Футбол деп Украина уктабай калды. Киевдеги кыргыздын маеги

Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Футбол боюнча Европа чемпионаты абдан кызуу өтүп жатат. Өзгөчө кечээ кечинде Украинанын курама командасы Швециянын командасы менен беттешип, жеңип алганы футбол күйөрмандары арасында негизги темага айланды. Оюндун эсеби 2-1 менен аяктаган.

Би-Би-Си бир топ жылдан бери Украинанын борбору Киевде жашап, иштеп жаткан кыргыз ишкери Талай Сарыны кепке тартып, украиналыктардын маанайын сурады

Бүйүр кызыткан Украина-Швеция оюну...

Талай Сары: Эми албетте, украин эли үчүн абдан чоң сүйүнүч. Австрия менен беттештен кийин көпчүлүгү эми кандай ойношот болду экен деп санааркап, күтүп турушкан. Мен да ошондой ойдо элем. Бирок, жүрөктүн тереңинде жеңет го деген үмүт бар эле. Украиндер 2012-жылы дагы Швецияны жеңип алган эле. Ошондон улам утат го деп турушкан. Жарым жартылай ишеним менен келишти десем болот.

Би-Би-Си: Өзүңүз бул беттешти кайдан көрдүңүз?

Талай Сары: Уулум экөбүз үйдө олтуруп көрдүк.

Би-Би-Си: Кошуна-колоңдун, өзүңүздүн реакцияңыз кандай болду?

Талай Сары: Гол кирген учурда райондун баары жаңырып, дүңгүрөп эле кетти. Уктап жаткан балдардан бери ойгонуптур. Уктаган киши жок, кыз-эркек дебей баары эле футболду гана сүйлөп калышты. Талкуулаганы дагы ошол тема. Ушундай футболисттер бар турбайбы деп калышты. Албетте, футбол күйөрмандары билчү, эми жалпы эл таанып калды. Украина курамасы эгерде Англияны ута турган болсо анда укмуш чоң ийгилик болот. Эми Лондондон Римге өтөт. Англия матчынан кийин көрөбүз. Балким утуп да кетиши мүмкүн. Мен эгерде Германияга туш келип калса ута албайт деп жаткам. Англия менен болсо шанс бар. Себеби, Англия бирде жакшы, бирде начар ойнойт. Ага да ишенип турабыз. Азыр баары эле Англия менен беттешти күтүп жатышат. Ушуну көрөлү деген маанай, үмүт, аябай чоң күтүү бар.

Би-Би-Си: Демек, негизги оюн алдыда деп турашкан экен. Ошого карабай утса мындай кылам, тигиндей кылам деп өз ара мелдештер башталып калса керек?

Талай Сары: Ооба, андай болуп жатат. Ал эмес, эгер утса силерге кой союп берем деп мен дагы досторго убаданы берип койдум.

Би-Би-Си: Кайсы футболчулар элдин сүймөнчүгүнө айланды?

Талай Сары: Албетте, Зинченко, Ярмоленко лидер, Шопаренко андан сырткары дарбазачынын абдан мактап жатышат. Жакшы дарбазачынын өзү эле жарым команда дегендей. Өзгөчө баса белгилеп башкы тренерди мактап жатышат. Укмуштай тактиканы тандады деп ага эл аябай ыраазы.

Би-Би-Си: Сүйүнүчтөн вирустун коркунучун унутуп деле калышса керек

Талай Сары: Ооба, негизи бул жакта чон толкун өтүп кеткен. Апрель, майда толугу менен жабык болду дегендей. Азыр болсо аябай эле минимумда турат.

Муну да окуңуз: