You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Солтобек Болотбеков: “SMM — бул жөн эле кооз сүрөт менен текст чыгарып коюу эмес”
Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бишкекте SMM адистигине окуткан курстар көбөйдү. Кээ бирлери жеке онлайн курстарын иштетип жатканда, башкалары чакан компанияларды ачууда. Бирок ага карабай, Кыргызстанда сапаттуу иштеген СММ адистери аз дешет эксперттер. Би-Би-Си Бишкектик SMM адистер менен сүйлөшүп көрдү.
SMM деген эмне?
SMM (Social media marketing) деп социалдык медиадагы маркетингди же кайсы бир компаниянын же жеке адамдын брендин (атын) жасоо үчүн колдонулган инструментти түшүнөбүз. Аны аткарган адам SMM адиси деп аталат.
SMM курстарында эмнелерди үйрөтөт?
Кыргызстанда ачылганына үч жылга жакындаган “Ойто” компаниясы айына болжол менен 50 SMM aдисин даярдап чыгарат. Алар сабаттуу жазуудан тарта видеомонтаж, сүрөт тартуу сыяктуу техникалык көндүмдөргө чейин үйрөтүшөт. Алар окуткан студенттердин арасында чет элдик компаниялар менен иштешкендер да бар.
“Биз таргет-реклама, инстаграмдагы сторис-мейкинг жана жеке блог алып баруу багытында окутабыз. Биздин компаниядагы окутуучулардын өздөрүнүн бизнестери бар. Алар бизге келген кардарларга иш жүзүндө тажрыйбасын бөлүшөт”, - деди “Ойто” компаниясынын пиар бөлүмүнүн башчысы Баяман Суванкулов.
SMM боюнча курстардын сапаты кандай?
Кыргызстанда бул тармак жеткиликтүү деңгээлде бааланбай келет, ошондуктан айлыгы да аз дешет. Мунун баары SMM адистерин даярдаган курстардын сапатына байланыштуу, дейт жети жылдан бери ушул тармакта иштеген Солтобек Болотбеков.
“Курсту өткөн тренерлердин өздөрүндө жакшы кейстер жок. Анан алар эмнени үйрөтөт? Алар Орусиянын, Европанын, алыс барбай эле Казакстандын курстарын алат дагы, кыргызчага которот. Терминдер туура которулуп жатабы же жокпу, аларды кызыктырбайт деле. Бул ишкерликке, жөнөкөй акча табуунун жолуна айланып кеткен. SMMди баштап алып, бирок ага акча алып, бирок буйрутма берген адамдын сатуулары артпаса, клиенттер келбесе, пайда көрбөсө, ишкерлерде буга минтип акча коротуунун кереги деле жок экен деген имидж калыптанып калат. Бирок бул тармакта кээ бир жакшы компаниялар бар, алардын айлык акылары 50 миң сомдон жогору. Бирок алар максатка жетишет”, - деп түшүндүрдү Солтобек Болотбеков.
Сөзсүз курста окуш керекпи?
Кээ бир SMM адистер окуулардан өтпөстөн эле, иштеп тажрыйба топтоп үйрөнүп кетсе болот деп эсептешет. Андайда талыкпай, өзүн өзү өнүктүрүп туруу маанилүү. Алардын бири Нуржанат, Бишкекте пиар-компанияда иштейт. Ал бул кесипке өз алдынча окуп, машыгып жатып үйрөнүп алган.
“SMM тармагында иштеп жүргөнүмө төрт жылдан ашты. Мыкты, эң алдыңкы компанияларда иштедим деп айтсам болот. Иштеп жүрүп, курстарга барып көрдүм. Балким ал жактан дагы жаңы нерселерди үйрөнүп каламбы деп ойлогом. Андай эмес экен. Кеп өзүңдө эле экен. Балким жакшы курстар бардыр, бирок курс жетиштүү болбойт. Адам өзүн-өзү өнүктүрүп, өстүрүшү керек”, - деген пикирде Нуржанат Медетбекова.
Оңой акча табууга, үйдө отуруп эле иштөөгө үйрөтөбүз деген курстар интернетте абдан көп. Алардын акысы анчалык деле кымбат эмес. Ошондуктан, SMMге көбүнчө үйдө отурган кыз-келиндер же студенттер көп кызыгып жаткандай сезилет. Бирок чынында бул өзүнчө чоң тармак. Бир курсту окуп коюу жетишсиз, сөзсүз андан ары изденип иштөө керек деп белгилейт адистер.
“SMM - бул жөн эле кооз сүрөт менен текст чыгарып коюу эмес”
“Базарда SMM абдан арзан кызмат катары кабыл алынып калган, тилекке каршы. Бирок бул андай эмес. Аз акча иштөөгө макул болгондор көп болгондуктан, жалпы бул тармактын имиджине чоң сокку берип жатат”.
“Курстарды сатуучулар дагы жарнамалап жатканда, “үйдө балаңды багып жатып эле иштеп койсоң болот” деген сыяктуу позицияда беришет. Бул эң туура эмес нерсе. Себеби, SMM - бул жөн эле кооз сүрөт менен бир текст чыгарып коюу эмес. Ал жерде стратегия түзүү, анализдөө, ал чыккан пост максатына жетип жатабы деп мониторинг жүргүзүү зарыл”.
“Визуалды да, дизайнды да жакшы, сапаттуу жасаш керек. Фото-видео продукцияларды да колдонуш керек. Текстти жазып жатканда, жөн эле жаза бербей, атайын копирайтерлер ишке тартылышы керек. Жалпы ушул сыяктуу иштерге жакшы көңүл бурулбагандыктан, имиджге доо кетип жатат”.
“Биздин компания ишин жакшы кылат дейли, акысы дагы ошончо жакшы болсун. Бирок башка толгон-токой арзан акчага сапатсыз иштеген адистер турганда алар айырмасын деле билбей, аларды тандап кетишет”, - деди Солтобек Болотбеков.
SMM адисинин негизги максаты - компаниянын сатууларын көбөйтүү же болбосо кайсы бир брендди таанытуу, анын ичинде адамдын жеке бренди да бар.
Азыр социалдык тармактагы баракчасын карап, изилдеп, андан кийин гана тигил же бул компаниянын (бренддин) кардары болууну ойлоносуң.
Ал эми социалдык тармактагы барактарды дал ошол SMM адиси алып барат. Кыргызстандын рыногунда да SMM адиси барган сайын маанилүү болуп баратат. Маселе ал адистердин санга эмес, сапатка иштешинде болуп турат.