Кытай "Сибирдин күчү–2" газ кууруна макул болду. Бул Путинге кандай пайда алып келет?

Ямалдагы “Газпромдун” Бованенково газ кени башында Европага, тактап айтканда Германияга барчу “Түндүк агым–2” долбоору үчүн иштелип чыккан. Бирок Европа базары жабылгандан кийин, компания эми бул кенди Кытайга газ ташый турган “Сибирдин күчү–2” кууруна туташтырууга үмүт артууда.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ямалдагы "Газпромдун" Бованенково газ кени башында Европага, тактап айтканда Германияга барчу "Түндүк агым–2" долбоору үчүн иштелип чыккан. Бирок Европа базары жабылгандан кийин, компания эми бул кенди Кытайга газ ташый турган "Сибирдин күчү–2" кууруна туташтырууга үмүт артууда.

Көп жылдан бери ойлонуп-толгонуп жүргөн Кытай акыры жаңы газ куурун куруу үчүн Орусияга макулдугун берди. "Сибирдин күчү-2" деп аталган бул долбоор Батыштын санкцияларына жооп иретинде Кремлдин чыгышка болгон мамилесин бекемдеп, Европа менен болгон газ согушунан кийинки чыгымдарын алыскы келечекте жарым-жартылай жабууга багытталган.

Күтүлбөгөндөй жылыш Орусия президенти Владимир Путиндин Кытайга сапары учурунда болду. Путин менен Си Цзиньпин үч күн бою өздөрүн ядролук куралга ээ эки авторитардык мамлекет катары АКШга — дүйнөдөгү эң ири экономикага, аскердик жана энергетикалык күчкө — каршы биргелешкен аракеттеринин "ийгилигин" белгилеп жатты.

Жаңы газ кууру боюнча макулдашуу жарыяланганга чейин "Сибирдин күчү-2" долбоору ишке ашат деп ишенгендер аз эле. Анткени Кытай азырынча кошумча газга муктаж эмес, баа боюнча сүйлөшүүлөрдө убакыт алардын пайдасына иштеп келген.

Бирок шейшембиде "Газпром" жылына 50 миллиард кубометр газ ташый турган жаңы куур боюнча меморандумга кол коюп, мындан тышкары "Сибирдин күчү-1" аркылуу жана Сахалинден пландалган жаңы багыт менен дагы кошумча 8 миллиард кубометр газ жеткирүүгө макулдашты.

Си Цзиньпин эмне үчүн дал ушундай учурда Путинге кол сунду? Жаңы газ кууру мурда эң ири, эң жакын жана эң кирешелүү кардары болгон Евробиримдик рыногунан айрылгандан кийинки чыгымдарын жабуу үчүн Кремлге жардам береби?

"Геосаясий кызыкчылыктар"

Кытай барган сайын Путинге Батыштын изоляциясынан чыгууга көмөк көрсөтүп жатат

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытай барган сайын Путинге Батыштын изоляциясынан чыгууга көмөк көрсөтүп жатат

Шейшембиде жарыяланган долбоорлордун баары ишке ашса, 2030-жылдан кийин "Газпром" Кытайга газ берүүлөрдү жылына азыркы 38 миллиарддан дээрлик 110 миллиард куб метрге чейин көбөйтөт жана Кытайдын жаратылыш газына болгон муктаждыгынын 40 пайыздан ашыгын камсыздайт.

Буга чейин Орусия Европа рыногунун 40 пайыздан ашыгын газ менен камсыздап келген. Бирок Путин кризисти жаратып, Евробиримдиктин Украинаны коргоого болгон чечкиндүүлүгүнө доо кетирүү үмүтү менен басып кирүүдөн бир жыл мурун газ берүүнү азайтууну буйрук кылган.

Чынында кризис болду, бирок Европа кымбатыраак болсо да башка булактардан, негизинен АКШдан газ ала баштады жана 2027-жылдан тарта Орусиянын энергетикалык ресурстарынан толугу менен баш тартууну пландаштырууда.

Кытай Евробиримдиктин каталарын кайталап, чийки зат боюнча Кремлге көз каранды болуп калбайт. Ошентсе да, Си Цзиньпин Путиинди колдоо иретинде бул долбоорду ишке ашырууга макул болду.

Азырынча келишим да, баа да, башка майда-чүйдө шарттар да тактала элек. Бирок бул азыркы этапта негизги нерсе эмес,- деп белгилешти эксперттер кол коюу алдында.

"Кытай учурда кошумча газга муктаж болбосо да, эки өлкөнүн геосаясий кызыкчылыктары долбоорду алдыга жылдырышы мүмкүн", - деп белгиледи россиялык энергетика боюнча эксперт Татьяна Митрова жана Колумбия университетинин Глобалдык энергетикалык саясат борборунан анын кесиптештери.

"Орусия үчүн бул долбоор башынан эле коммерциялык эмес факторлор менен байланышкан. Кытай үчүн болсо газдын баасы жана бир гана жеткирүүчүгө өтө эле көз каранды болуп калуу коркунучу негизги маселе эле. Бирок АКШ менен мамиленин начарлашы кырдаалды өзгөртүп коюшу ыктымал", — дешет эксперттер.

Газ куурлары Путинге эмне үчүн керек?

2014-жылдын 1-сентябры, Путин “Сибирдин күчү” газ куурунун алгачкы бөлүгүнө кол коюп жатат

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2014-жылдын 1-сентябры, Путин "Сибирдин күчү" газ куурунун алгачкы бөлүгүнө кол коюп жатат
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Путин өзүн Орусияны энергетикалык державага айлантуунун идеологу катары көрсөтө алды. Ал орус экономикасын мунайдан ажыратуу боюнча мурдагы идеяларын четке кагып, бийликке келген алгачкы жылдары эле мунай менен газдын экспортуна артыкчылык бере баштады. Бирок, Украинаны басып кириши бул пландарды жокко чыгарды.

Мындан улам Батыш орус мунайына киргизген эмбарго жана Путиндин Европа менен болгон газ согушу Орусияны газ экспортунан түшкөн кирешенин көбүнөн ажыратты. "Газпром" тарыхта биринчи жолу чыгымга батты.

"Сибирдин күчү - 2" долбоору "Газпром" үчүн өтө маанилүү. Эгер ишке ашса, компаниянын Орусиянын газ тармагындагы үстөмдүгүн бекемдейт. Ишке ашпай калса, анын келечегине доо кетет"— деп жазышты Дүйнөлүк энергетика саясаты борборунун аналитиктери.

Согуштан улам Орусия дүйнөлүк рынокто ордун жоготуп жаткан маалда, Кремлдин башкы атаандашы деп эсептелген Америка энергетикалык ири державага айланды. Учурда АКШ мунай менен газды эң көп өндүрөт. Дональд Трамп башка мамлекеттерди коркутуп-үркүтүп болсо да Американын энергия ресурстарын көбүрөөк сатып алууну талап кылып келет.

Мындай шартта Орусиянын Европа рыногуна кайра кайтып баруу үмүтү үзүлдү, ал үчүн ири көлөмдөгү сатып алуучу катары бир гана Кытай калды.

Азыркы "Сибирдин күчү – 1" газ кууру Иркутск облусу менен Якутиядагы кендерди байланыштырса, Европага газ Ямалдагы кендерден берилчү.

"Сибирдин күчү – 2" жаңы газ куурун курбай туруп, Европага жөнөтүлүп келген көлөмдү Кытайга жеткирүү мүмкүн эмес. Ошондуктан Батыштан обочолонуп калган Кремль үчүн бул долбоор өзгөчө мааниге ээ.

Кытай Европанын ордун баса алабы?

Бирок "Сибирдин күчү 2" газ кууру беш-алты жыл ичинде курулуп, он жылдан кийин толук кубаттуулукта иштей баштаса да, Европанын ордун баса албайт,- дейт Берлиндеги Карнеги борборунун Орусия энергетикасы боюнча эксперти Сергей Вакуленко.

Айтымында, жылына 50 миллиард куб метр деп эсептелген кубаттуулук 2019-жылы Европага жана Түркияга жөнөтүлгөн 165 миллиард куб метрден кыйла төмөн. Баа жагынан да айырма чоң. Согушка чейин "Газпром" "Түндүк агым" аркылуу Германияга саткан газдын ар бир миң куб метринен 135–155 доллар таза киреше тапчу. "Сибирдин күчү 2" боюнча болсо бул сумма эки эсе төмөн болот. Бирок бул дагы жаман эмес,- дейт Вакуленко.

"Аталган газ куурунан жылына 2,5 миллиарддан 4,3 миллиард долларга чейин таза киреше түшүшү мүмкүн. Албетте, бул Европа менен болгон газ соодасынан жыл сайын түшүп турган 20 миллиард долларга салыштырмалуу кыйла аз, бирок бул дагы олуттуу сумма", — деп жазды Вакуленко.

Орусия экономикасындагы оор кырдаалды эске алганда, кошумча киреше Кремлге ашыкча болбойт. Мындан тышкары, бул мегапроект аркылуу санкциялардан улам тышкы рынокторунан ажыраган Орусиянын металлургия жана көмүр өнөр жай тармагы жанданышы мүмкүн.