Саакашвилинин абалы оор, Өзбекстан Беларуска мигрант ташууну токтотту

18-ноябрдагы эл аралык жана жергиликтүу баш жаңылыктардын топтому.

“Саакашвилинин абалы оор”. Дарыгерлер экс-президентти ооруканага жаткырууну талап кылууда

Грузияда адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн көз кырында иштеген көз каранды эмес дарыгерлер тобу ачкачылык кармоону улантып жаткан Михаил Саакашвилининын абалы оор экенин билдирип, аны тезинен түрмөнүн ооруканасынан жарандык клиникага которуу керек деп жатышат. Бирок ошол эле күнү Грузиянын түрмөнү караган өкүлдөрү Саакашвилинин өмүрүнө эч кандай коркунуч жок деп билдиришти.

Дарыгерлердин айтымында, Саакашвили 48 күндөн бери ачкачылык кармоону улантууда жана бир топ коркунучтуу оорулары чыгып жатат.

Анын ичинде энцефалопатия вернике (мээнин неврологиялык оорусу, В1 витамининин дефицити менен байланыштуу), гипокалиемия (калийдин жетишпестиги), талассемия (гемоглобин белогунун структурасынын бузулушу).

Дарыгерлер ошондой эле Саакашвилинин ашказан-ичегисинен кан кетиши да мүмкүн экенин эскертишүүдө. Диагностикалык корутундуда бул оорулар комага же өмүргө коркунучтуу аритмияга алып келиши мүмкүндүгү айтылат.

53 жаштагы Саакашвили сентябрдын аягында Украинадан Грузияга жашыруун кайтып келип, 1-октябрда кармалган болчу. Ага дароо бир нече кылмыш иши боюнча айып коюлуп, анын экөө боюнча сырттан соттолуп, алты жылга эркинен ажыратылган.

Экс-президент кармалганда эле дароо ачкачылык жарыялап, аны саясий куугунтуктоону талап кылып баштаган. (КС)

Өзбекстан Беларуска Жакынкы Чыгыштан мигрант ташыбайт

Өзбекстан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн жарандары үчүн Беларусту көздөй авиатранзитке тыюу салды. Бул тууралуу РИА Новостиге агенттигине "Узавиациядан" билдиришкен.

Өзбекстан Ирак, Сирия, Афганистан, Йемен, Ливан, Ливия жарандарына Беларуска учуп кетүүгө авиабилеттерди сатууну убактылуу токтотту.

"Мындай чектөөлөр дипломатиялык паспорту бар жана Беларуста туруктуу жашоого укуктуу жарандарга тийиштүү эмес", - деп такташты "Узавиациядан".

Буга чейин Евробиримдик Беларуска мигранттарды ташыган авикомпанияларга жана туристтик агенттиктерге санкциялар караларын эскерткен.

Мындан кийин Turkish Airlines Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн Минскти көздөй рейс албай калган. Сириялык Cham Wings Airlines дагы Беларуска авиакаттамдарын токтоткон.

Польшанын Чек ара кызматы Беларус менен чек арада дагы деле бир миңге жакын мигранттар лагерлерде калып, Евробиримдик аймагына өтүүгө үмүт кылып турушканын билдирүүдө.

Шаршемби күнү чек арада бир аптадан бери топтолуп турган мигранттар артка кайта башташты. Бул Германияныфн канцлери Ангела Меркель беларус президенти Александ Лукашенко менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин орун алды. Соңку үч күндө Меркель менен Лукашенко эки ирээт чек арадагы кырдалды талкуулашты.

Расмий Берлин Беларустан Еробиримдик менен БУУга мигранттарга гумжардам жеткирүүгө уруксат сурагынын айтууда. (EK)