You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Талай Сары: Украина шайлоо сайын алдыга жылса, Кыргызстан артка кетет
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Украинанын кызматка жаңы киришкен президенти Владимир Зеленский ант берип жатып, Жогорку Раданы тарата турганын жарыялады.
Украина демекчи, кыргызстандыктар да бул өлкөдөгү соңку өзгөрүүлөргө маани берип, байкоо салып турган чак.
Убагында бир союзга мүчө болгон мамлекеттердин ортосундагы айырмачылык, окшоштуктарды көпчүлүк талдап жатышат.
Би-Би-Си он жылдан ашуун Украинада жашап жаткан кыргызстандык ишкер Талай Сарыга кайрылып, президенттин ант берүү аземинен кийин элдин маанайы кандай деп сурады.
Талай Сары: Негизи элдин маанайы көтөрүңкү. Бирок, ошол эле учурда Рада күтүүсүз тарагандан уламбы, айтор эми эмне болуп кетет деп санааркап тургандар да жок эмес.
Би-Би-Си: Санааркагандар басымдуубу же кубангандарбы?
Талай Сары: Жеке оюмда кубангандар арбын. Себеби, шайлоочулардын 73 пайызы жаңы президентке добуш берген соң, анын электораты катары анын чечимдерин сүрөөнгө алып жатышат.
Би-Би-Си: Шайлоодон жеңилген соң мурунку президент жаңы президентти жеңиши менен куттуктап, бирок өзү саясаттан кетпей, аягына чейин күрөшөм деп айтканы бар. Эл арасында бул боюнча кандай пикирлер айтылып жатат?
Талай Сары: Порошенконун өзүнүн партиясы, Радада фракциясы да бар. Мындан сырткары В. Кличконун партиясы менен ымаласы абдан эле жакшы. Ушундан улам анын саясий салмагы бар деп толук ишеним менен айтууга болот. Дүйнөнүн кайсы гана өлкөсүндө болбосун, салмактуу жана тажрыйбалуу оппозициянын болгону жакшы. Бул бийликке да керек. А Украинанын мисалында Зеленский кандай иштебесин, Порошенко тең салмак боло турган күч катары жүргөнү маанилүү деп ойлойм.
Би-Би-Си: Ант берүү учурунда эң негизги көңүл бөлө турган билдирүүлөрдүн бири - президенттин "Жогорку Раданы таратам" дегени болду. Эми жарлыкка кол койсо эле бул ишке ашканы калды. Рада өлкөдө чоң саясий күч деп саналган соң, аны ушунча кыска мөөнөттө эле таратып салат деп эл күттү беле?
Талай Сары: Жеке мен бүгүнкүдөй 45 мүнөттө эле Раданы чилдей тартып жиберет деп күткөн эмесмин. Эл да күтпөсө керек. Бирок, бул тууралуу саясий чөйрө билген болушу толук ыктымал. Эл үчүн таң калыштуу эле болду. Эгер мен жаңылбасам, алты айдан соң Раданын мөөнөтү аяктап, жаңы шайлоо болмок. Бул, балким, "оппозиция аяк-башын жыйып, күчтөнүп кеткенче таратайын" деп ойлонулган саясий жүрүштүр. Балким, көптү күтүп жаткан элге мына деп көрсөтө турган саясий жүрүш болгондур. Кандай болгон күндө да элдин калың катмары мындай болуп кетет деп күткөн эмес.
Би-Би-Си: Ушул эле ант берүү учурунда ооздон чыгаар замат эле учкул сөз катары тарай баштаган дагы бир ой айтылды. Зеленский: "иш бөлмөлөргө президент катары менин портретимди эмес, балаңардын сүрөтүн илсеңер жарашат. Чечим кабыл алган сайын ошолордун көзүн карап, ошолордун келечегин ойлогула" деди. Эл кандай кабыл алды?
Талай Сары: Муну жакшы жышаан көрүп, эмитен эле укмуш фраза катары айта башташты.
Би-Би-Си: Зеленский менен украиналык миллиардер Коломойскийдин тыгыз байланышы барын, керек болсо Зеленский Коломойскийдин даярдалган талапкери деген сөздөр шайлоого үгүт маалында эле айтылып келди. Чындап эле чет жакта келе албай жүргөн Коломойский президенттик шайлоодон соң Украинага келди деп кабар тарады. Эл ушундан улам шайлоо олигархтардын эле күрөшү болуп калган экен деген жокпу?
Талай Сары: Өнүккөн өлкөлөрдө партиялар менен идеологиялардын таймашы болот. Артта калган өлкөлөрдө болсо кландардын гана кармашы жүрөт. Эл азырынча "кландардын күрөшү эмес, чыныгы шайлоо өттү" деген үмүттө турат. Алар элдин чыныгы өкүлү шайланды деген ишенимде.
Би-Би-Си: Ант берүү аземине кимдер чакырылды деген тизме да өзүнчө талкуу жаратты. Анда Орусия президенти баштап, казак президенти да тизмеде жоктугун интернет колдонуучулар жазып жатат. Коноктор Европа өлкөлөрүнөн жана Америкадан чакырылыптыр. Сиздин оюңузча бул эмнени түшүндүрөт?
Талай Сары: Өнүгөм, өсөм деген мамлекеттердин бир гана багыты бар. Бул Батыш!.
Би-Би-Си: Президенттик шайлоого Юлия Тимошенко сыяктуу эски саясатчылар да катышты. Аны Михаил Саакашвили да сүрөөнгө алды. Эл арасында Саакашвили тууралуу пикир кандай?
Талай Сары: Эл арасында имиш-имиш кептер тарап жатат. Элдин айтуусуна караганда, "Михаил Саакашвили баш прокурор болот экен" деген сөз чыкты. Бирок менин жеке оюмча ал киши коррупцияга каршы кызматты жетектесе укмуш болмок. Себеби, анын бул багытта аябай зор тажрыйбасы бар экенин баары билет.
Би-Би-Си: Украина дагы, Кыргызстан дагы кезинде бир союзга кирип, бирдей системаны башынан кечирди. А азыр болсо ортосунда кыйла айырма бар. Украина кайсы жагынан Кыргызстанга өрнөк боло алат деп ойлойсуз?
Талай Сары: Эң чоң катабыз бул шайлоо учурунда административдик ресурсту колдонууну, добуш сатып алуу деген ыпылас, жийиркеничтүү иштерди токтотсок мыкты болмок. Узак убакыттан бери Украинада жашап беш колдой билип калдым. Саналуу эле жыл мурун эки өлкө дээрлик окшош болчу. Ошол эле добуш сатып алуу, шайлоону бурмалоо, арак, чай таратуу, коркутуп, үркүтүү, "карусель" ыкмасы жана башка бар эле. Украина акыркы эки шайлоодо ушул илдеттерден арылды. Административдик ресурс деген унутулду. Алар ошону менен эки шайлоо өткөрүп астыга кетти. А бизде так ушул маселелер боюнча теңирден-тескери болду. Биз артка кеттик. Болбосо, мурун окшош эле болчу да. Таза шайлоо гана татыктуу лидерлерди сууруп чыгат. Лидер чыкпаса кайдагы өнүгүү?