигин эвакуациялоону аяктап, дипломатиялык имараттарында желегин түшүрдү.
  • Активисттер Афганистандагы айрым аймактарында мажбурлап киргизилип жаткан айрым өзгөрүүлөрдөн улам аял укуктарына кабатырлануусун билдиришти

Афганистандын мурунку президенти Хамид Карзай өз тарапташтарына Кабулда экенин билдирүү максатында Facebook желесинде видео чыгарды.

Хамид Карзай Кабулда экенин билдирди

12:22 (16.08.2021)

Афганистандын мурунку президенти Хамид Карзай өз тарапташтарына Кабулда экенин билдирүү максатында Facebook желесинде видео чыгарды.

Үч кызы менен туруп, Карзай “кымбаттуу Кабул жарандарына” кайрылып ал үй-бүлөсү менен алар менен экенин айткан.

Ал “биздин өлкөбүздүн жана борборубуздун көйгөйлөрү жакшы жагына чечилет деп үмүттөнөбүз”, - дейт.

“Мен Талибан Ислам Кыймылынын коопсуздук күчтөрүн, алар кайда болбосун, адамдардын өмүрү менен мүлкүнүн коопсуздугун камсыздоого чакырам. Биздин коопсуздук күчтөрүбүздү дагы, Талибан күчтөрүн дагы адамдардын өмүрүнө жана мүлкүнө көңүл бурууга чакырам".

Карзай 2001-ж. АКШ күчтөрү Афганистанга кирип баштаганда өлкөнүн президенти болуп калган. Ал бул кызматты 2014-ж. чейин аткарып, Азиядагы эң узак башкарган лидерлердин бири болуп калган.

Чет мамлекеттердин бийликтери кээде Карзай тууралуу начар пикирде болушуп, аны коррупциянын алдын албаганы үчүн жана аялдардын укуктарын алгалатууда салттуу коомго каршы тура албаганы үчүн сындап келишкен.

Кабулдан учуп чыгуучу бардык коммерциялык каттамдар убактылуу токтотулду

11:58

НАТОнун ырасмийи берген маалыматка ылайык, Кабул эл аралык аэропортунан учуп чыгуучу бардык коммерциялык каттамдар убактылуу токтотулду.

Аскерий учактардын иштөөсүндө жол берилген.

Бул British Airways учурда Афганистандын аба мейкиндигинде учууларды аткарбай тургандыгын тастыктагандан кийин болду.

Талибан президенттин сарайын алганын билдирди

11:25

Талибан президенттин Кабулдагы сарайын алдык деп билдирип жатат.

Жекшембиде буга чейин президент Гани өлкөдөн чыгып кеткен. Бирок сарайдагы абал белгисиз бойдон калууда.

Түз сүйлөшүүлөргө катышкан эки афгандык менен баарлашкан жергиликтүү журналист Билил Саруаринин маалыматына ылайык, Ганинин бийликти өткөрүп берүү салтанатына катышуусу келишимдин бир бөлүгү болгон. Ага карабастан Гани жана анын улук жардамчылары өлкөдөн чыгып кетишкен.

Жардамчылар: “сарайдагы кызматкерлерге ал жактан чыгып кеткиле деп айтылган, сарай азыр бош”, - дешет. Андан соң Талибан Reuters агенттигине сарайды алганын билдиришкен.

Өкмөттүк ырасмийлерден азырынча тастыктоо боло элек.

19.52

Россиянын Кабулдагы элчилиги: президент Гани өлкөдөн чыгып кетти

Афганистандын президенти Ашраф Гани президенттик сарайдан качып кеткени тууралуу Интерфакска Кабулдагы орус элчилигинин пресс-атташеси Никита Ищенко билдирген.

Бул тууралуу Tolo News телеканалы да өздүк булактарына шилтеме берип, жазып чыкты. Бирок азырынча бул маалыматтар расмий тастыктала элек. 

АКШ аскерин чыгарып кетүү планын өзгөртпөйт

18:25

АКШнын расмий өкүлү талибдердин Кабулга кирип келгенине карабастан, америкалык аскерлерди сентябрдын ортосуна чейин чыгаруу планын "эч өзгөртпөсүн" билдирди.

Атын атабаган ырасмий Reuters агенттигине билдиргендей, АКШ талибдер элчиликтин кызматкерлерин эвакуациялоо пландарына жолтоо болсо гана жооп берет. Акүй мындан мурда талибдердин иш-аракети америкалык кызматкерлерге коркунуч туудурса, "АКШнын тез жана күчтүү аскердик соккусуна" кабыларын эскерткен.

Президент Джо Байден акыркы билдирүүсүндө Афганистандан аскерлерин чыгарып кетүү аракетине өкүнбөсүн билдирген.

Шейшембиде Акүйдө журналисттердин алдында сүйлөп жатып, президент Байден АКШ Афганистандын алдындагы милдеттерин аткарганын айткан. Ошондой эле абадан колдоо көрсөтүү, аскер кызматкерлерине айлык төлөө жана ооган күчтөрүн азык-түлүк жана жабдуулар менен камсыздоо сыяктуу иштер аткарылганын айткан.

Аягында “эми алар өздөрү үчүн өздөрү согушушу керек”, - деп кошумчалаган.

Талибан өкүлү: “Бийликтин тынч өткөрүлүшүн күтөбүз”

18:07

Талибандын өкүлү Йалда Хаким Би-Би-Сиге ооган элинен “өч алуу болбойт” деп билдирди.

“Биз ооган элин, анын ичинде Кабулдагыларга, алардын өмүрү, мүлкү коопсуздукта экенин ишендиребиз – эч кимден өч албайбыз”, деди Сухаил Шахин Би-Би-Сиге.

“Биз бул өлкөнүн кызматындабыз”.

“Лидерлерибиз биздин күчтөргө шаарга кирбей, Кабулдан дарбазасында турууну буйрук кылды. Биз бийликтин тынч өткөрүлүшүн күтөбүз”.

Ал ошондой эле бардык оогандыктар - Талибандан башкалар дагы, - ислам өкмөтүн түзүүгө катыша тургандыгын айтты.

Кабулдуктар шаардан качышууда

17:40

Талибдердин шаарга кирип келгени айтыла баштаганда, эл Кабулдан качып чыгууга ашыгууда.

Шаардан чыгып кетүүгө агылган машинелердин чоң тыгындары пайда болду. Банктарда дагы эл котолоп, акчаларын кайтарып алууга аракет кылып жатат.

Би-Би-Си мурда сүйлөшкөн ооган депутаты Фарзана Кочай окуяны мындайча сүрөттөйт: "Мен өз үйүмдөмүн, качканга жандалбастан элди карап отурам".

"Көчөлөрдө жана үйлөрдө баштык көтөрүнүп жүргөндөр, кайда качканы жатышат, билбейм ... ушунун баарын көрүп, жүрөк сыздайт", - деп кошумчалады.

Буга чейин согушкерлер Ооганстандын чек арасын басып алгандыктан, Пакистан Ооганстан менен болгон Торхам чек ара бекетин жабаарын билдирген.

Ошондой эле, бир аз мурда Талибан Кабулду толук курчоого алганын билдирген.

Мунун менен Кабул эл аралык аэропортун өлкөдөн чыгып кетүүчү жалгыз жол болуп калды.

Reuters агенттигине жергиликтүү тургун: "Айрымдар машинесин таштап, аэропортко карай жөө жөнөшкөнүн" билдирген.

Бийлик тынч өткөрүлүп берилиши күтүлүүдө

16:50

Афганистандын ички иштер министринин кызматын аткуруучу Абдул Саттар Мирзаквал Кабулга чабуул коюлбагандыгын жана бийлик тынч өткөрүлүп берилерин билдирди. Мирзаквалдын билдирүүсүн жергиликтүү Tolo News телеканалы көрсөткөн.

Ассошиэйтед пресс агенттиги аты аталбаган афган ырасмийине таянып, “Талибан” президенттик сарайга бет алышкананы билдирген.

Буга чейин "Талибан" шаардын жарандык калкына коркунуч келтирбөө максатында өз жоокерлерине борбор шаардын кире бериштеринде туруусун буйрук кылганын билдирген.

Талибан Баграм авиабазасын жана түрмөнү алганын билдирүүдө

16:10

Талибдер Кабулдун четиндеги Баграм аэродрому менен түрмөнү ээлешкенин билдиришти.

Бул комплекс америкалык аскерлер түн ичинде оогандарга кабар бербестен чыгып кеткенге чейин 20 жыл боюу Талибан менен "Аль-Каидага" каршы согуштун чордону болуп келген.

АКШ жетектеген коалициялык күчтөр Баграмга 2001-жылдын декабрында келишкен жана ал 10 000 аскер бата турган чоң базага айланган.

Жорж Буш, Барак Обама жана Дональд Трамп президент болуп турганда базага барып кетишкен.

Баграмда аба майдандан сыткары талибдердин 5000 кишиси камалып турган түрмө бар экенин белгилүү. Талибандын булактары ал туткундар бошотулду деп жатышат.

Баграм түрмөсү Афганистандын Гуантанамосу деп аталып калган.

Ал алгач америкалыктар тарабынан курулуп, иштетилген, бирок 2013 -жылы Ооганстандын көзөмөлүнө өткөрүлүп берилген.

Талибан Кабулдун кире беришинде

15:50

"Талибан" шаардын жарандык калкына коркунуч келтирбөө максатында өз жоокерлерине борбор шаардын кире бериштеринде туруусун буйрук кылганын билдирди.

Талибдер шаардагы коопсуздук үчүн жоопкерчиликти ырасмий бийликке артышууда жана ырасмийлер менен бийликти тынч өткөрүп берүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышканын жарыялашты. Ошондой эле оогандыктардын бардык катмарларына жаңы өлкөдө орун табыларын айтып, аларды өлкөдөн чыгып кетпөөгө чакырышууда.

Бирок Кабулда атышуулар болуп жатканы тууралуу билдирүүлөр түшүп жатат.

Кечээ Мазари-Шариф жана Джалал-Абад шаарлары талибдерге багынып берген.

"Твиттерде" ооган президентинин элди тынчтандыруу үчүн жазган билдирүүсү пайда болду.

"Кабулда айрым ок атуулар болду. Кабулга чабуул болгон жок, өлкөнүн коопсуздук жана корго күчтөрү эл аралык өнөктөштөрү менен бирдикте шаардын коопсуздугун камсыздоо максатында иштеп жатышат. Абал көзөмөлдө”, - деп билдиришкен президенттин өкүлдөрү.

Би-Би-Синин корреспонденти Ялда Нахим борбор калаада талибдерге андай деле чоң каршылык көрсөтүлбөчүдөй деп белгилейт.

Кечээ Мазари-Шариф жана Джалал-Абад шаарлары талибдерге багынып берген. 15-августта талибдер өлкөнүн бардык чек ара өткөөлдөрүн көзөмөлдөп калганы белгилүү болду. Өлкөдөн чыгып кетүүнүн жалгы жолу – Кабул аба майданы болуп калды.

Талибдердин кирип келе жатканы тууралуу кабарлар Кабулда документ жана нак акча алуу үчүн кезектерди жаратты. (ChS))

Сүрөттөр сүйлөйт: Оогандар баш паанек издеп Кабулга келип жатышат

Көптөгөн оогандар талибдердин кыймылынан качып, баш калаа Кабулдан баш паанек издеп келишет. Алар убактылуу лагерлерде калышты.