“Титаникте” катылган кенч барбы? Америкалык компания аны текшермек болду

останки Титаника

Сүрөттүн булагы, Getty Images

30 жылдан бери "Титаниктен" эски баалуу буюмдарды издеп келген америкалык RMS Titanic Inc. компаниясы тарыхта биринчи жолу төрт чакырым тереңдикте жаткан кеменин калдыктарын ачып көрүүнү көздөп турат. Бирок бул долбоорго кемеде каза тапкандардын жакындары жана активисттер каршы чыгууда.

RMS Titanic Inc. компаниясынын долбоору тууралуу абройлуу Telegraph басылмасы жазып чыкты. Америкалык компания кемеде табылган буюмдарга ээлик кылуу укугун алууга умтулууда. Бүгүнкү күнү бул компания океандын түбүндө жаткан "Титаник" кемесинин айланасынан табылган буюмдарга ээлик кылуу укугу бар.

RMS Titanic Inc. үч аппарат менен кеменин калдыктарын ачууну ишке ашырат. Ишкананын негизги максаты кемедеги Marconi фирмасынын сигнал берген жабдыгын алып чыгуу. "Титаник" кемеси дал ушул жабдыктын жардамы менен кырсыкка учураганын дүйнөгө билдирген.

Америкалык компаниянын айтымында, кеменин бети (палубасы) жакын арада урашы ыктымал. Мындай учурда тарыхый жабдык дагы жок болот.

часы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, RMS Titanic Inc. компаниясынын Лас-Вегастагы Luxor казиносунда музейи бар

Компания кемедеги буюмдарга укук алуу үчүн сотко кайрылып, анда өзүнүн долбоорун дагы ачык билдирген. Ага ылайык, кеменин калдыктарына башында суу алдында жүргөн кеме барат. Андан "Титаникке" үч алыстан башкарылган аппарат жөнөтүлөт. Бул аппараттар кеменин бетинин алдында жайгашкан "Титаниктин үнү" атка конгон Marconi фирмасынын жабдыгын чыгарып кетүүгө аракеттенет. Суу алдындагы аппараттар эч үн чыгарбай иштеши керек. Бир туура эмес кыймыл кеменин калдыктарын уратып салышы мүмкүн.

RMS Titanic Inc. жабдыкты кайра чогултуп, Лас-Вегастагы Luxor казиносунда жайгашкан музейге коет. Ошондой эле байыркы буюмду дүйнөнүн башка музейлерине жөнөтүп турууну дагы көздөп турат.

Кандай көйгөйлөр чыгышы ыктымал?

Америкалык компаниянын долбооруна кеме кырсыгында каза тапкандардын жакындары жана активисттер каршы чыгышты. Биринчиден, кемеде дагы деле каза тапкандардын сөөктөрү болушу мүмкүн. Экинчиден, көптөр компаниянын мүдөөсү тарыхый буюмду сактап калуу эмес, акча топтоп алуу экенин айтышууда.

Telegraph гезити "Титаник" кемесинин калдыктарын биринчи тапкан кеанограф Роберт Баллард дагы америкалык компаниянын долбоорун сындаганын жазды.

HMS Titanic Inc. компаниясынын президенти Бреттон Ханчак кемеде адамдын сөөгү калган жок деп белгиледи. Анын айтымында, "Титаник" Атлантика океанында чөккөн, анын кычкылдуулук деңгээли жогору болгондуктан сөөк көп жыл сакталбайт. Андан тышкары Ханчак кеменин палубасы урап түшсө, көптөгөн тарыхый буюмдар дагы жок болорун билдирди.

беспроводной телеграф "Карпатии"

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Marconi фирмасынын сигнал берген жабдыгы (архив сүрөтү)

Компаниянын долбоору азыр жарыяланып жатканы дагы жөн жерден эмес. Ушул аптада АКШ менен Британия "Титаник" кемесинин калдыктарын ачууга уруксат берген келишимге кол койду.

HMS Titanic Inc 2010-жылы "Титаник" кемесинин айланасында чоң экспедиция уюштурган. Бирок кеменин ичиндеги буюмдарга тийген эмес.