Равшан Жээнбековдун жубайы жер тилкеси үчүн эки айга камакка алынды
Дастан Үмөтбай уулу, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Facebook
УКМК оппозициялык саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеваны коррупциялык иштерге аралашкан деген шек менен эки айга камакка алды. Айрым укук коргоочулар муну саясий чечим деп сыпатташууда.
Алимбаеванын кармалышы
Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеваны УКМК 25-майда камакка алды.
Бул маалыматты Алимбаеванын жактоочусу Разак Ашимбаев Би-Би-Сиге 26-май күнү тастыктап, Салкынай Алимбаева коррупциялык иштерге тиешеси бар деп шектүү катары сурак берип жатканын айткан.
"Кече күндүзгү саат он экиде УКМКнын кызматкерлери үйүнөн алып кетишиптир. Ошол боюнча келген жок деп, саат жети, сегиздерде мага айтып, жактоочу болушумду суранышты. Бул жакка келгенимде тергөөчү эки күнгө УКМКнын убактылуу кармоочу жайына кармалганын айтты. Жер маселелери боюнча коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелип жатат",- деди жактоочу.
Алимбаеванын баш коргоо чарасы 26-майда каралып, эки айга камакка алынды. Адвокат Алимбаевага коюлуп жаткан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин ("коррупция") биринчи бөлүгү негизсиз экенин, райондук соттун чечиминин үстүнөн шаардык сотко даттанаарын айтты.
Ашимбаев Жээнбековдун жубайынын үстүнөн козгонгон ишти УКМК өзү демилгелегенин кошумчалады.
Ал эми атайын кызмат азырынча расмий маалымат бере элек. Акыйкатчы институтунан болсо аларга бул тууралуу арыз келип түшө электигин, бирок ага карабай мекеме бул ишке көзөмөл кылып турарын билдирди:
"Акыйкатчы институту бул жагдайга байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарына жана коомдук сайттарга жарыяланган бардык маалыматтарды мониторинг кылып жатат. Биз УКМКнын тергөө абагындагы кармоо шарттарын туруктуу негизде, дайыма текшерип турабыз. Албетте, Алимбаеванын кармоо шарты дагы биздин көзөмөлүбүздө болот", - деди Акыйкатчы институтунун маалымат катчысы Назгүл Бегалиева.
Абактан кайрылуу: "Куугунтуктоону токтотуңуз!"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Укук коргоо органдары Салкынай Алимбаеванын күйөөсү, саясатчы Равшан Жээнбековду 2022-жылдын октябрь айында камакка алган. Ага кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси (“массалык башаламандык уюштуруу”) коюлган.
Жээнбеков “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөндөрдүн бири. Ал Өзбекстан менен чек араны тактоодо чоң талкуу жараткан Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча каршылыгын билдирип, жарандык активисттер, саясатчылар менен бирге кармалган. Алардын бир тобу бул маселеде бийликтин расмий позициясын сынга алгандыктан камалышканын айтып келе жатышат.
12-апрелде парламент депутаттарынын суроосуна жооп берип жатып, башкы прокурор Курманкул Зулушев “Кемпир-Абад” деген кылмыш иши жоктугун, ал такыр башка берене менен козголгон иш экенин айткан эле. Баш прокурордун жүйөөсүн ИИМдин орун басары да кайталаган. Анын мазмунуна караганда, "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү" деген берене менен кылмыш иши козголгон.
Камактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун абактан кат деген сүрөт интернетке тарады. Анда саясатчынын жубайына байланышкан иш саясий куугунтук экени жазылганын көрүүгө болот. Катта президент Садыр Жапаровго кайрылып, жакындарына болгон куугунтукту токтотууну суранган:
"Садыр мырза, менин үй-бүлө мүчөлөрүмдү, жакындарымды куугунтуктоо, камоо үч жылдан бери уланууда. Баары камалып бүтүштү. Саясий оппоненттериңизди куугунтуктоо бир, ал эми анын жакындарын куугунтуктоо бул эч убакта сизге кадыр-барк алып келбейт. Саясий маданиятка туура келбейт. Мындай көрүнүш Тажикстан менен Түркмөнстанда дагы жок. Үй-бүлө мүчөлөрүмдү, жакындарымды камоо, куугунтуктоону токтотуңуз".
Жээнбеков ким өзү?
Элүү үч жаштагы Равшан Жээнбеков Таластын Арал айылында туулган. Эмгек жолун тергөөчү болуп баштаган саясатчы өкмөттө жана президенттик администрацияда бир нече кызматтарды аркалаган. 2010-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 2021-жылы президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүп, 2,5 миңден ашык добушка ээ болгон.
2021-жылы ноябрь айындагы парламенттик шайлоого Бишкек шаарындагы Ленин шайлоо округунан талапкерлигин коюп, экинчи орунду алган. 28-май Жогорку Кеңештин депутаттыгына ушул эле округдан шайлоого катышты.








