You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Мессинин контрагы бүтүп, бош калды
Дүйнөдөгү эң мыкты футболисттердин бири эркин агент болуп калды. Бир нече айдан бери узартылышы мүмкүн экени айтылып жатканына карабастан, бүгүн аргентиналык супер жылдыздын Барселона клубу менен келишими аяктады.
Жаңы контракт боюнча сүйлөшүүлөр болору күтүлүүдө. Демек, Месси Барселонада дагы калышы мүмкүн. Бирок азырынча ал бош.
Эмки сезондо Месси кайсы клуб үчүн ойнойт?
Испаниялык футбол серепчиси Гилем Балагуе бул аптада Барселона июлдун башына чейин Месси менен эки жылдык контрактка кол коюуга жетишүү максатында контракт боюнча сүйлөшүүлөрдү “тездетүү деңгээлин жогорулатканын” жазган. Анын маалыматы боюнча:
“Месси менен контрактты жаңыртуу клубдун жаңы президенти Жоан Лапорта үчүн негизги максат. Ал учурда Мессинин атасы жана өкүлү, Жорж Месси менен түз сүйлөшүүлөрдү улантууда”.
“Ла-Лиганын (La Liga) “Калыс финансылык оюн” талаптарына ылайык, клуб “Мессинин кармап калыш үчүн айлык фондун 200 миллион еврого кыскартышы керек”.
“Месси башка клубдардын ага болгон кызыкчылыгын билет, бирок биринчи Барселона кандай сунуш берерин күтүп, башкалар менен сүйлөшүүлөрдү баштай элек”.
Учурда Месси Бразилияда өтүп жаткан Америка Кубогунда Аргентина үчүн ойноп жатат. (ChS)