You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
ХАМАС Газаны темир муштум менен башкарды. Топ чындап эле тилкедеги бийликтен баш тартууга даярбы?
- Author, Пол Адамс
- Role, Би-Би-Синин дипломатиялык кабарчысы, Иерусалим
- Author, Рушди Абуалуф
- Role, Би-Би-Синин Араб кызматынын Газа тилкеси боюнча кабарчысы
Бул Би-Би-Синин кабарчыларынын BBC News сайтында жарыяланган материалынын котормосу.
Газа тилкесин дээрлик 20 жыл башкарып, эки миллион палестиналыкты катуу тизгинде кармап, Израил менен үзгүлтүксүз согушуп келген топ кантип бир заматта куралын таштап, бийликтен баш тарта алат?
Ок атышпоо келишими күчүнө кирген 10-октябрдан бери Газадан тынымсыз келип жаткан сүрөттөргө караганда, ХАМАС тилкедеги бийликти кайрадан өз колуна алууга бел байлагандай.
Бул сүрөттөрдө кайрадан көчөлөрдө пайда болгон ХАМАСтын беткапчан согушкерлери палестиналык каршылаштарын сабап, өлтүрүп жатышканын көрүүгө болот. Баш кесерлердин отряддары тизе бүгүп отурган адамдардын жанын кыйышууда. ХАМАС атаандаш топтордун, атап айтканда, Газадагы таасирдүү кландардын мүчөлөрүн жазалай баштаганын ырасташууда.
Баш кесерлер башка курмандыктардын бутуна ок атып же оор союлдар менен сабашууда.
Биз сүйлөшкөн гуманитардык кызматкерлердин биринин айтымында, ХАМАС азыр жазалап жаткандардын айрымдары мародерлук менен алектенип, гуманитардык жардамды уурдаган топторго киришкен.
Кылмыштуу топтор жардамды уурдап алары тууралуу БУУнун өкүлдөрү да айтып жүрүшөт.
Азырынча бул АКШ президенти Дональд Трамптын тынчтык планында сүрөттөлгөнгө эч окшошпогон бир көрүнүш болууда. Трамптын планына ылайык, ХАМАСтын согушкерлери куралдарын өткөрүп берип, мунапысты кабыл алып, Газадан чыгып кетип, тилкени эл аралык күчтөргө өткөрүп берүүгө тийиш.
Президент Трамп өзү алгач Газада болуп жаткан мыкаачылыктарга эки жактуу мамилесин көрсөтүп келген.
13-октябрда Израилге бара жатып, ал АКШ ХАМАСка (АКШ, Улуу Британия, Израил жана башка өлкөлөрдө террордук уюм деп таанылган) тартипти калыбына келтирүүгө уруксат бергенин айткан.
"Биз аларга кайсы бир убакытка уруксат бердик", - деген эле Трамп Air Force One президенттик учактын бортунда журналисттерге.
Үч күндөн кийин ал сөздөрүн өзгөрттү.
"Эгерде ХАМАС Газада адамдарды өлтүрүүнү уланта берсе, бизде тилкеге кирип барып, аларды өлтүрүүдөн башка аргабыз калбайт", - деп жазган эле ал Truth Social платформасына.
Эмесе, Газадагы азыркы кырдаалда ХАМАСтын абалы кандай?
Өз эли үчүн болуп көрбөгөндөй азапты жана лидерлеринин көбүнүн өлүмүнө алып келген эки жылдык согуштан кийин бул топту эмнелер күтүп турат? Негизи эле анын келечеги барбы?
"Мыйзам да, тартип да жок"
Эки жылдык согуштан жана токтобой келаткан азаптан чарчаган көптөгөн газалыктар үчүн бул кайгылуу жана татаал эндшпиль (оюндун соңу – котормочунун кыстырмасы) күтүүсүз болгон жок.
Биз Газанын тургундарын, анын ичинде гуманитардык кызматкерлерди, юристтерди, ошондой эле ХАМАСтын лидерлеринин биринин мурдагы кеңешчисин кепке тарттык. Алардын ар биринде "ХАМАС куралын таштап, бийликтен баш тартышы канчалык мүмкүн?" деген суроого өз пикири бар. Тилкедеги кырдаалды эске алганда, негизи эле азыр муну жасаш керекпи?
"Эки жылдан бери эч кандай мыйзам да, тартип да жок, - деди Газа тилкесинин борборундагы Дейр ал-Балахта жашаган гуманитардык уюмдун кызматкери Ханья Алжамал. – Бизге баарын көзөмөлгө ала турган бирөө керек".
"ХАМАС Газаны башкарууга канчалык жараксыз болсо дагы, алар бандаларга караганда кыйла жакшы болчу", - деди Ханья.
"Мыйзамдын ордуна өздөрүнүн эрежелерин киргизүүгө аракет кылган адамдар бар чакта, аларды коркутуп, өз ордуна кое ала тургандар да керек", - дейт учурда Газадагы аналитикалык борборду жетектеген жана ХАМАСтын жетекчилигине жакын доктор Юсеф.
Тынчтык планында каралган эл аралык турукташтыруу күчтөрүнө токтолуп, Юсеф буларды айтты: "Бул убакытты талап кылат. Бирок өтө көп деле эмес. Бир айдын ичинде Түркия менен Египеттен полиция бөлүктөрүн жана жоокерлерин кабыл алабыз". Бул контингентке Египеттин, Түркиянын жана башка өлкөлөрдүн аскер кызматкерлери кириши мүмкүн.
"Мына ушундан кийин гана алар (ХАМАС) куралдарын таштайт", - деп убада берет доктор Юсеф.
Газанын башка тургундары мындай пландан күмөн санашууда. Айрымдар ХАМАС бийликтен же куралдан таптакыр баш тартат дегенге ишенишпейт. Алардын бири – ХАМАС бир нече жолу түрмөгө отургузган газалык юрист Мумен ал-Натур.
Июлда юристтин Газадагы батирине ХАМАСтын беткапчан жана куралчан адамдары келип, ал-Шифа ооруканасына суракка келүүнү буйруган. Мумен ал-Натур ошондон бери жашырынып жүрөт.
"ХАМАС дүйнөгө жана президент Дональд Трампка бийликтен баш тартпай турганын жана куралдарын тапшырбастыгын айтып, ишарат берүүдө. Эгерде мен азыр ХАМАСтын колуна түшүп калсам, алар көчөдө эле мени өлтүрүп, муну видеого тартып алышмак", - дейт ал. Юрист Газа тилкесиндеги жашыруун жайынан бир нече видеолорду жаздырган.
Анын артындагы дубалда октон кийин калган тешикти көрүүгө болот.
"Бул өкмөт эмес, кылмыштуу топ, - дейт ал ХАМАС жөнүндө. – Мен алардын Газада калышын каалабайм... Мен алардын өкмөткө келишин жана тартип коргоо органдарында болушун каалабайм. Мен алар өз идеяларын мечиттерде, көчөлөрдө же мектептерде жайылтышын каалабайм".
"ХАМАС Газада үстөмдүк кылуучу оюнчу бойдон калууда"
Ал-Натурдун Газа кандай болушу мүмкүн экендиги жөнүндө өз элеси бар.
Анын баамында, учурда ХАМАСтын чабуулуна кабылган ар башка топтор жаңы тартип коргоо түзүмдөрүнө интеграцияланса болот.
Бирок бул талаштуу сунуш, себеби, бул топтор ар кандай максаттарды көздөгөнүн, айрымдары өткөн чакта көп жаман иштерге барганын жана кээ бир учурларда Израил армиясы менен байланышта болгонун эске алыш керек.
Израилдин аскердик чалгындоо кызматынын Палестина иштери боюнча бөлүмдүн мурдагы башчысы Майкл Мильштейн: "Израилдиктерге моюнга алуу кыйын болсо да, иш жүзүндө ХАМАС дагы эле ишин улантууда жана Газа тилкесинде үстөмдүк кылуучу оюнчу бойдон кала берүүдө".
"Шектүү оюнчуларга — ИГИЛ ("Ислам мамлекети" тобу, Орусияда жана башка өлкөлөрдө террордук деп жарыяланып, тыюу салынган — Би-Би-Си) менен байланышы бар, Израилге каршы террордук чабуулдарга катышкан кландарга, бандаларга, куралдуу топторго таянып, аларды ХАМАСка альтернатива катары кароо – бул иллюзия", - дейт Мильштейн.
ХАМАСтын өкүлдөрү Газанын үстүнөн саясий көзөмөлдү өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди. Трамптын ок атышууну токтотуу планын кыймыл "(Газа тилкесинде) убактылуу өткөөл башкарууну Палестинанын саясий эмес кесипкөй башкаруучулардын комитетине берилет" деген талап менен кабыл алган.
Бирок топ саясий бийликтен баш тартууга даяр болгон күндө да (палестиналыктар менен израилдиктердин көбү мындан күмөн санашууда) согушка чейин да, 2023-жылдын октябрына чейин да негизинен куралдын күчүнө таянган уюмдун согушкерлерин курал-жарагын таштоого көндүрүү олуттуу кадам болуп саналат.
ХАМАСтын таасири жана "темир тартиби"
ХАМАС эми мындан ары эмне болот деген татаал суроого жооп бере баштоо үчүн артка кылчайып, бул топ бийликти кантип бекемдегенин түшүнүп алуу керек.
ХАМАС 1980-жылдары Египеттеги "Мусулман агайындар" кыймылынын радикалдуу бутагы жана светтик Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун (ПБУ) каршылашы катары пайда болуп, убакыттын өтүшү менен радикалдуу куралдуу топко айланып, Израилдин карапайым тургундарына кол сала баштаган.
Башында Израил ХАМАСты жашыруун колдоп келген, себеби бул уюмду ПБУга жана анын үстөмдүк кылган ФАТХ фракциясына каршылык көрсөтө алган күч катары көргөн. Ошол жылдары ФАТХты Ясир Арафат жетектечү.
"ФАТХ негизги душман болчу, - дейт Израилдин ички коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Ами Аялон, - себеби, дал ушулар Палестина мамлекетин түзүүнү талап кылышкан".
Бирок 1990-2000-жылдары ХАМАС жанкечтилерди колдонуп, израилдиктерге каршы теракттарды жасай баштаганда, Израил кыймылдын лидерлерин жок кылуу үчүн бир катар операциялар менен жооп кайтарган.
ФАТХ менен бийлик үчүн ырайымсыз кармаштын натыйжасында 2006-жылдагы шайлоодо ХАМАС жеңишке жетип, Газа тилкесине толук көзөмөлдү орноткон.
Андан соң ХАМАС тилкени 18 жыл башкарып, ал Израилдин аскердик жана экономикалык блокадалары жана 2008-2009, 2012-, 2014- жана 2021-жылдардагы куралдуу кагылышуулар менен коштолду.
Израил 2023-жылдын октябрынан бери "ХАМАС – бул ИГИЛ" деп ырастап келгени менен, ага чейин премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун өкмөтү ХАМАСтын стратегиялык коркунучу жок деп эсептечү.
"Нетаньяхунун саясаты жаңжалды башкаруу болгон, - дейт Ами Аялон. – Ал (Нетаньяху) "биз бул маселени чечүүгө умтулбайбыз жана эки мамлекеттин идеясына толугу менен каршыбыз, ошондуктан бийликти бөлүп алып, башкаруу гана калды", - деп айтчу".
Газаны көзөмөлдөгөн ХАМАС жана Израил басып алган Батыш жээктин бир бөлүгүн башкарган президент Махмуд Аббас жетектеген Палестина автономиясы менен палестиналыктар дүйнөдөн обочодо калган, бул болсо Израилге тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн бирдиктүү өнөктөшү жок деп айтууга шарт түздү.
"(Нетаньяху) Газадагы ХАМАСты колдоо үчүн баарын жасады, - деди Аялон мырза. – Ал Катарга аларга […] 1,5 миллиард доллардан ашык акчаны жөнөтүүгө жол ачты".
Катардан келип жаткан акча расмий түрдө мамлекеттик кызматчылардын маянасын төлөөгө жана эң жакыр үй-бүлөлөрдү колдоого багытталганы менен, Израилдин чалгындоо кызматкерлери бул акча максатка ылайык колдонулбай жатат деп кооптонушкан.
"„Шин Беттин“ директору менен „Моссаддын“ башчысына бул акча аскердик инфраструктурага жумшала турганы түшүнүктүү болчу", - деп кошумчалайт Аялон.
Нетаньяху ХАМАСка акча которууга уруксат берүү керектигин жана бул акча карапайым калкка жардам берүүгө жумшаларын далилдеп келген.
ХАМАС согушка дайыма даярданып жүргөн
7-октябрдагы окуялар көздү теше көрсөткөндөй, ХАМАС согушка ар дайым даярданып келген. Мунун өзгөчө айкын далили – ХАМАС курган туннелдердин бутактанган тармагы.
Туннелдер буга чейин 2000-жылы башталган Палестинанын экинчи көтөрүлүшү же "Интифада" маалында Израил армиясынын турумдарына чабуул коюу үчүн колдонулган.
2006-жылы ХАМАСтын согушкерлери Израил менен чек аранын астындагы туннелди пайдаланып, Керем-Шаломдун жанындагы аскер бекетине кол салып, эки израилдик аскерди өлтүрүп, үчүнчүсүн – Гилад Шалитти барымтага алышкан.
Гилад беш жыл туткунда болуп, 2011-жылы 1027 палестиналык туткунга айырбашталган. Түрмөдөн бошотулган палестиналыктардын арасында Яхья Синвара да бар болчу, ал 2023-жылдын октябрында ХАМАСтын чабуулдарын уюштургандардын бири.
Бара-бара ХАМАСтын туннелдер тармагы кеңейип, анда устаканалар, курал-жарак чыгаруу жайлары жана башкаруу борборлору пайда болгон.
Кырдаалдын өнүгүшүнө чөлкөмдөгү окуялар да таасирин тийгизди. 2012-жылы Ливиянын диктатору Муаммар Каддафи бийликтен кулагандан кийин жана Египетте "Мусулман агайындар" кыска мөөнөткө бийликке келген соң ХАМАС Газага жогорку технологиядагы курал-жаракты жашыруун алып кирүүгө мүмкүнчүлүк алды. Алардын арасында снайпердик мылтыктар жана мобилдик ракеталык түзмөктөр, ошондой эле узак аралыкка учуучу ракеталарды өндүрүү үчүн жабдуулар бар.
ХАМАС Ливан жана Ирак сыяктуу жерлерде туннелдерди курууда тажрыйбасы бар техникалык адистерден жана согушкерлерден жардам алганы болжолдонууда.
Ирандын жардамы да негизги ролду ойноду. Иран ХАМАСты өзүнүн "Каршылык көрсөтүү огунун" табигый бөлүгү, Израил менен АКШны жек көргөн, Жакынкы Чыгыштагы куралдуу топтордун эркин коалициясы катары кабыл алат.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2020-жылдагы отчетунда Иран жыл сайын палестиналык согушчан топторго, анын ичинде ХАМАСка 100 миллион долларга жакын акча которуп турганы айтылат.
Айрым туннелдер жер астында 70 метр тереңдикте экени, алардын курулушу жылдарга созулуп, ар бирине он миллиондогон доллар сарпталганы айтылат. Алар ХАМАСтын жогорку даражалуу командирлерин коргоого жана алыскы аралыкка атуучу куралдарды сактоого багытталган.
Газанын туннель системасы менен тааныш жергиликтүү эксперт алардын жалпы чыгымы болжол менен 6 миллиард долларды түзгөнүн Би-Би-Сиге айтты.
Так маалыматтарды алуу кыйын, бирок туннелдердин бутактанган тармагы 400 чакырымга чейин созулат деп айтылып келет. Газа тилкесинин узундугу 40 чакырымдай, туурасы бештен 12 чакырымга чейин жетет.
Туннелдер: сыр чырмаган долбоор
Туннелдер, алардын жайгашкан жери же баасы тууралуу ачык талкуулар үчүн Газанын тургундарын тыңчылык боюнча айыптоолор күтөт, алар камакка алынып, андан да оор жаза алышы ыктымал. Бирок көптөр эмне болуп жатканын билишчү.
Жергиликтүү тургундар мүнөздүү белгилерди байкашкан: кум менен чопо ташып чыгарылып, туннелдерге кире бериштер капысынан пайда боло калып, техникалар түн жамынып киргизилчү.
Газаны обочодо калтырууга атайын жооп катары башталган нерсе 30 жыл ичинде көп деңгээлдүү жер астындагы өнөр жай жана аскердик комплекске айланды.
Убакыттын өтүшү менен бул тармактын көбү Газанын жарандык инфраструктурасынын астында, анын ичинде ооруканалардын, мектептердин алдында жашырылганы белгилүү болду. Ал тургай, ХАМАСтын дайындарды иштетүү борборунун туннели БУУнун Жардам берүү жана ишке орноштуруу агенттигинин (UNRWA) Газа шаарындагы башкы кеңсесинин астында орун алган.
2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын согушкерлери Израилге бастырып кирип, 1200дөй адамды өлтүрүп, 251 кишини барымтага алгандан кийин туннелдер жер астындагы чоң түрмөгө айланды. Туннелдерде барымтага алынгандардын баарын эле кармашкан эмес, бирок алардын көбү ошол жерде болчу. Айрыкча согуш создуккан сайын алар туннелдерден чыгарылбай кармалды.
Эң белгилүү туткундардын бири Эли Шараби 491 күн барымтада кармалган. Ал туткундагы 52-күнүндө баш калкалоочу жайдан туннелге которулган.
"Алар биздин кол-бутубузду аркан менен байлашчу, - деп айтып берди ал Би-Би-Сиге ушул айдын башында. – Катуу ооруну сезгендиктен маал-маалы менен эс-учумду да жоготуп койчумун. Бир жолу алар кабыргамды сындырышты".
Февраль айында боштондукка чыкканда Эли 30 килограммдан ашык салмак таштаганы белгилүү болду.
ХАМАС ок атышууну токтотуу же Израилдин түрмөлөрүндө кармалган палестиналыктарды бошотуу үчүн барымтадагыларды соодалашуу каражаты катары колдонгон. Алардын тагдыры боюнча сүйлөшүүлөр уланып жаткан чакта ХАМАС акырындык менен Израилдин коомчулугуна ырайымсыз видеолорду берип турган. Бул тасмалардан барымтадагылар өтө алсыз абалда экенин көрүүгө болот.
Юсефтин ырасташынча, ички жана тышкы кысым акыр соңунда ХАМАСты бул стратегиядан баш тартууга мажбур кылды.
"Катар, Египет жана Түркия, ошондой эле бул жактагы жер которгондор үчүн лагерлерде жашаган адамдар ХАМАСтын өлкөнүн тышындагы лидерлерине ачык айтышты: жетишет, жасаганыңар өтө эле чектен чыгып кетти".
Ал арада Израил туннелдерди жок кылууну улантууда, адатта туннелдерге жетүү үчүн анын үстүндөгү турак жайларды да талкалоодо.
Израилдик инженер-куруучу жана Хайфадагы Технион университетинин жер астындагы согушту изилдөөчүсү Йехуда Кфир: "Коргоо мекемесинин басылмаларына ылайык, эсептөөлөр туннелдердин 25 пайыздан 40 пайызга чейини зыянга учураганын көрсөтүп турат".
"ХАМАС Израилдин армиясы ар кандай ыкмалар менен талкалаган инфраструктураны, анын ичинде туннелдерди калыбына келтирүүгө умтулаары талашсыз".
Талкаланган жетекчилик
Бул туннелдерди калыбына келтирүү – бир иш. Башка бир иш – уюмдун өзүн кайра жандандыруу. Акыркы эки жылдагы окуялардан кийин ХАМАСтын жетекчилиги талкаланды.
Израил Газада, Иранда, Ливанда жана Катарда топтун негизги саясий жана аскерий лидерлерин жок кылуу үчүн эбегейсиз күч-аракеттерди жумшады.
Дүйнө жүзүн кыдырып, өз максаттарын таанытып келген атактуу, эл аралык деңгээлде таанылган лидерлерден баштап, Газадагы батальон командирлерине чейин ХАМАС дээрлик бардык таасирдүү ишмерлерин жоготту.
2024-жылы июлда Израил Тегеранда ХАМАСтын таасирдүү лидери Исмаил Ханияны жок кылды. Үч айдан кийин анын мураскери, такыр колго түшпөй жүргөн Яхья Синвар Рафахтагы үйдүн урандысында калган.
Бул негизги фигуралардан жана анын куралдуу канатынын миңдеген согушкерлеринен ажыраганына карабастан, топ радикалдашкан жаш согушкерлердин жаңы муунун өзүнө тартып, "сокку уруп, жашырынып кетүү" принциби боюнча партизандык чабуулдарды жасоого багытталган чакан уячаларга бөлүнүп, кармаша берди.
Бирок 2025-жылдын октябрындагы ХАМАС – бул 7-октябрдагы чабуулдардын артында турган уюмдун кубарган бир көлөкөсү. Азыркы лидерлер анча белгилүү эмес жана эң негизгиси, иш жүзүндө эч кандай саясий тажрыйбасы жок.
55 жаштагы Эззедин ал-Хаддад азыр беш мүчөдөн турган аскерий кеңешти жетектейт. Бул аскердик кеңеш ХАМАСтын куралдуу канаты болгон Изз ад-Дин ал-Кассам атындагы бригаданы көзөмөлдөйт.
Газанын чегинде топтун саясий жетекчилигинин аман жүргөн лидерлери – Халед Мешаал (1997-жылы Иорданияда Израилдин ишке ашпай калган кол салуу аракетинен аман калган), Халил ал-Хайя жана Мухаммад Дарвиш.
Алардын баары 9-сентябрда Израилдин учактары Катардын Доха шаарындагы имаратка сокку урганда аман калышкан деп болжолдонууда. Бул имаратта АКШнын ок атышууну токтотуу тууралуу акыркы сунуштарын талкуулоо үчүн жыйын өтүп жаткан.
ХАМАС "согуштан чарчады"
Газада зомбулук уланып жатканына карабастан, ХАМАСтын мурдагы кеңешчиси Ахмед Юсеф бул топ согуштан чарчаганын ырастайт.
Ал 7-октябрдагы окуяны түз айтпаса да, жаңжалга "өтө жаман ката" себеп болгонун, "башкача мамиле" керектигин айтат.
"Мен алардын көбү менен сүйлөшүп турам. Алар Газаны башкарууга мындан ары кызыкдар эмес экенин айтышат", - дейт ал.
"Бирок ХАМАСта 100 000ден ашуун адам бар жана алар бир заматта жок болуп кетпейт".
Анын айтымында, ХАМАС саясий турмушка катышууну улантуу үчүн бейнесин өзгөртүүгө умтулууда. Ал бул процессти АНКнын өзгөрүүсү менен салыштырат. АНК партизандык каршылык көрсөтүүдөн апартеидден кийинки Түштүк Африкадагы саясий лидерликке жеткен.
"Эгерде шайлоо эртең өтсө, - дейт ал, - ХАМАС башка ат менен чыгып, саясий турмушка катышууга даяр, тынчтыкка умтулган уюмдай таасир калтырмак".
"Зомбулук эч бир саясий партиянын [күн тартибинин] бөлүгү боло албайт".
Мильштейн күмөн санап турат. "Газада жаңы жергиликтүү режим пайда болгон күндө да, көшөгө артында, албетте, ХАМАС үстөмдүк кылган күч бойдон кала берет", - деп ырастайт ал.
Анын айтымында, куралсыздануу ыктымалдыгы андан да азыраак. Ал алдыдагы беш жылдын ичинде Газада жаңы согуш болорун болжолдойт.
Бирок ШАБАКтын мурдагы башчысы Ами Айялон Израил душманга каршы күрөшүүнүн башка жолун издеши керек деп эсептейт.
"Эгерде биз идеологияны жеңе албасак, алар эч качан жеңилбейт", - дейт ал.
"Идеологияны жеңүүнүн жалгыз ыкмасы – Палестина менен Израил элине жаңы келечекти – эки мамлекеттин келечегин түзүү жана муну көрсөтүп берүү".
Азыркы учурда мындай перспектива жок, бул балким Мильштейндин божомолун Ами Айялондун жалпы келечекке болгон көз карашына караганда көбүрөөк жакын кылат.
Бирок ХАМАС канчалык алсыз болсо да, ал толук ал-күчтөн тая элек. Кандай гана болбосун, Израил аны менен дагы көпкө чейин эсептешүүгө мажбур болушу мүмкүн.
Макала которулуп бүткөндөн кийин ЦАХАЛ ХАМАСтын согушкерлеринин ондогон буталарына сокку урганы тууралуу кабарлар чыкты. Мунун алдында Израил ХАМАСты Газада израилдик жоокердин өмүрүн алган чабуул койду жана барымтадагы каза болгондордун сөөктөрүн кайтаруу шарттарын бузду деп айыптаган эле. Радикалдуу топ кол салууга эч кандай тиешеси жок экенин жана тынчтык келишимин карманып жатканын ырастоодо. 30-октябрда Израил армиясы Газадагы ок атышпоо келишими калыбына келтирилгенин билдирди. (ZMa)