АКШ америкалыктарды Украинадан кетүүгө чакырды

Аймактагы кырдаал чыңалып жаткан шартта АКШ Украинадагы элчилигинде иштеген кызматкерлердин туугандарына өлкөдөн чыгып кетүүгө буйрук берди.

АКШнын Мамлекеттик департаменти башкы кызматты ээлебеген элчиликтин башка кызматкерлерине кетүүгө уруксат берип, Украинадагы америкалыктарды өлкөдөн чыгып кетүүгө үндөдү.

Расмий билдирүүдө Орусия Украинага каршы олуттуу аскердик аракетке өтүүнү пландап жатканы айтылат.

Орусия Украинаны басып алганы жатат деген сөздөрдү четке кагып келет.

Ошондой эле Мамдепартамент чыңалган кырдаал сакталып тургандыктан өз жарандарына Украина менен Орусияга барбай турууну эскертти.

Мамдепартаменттин өкүлү AFP маалымат агенттигине билдиргендей, Украинадагы элчилик жабылбайт. Бирок ал Ак Үйдүн басып алуу “ар кайсы” убакта болушу мүмкүн экени тууралуу эскертүүсүн кайталады.

Мекемеден билдиришкендей, өкмөт “АКШнын жарандарын өзгөчө абалда эвакуациялай албайт”.

Болжолдуу 100 миң орус аскери Украинанын чек арасына жакын аймакта жайгашкандан кийин НАТО аскердик коргоо альянсынын башчысы Европада чыр-чатак чыгуу коркунучу боюнча эскерткен.

Ишембиде Украинага АКШдан болжолдуу 90 тонна “кыйратуучу жардам”, анын ичинде “алдыңкы саптагы коргоочуларга” курал-жарактар жеткирилди.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин айтымында, өкмөт “Владимир Путиндин эсебине кирген бир катар чараларды” иштеп чыгууда. Анын ичинде көбүрөөк аскердик жардам көрсөтүү аркылуу Украинада коргонууну күчтөндүрүү да бар.

Украина Москвага ыктаган президентин бийликтен кулатканда Орусия 2014-жылы Украинага таандык Крым жарым аралын аннексиялаган.

Ошондон бери Украинанын күчтөрү өлкө чыгышындагы Орусия менен чектешкен аймактарда жайгашкан козголоңчулар менен согушуп келатат. Аталган козголоңчулар Орусиядан колдоо алып турушат. Болжолдуу 14 миң киши Донбас аймагында каза болгон.

Жекшембиде Британиянын Тышкы иштер министрлиги Путинди Украинанын өкмөтүн жетектөө үчүн Москвага ыктаган кишини коюуну пландап жатат деп айыптап чыкты.

Британиянын министрлери эгерде бастырып кирүү ишке аша турган болсо, анда Орусиянын өкмөтү олуттуу кесепетин көрөрүн айтып эскертишти. (EA)