"Титаниктин" алтын чөнтөк сааты 900 000 фунт стерлингге сатылды

Сүрөттүн булагы, Henry Aldridge & Sons
"Титаниктин" эң бай жүргүнчүсү алып жүргөн алтын чөнтөк сааты өзүнүн баштапкы баасынан алты эсе кымбат, 900 000 фунт стерлингге сатылды.
Саат бизнесмен Джон Джейкоб Асторго таандык болгон. Бул эң кымбат сатылган дагы бир "Титаник" экспонаты болуп калды, салыктар менен жыйымдарды кошкондо сатып алуучу 1,175 миллион фунт стерлинг төлөйт. Аукциончу Эндрю Олдридж бул ишти "дүйнөлүк рекорд"деп атады.
Титаниктен калган артефакттардын арасынан эң чоң сумма скрипкага төлөнгөн, ал дагы 900 000 фунт стерлингге сатылган, салыктарды менен жыйымдарды кошкондо, ошол кездеги баасы 1,1 миллион фунт стерлингди түзгөн.
Демек, бул саат азыр кыйраган лайнерден калган буюмга төлөнгөн эң чоң сумма болуп саналат.
1912-жылы кеме чөгүп кеткен учурда палубада оркестрди башкарган адамга таандык скрипка аукциондо мурда 290 000 фунт стерлингге, ал эми салыктар менен жыйымдарды кошкондо 366 000 фунт стерлингге сатылган.
"Титаник" Саутгемптондон Нью-Йоркко сүзүп, 1914-жылы 12-апрелге караган түнү Түндүк Атлантикадагы айсберг менен кагылышып, аны менен кошо 1500дөн ашуун адам чөгүп кеткен.
Бул кылымдын кырсыгы китеп жазууга, пьесаларды, ырларды жана Голливуд тасмаларын жаратууга шыктандырган деңиз тарыхындагы эң атактуу окуялардын бири.

Сүрөттүн булагы, Henry Aldridge & Sons
Саат жана скрипканын күрөң булгаары кабы Титаниктин легендасына кирген эки кишиге таандык болгон.
47 жаштагы Астор жаш аялы Мадленди куткаруучу кайыкка отургузуп, акыркы тамекисин тарткандан кийин кеме менен кошо чөгүп кеткен.
Уоллес Хартли жана анын сегиз кишиден турган оркестри кырсык болуп жатканда жүргүнчүлөрдү тынчтандыруу үчүн бир топ убакыт "ойноп" турган.
Эки буюм тең суудан жансыз денеси чыгарылган адамдардын жанынан табылган.
Британ Титаник коомунун төрагасы Дэвид Беддард: "Ошол каргашалуу түнү тоңуп калган Титаниктин көп сааттарынан айырмаланып, бул саат калыбына келтирилип, кийин Астордун уулу Винсент тагынган",- деди.
"Ал кош бойлуу жаш колуктусун куткаруучу кайыкка отургузуп, артка кайтканда аман калбай турганын билген", - деп кошумчалады ал.

Сүрөттүн булагы, Henry Aldridge & Sons

Сүрөттүн булагы, Henry Aldridge & Sons
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мистер Хартли кеме менен кошо чөгүп кетти, бирок скрипкасын өзүнө байланган булгаары сумкага салгандыктан, балким, ал бир топ убакыт сууда сүзүп жүргөн.
Айсберг кырсыгынан бир нече күн өткөндөн кийин, Хартлинин сөөгү ага байланган чемодан менен кошо табылган.
"Чемодан суу болгонуна карабастан, абдан жакшы сакталган" деди Беддард Мырза.
"Курман болгон адамдардын жанынан табылган буюмдарды коллекцияга алуу дайыма талаштуу маселе болуп саналат. Бирок, биз "Титаник" коому абдан бактылуубуз: мындай буюмдарды ким сатып албасын, миллионер болобу же жөнөкөй адам болобу, алар абдан берешен болот жана бул экспонаттарды көргөзмөгө коюу үчүн ижарага же карызга беришет".
Девайзестеги Henry Aldridge & Sons компаниясынын башкаруучу директору Олдридж мырза: "Бул кемеде 2200дөн ашык адам болгон, ошондуктан тарыхта 2200дөн ашык сюжет жана глава бар",-дейт. "Бул адамдардын ар биринин өз тарыхы болгон".
"Титаник ошол убактагы эң атактуу кеме десек болот".

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Олдридж мырзанын айтымында, Титаниктин эстеликтеринин "эң сейрек жана эң көрүнүктүү буюму" деп эсептелген скрипка 2013-жылы өзүнчө аукционго коюлуп, ошол кездеги рекорддук баа 900 000 фунт стерлингге сатылган.
Сумка жана саат 1918-жылы 12-майда Ланкаширдин Колн шаарында Хартлини акыркы сапарга узатуу зыйнаты менен бирге аукционго коюлган. (КС)








