Кыргызстанда соңку жылдары табылган рун жазма эстеликтери

Чоробек Сааданбеков, Би-Би-Си Кыргыз кызматы

Саргата жазуусу, кумуранын оозу

Сүрөттүн булагы, Кубатбек Табалдиев

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саргата жазуусу

Соңку жылдары Кыргызстанда жазма эстеликтер Токтогул районунун Саргата айылынан жана Таластагы Талды-Суу айылына жакын жерден табылган.

Учурда Кыргызстан байыркы түрк руникасынын борборлорунун бири болуп эсептелет. Бул жазуу адегенде Талас өрөөнүндө жаралып, кийинчерээк чыгышка Орхон-Енисей жазма эстеликтери жана батышка печенег жазма эстеликтери катары тараган деген пикирлер бар.

Кыргызстандагы руникалардын ачылыш тарыхы

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти, түрколог Таалайбек Абдиев, азыркы Кыргызстандагы алгачкы руникалык жазма эстелик 1896-жылы Таластын азыркы Кырк-Казык айылынан табылганын айтат:

“Ташкенттеги Археология сүйүүчүлөр коомунун мүчөлөрү келип, ал ташты көрүшөт да, Орхон-Енисей жазуусуна окшош экен деп жыйынтык чыгарышат. Көп өтпөй ташты Олуя-Атага алдырышып, көчүрмөсүн Россияга жөнөтүшөт. Аны биринчи болуп В.Радлов окуп чыккан. Таш 1930-жылдардын башына чейин Олуя-Атада турган. Азыр Санкт-Петербургдагы Эрмитаждын Чыгыш бөлүмүндө сакталып турат”.

Жазуу чегилген экинчи таш биринчинин жанынан табылган. Аны адегенде Мелиоранский, кийинчерээк Гейкел баштаган көптөгөн окумуштуулар окушканы белгилүү. Таш 1961-жылы Кыргыз Илимдер Академиясынын кызматкерлери тарабынан Фрунзеге алынып келинген. Азыр Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде сакталып турат.

Кыргызстандагы руникалык жазма эстеликтердин изилдениш тарыхы ушундай башталат.

Таалайбек Абдиев, түрколог

Сүрөттүн булагы, Таалайбек Абдиев

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Таалайбек Абдиев, түрколог

Азыркы күндө Кыргызстан байыркы түрк руникасынын борборлорунун бири. Таалайбек Абдиев А.Щербак сыяктуу атактуу түркологдор бул жазуу адегенде Талас өрөөнүндө жаралып, кийинчерээк чыгышка Орхон-Енисей жазма эстеликтери жана батышка печенег жазма эстеликтери катары тараган деген пикирди билдиргенин дагы белгиледи.

Түркологдун маалыматына ылайык, 1896-жылдан азыркы күнгө чейин Кыргызстандын аймагынан 50дөн ашуун руникалык эстелик табылган. Булардын 27си Талас өрөөнүндө, бешөө Ысык-Көлдө, 24ү Кочкор өрөөнүндө. Мындан тышкары, Баткенден, Алайдан, Токтогулдан жана Өзгөндөн табылган карапага жана ташка түшүрүлгөн жазма эстеликтер бар. Талас өрөөнүндөгү жазуулардан 12си сай таштарга жазылган. Мындан тышкары, бирөө жыгач таякчага, бирөө таш бет капка, калгандары аска ташка чегилген. Кочкордогу жазуулардын бардыгы аска таштарга чегилген. Ал эми Ысык-Көлдөгү жазуулардын төртөө аска ташта болсо, бирөө кичинекей сай ташта.

Соңку учурда жазма эстеликтер Токтогул районунун Саргата айылынан жана Таластагы Талды-Суу айылына жакын жерден табылган.

Кочкор өрөөнү, Көк-Сай жазма эстелиги

Сүрөттүн булагы, Кубатбек Табалдиев

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кочкор өрөөнү, Көк-Сай жазма эстелиги

Саргата жазма эстелиги

Саргата жазуусу, Кетмен-Төбө өрөөнү

Сүрөттүн булагы, Кубатбек Табалдиев

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Саргата жазуусу, Кетмен-Төбө өрөөнү

2018-жылы археолог, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессору Кубатбек Табалдиев, Токтогул районундагы Саргата айылынан карапа идиштин оозуна жазылган байыркы руникалык эстеликти тапкан.

Таалайбек Абдиев карапа идишке түшүрүлгөн жазма эстеликтер Кыргызстанда сейрек кездешерин айтып, табылганын өзгөчөлүгүн мындайча белгиледи: “Бул жазма эстеликтин уникалдуулугу орто кылымдардагы чептин ордунан табылганында жана мунун өзү байыркы түрк жазуусун Теӊир-Тоо менен анын айланасындагы көчмөн элдер эле эмес, отурукташкан элдер да колдонушкан деген ойду тастыктап турат”.

Кумура мүрзө казуу учурунда табылган жана азыркы учурда аталган айылдагы үйлөрдүн биринде сакталып турат. Бул айылдан 2016-жылы дагы курулуш иштери учурунда ар түрдүү карапа идиштер табылган.

“Карапа идиштер жана алардын сыныктары көп табылганына караганда, байыркы заманда бул жерде карапачылардын устаканасы болсо керек”, – дейт Кубатбек Табалдиев.

Кубатбек Табалдиев, археолог

Сүрөттүн булагы, Кубатбек Табалдиев

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кубатбек Табалдиев, археолог
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Саргата айылы жайгашкан Кетмен-Төбө өрөөнү жагымдуу географиялык шарттарынан улам байыртан эле калк жашаган аймак болгон, бирок эмнегедир бул жерден руникалык эстеликтер табылган эмес. Ошентип, Саргата жазма эстелиги бул аймактан табылган алгачкы эстелик деп айтсак болот”, - деп кошумчалады профессор Табалдиев.

Ал эми бул жазуунун техникасын Таалайбек Абдиев мындайча сыпаттады:

“Саргата жазуусу карапа идиштин оозуна түшүрүлгөн жана 11 тамгадан турат. Рун тамгалары адегенде чийки карапага түшүрүлгөн. Сүрөттөн көрүнүп тургандай, кыска сызыктарды бир басып, ал эми узун сызыктарды эки жолу басуу менен түшүрүшкөн. Мындан тышкары, оюп жазылган тамгалар да бар. Ошентип, бул жазма эстелик жазуу техникасы жана жазылган материалы боюнча таш жана аска беттерине жазылган Кыргызстандагы башка көпчүлүк эстеликтерден айырмаланып турат”.

Мындай жазуулар мурун Баткендеги Ак-Тепе шаар чалдыбарынан, Өзгөндөгү Шоро-Башат шаар чалдыбарынан табылгандыгы белгилүү.

Таалайбек Абдиев карапанын оозундагы жазуу “ЙОНЫК КЫЛЫКЫ” деп окулат деген пикирде. Ал аны байыркы тилибизде кездешкен “йон” этиши менен байланыштырып чечмелейт:

“Йон этиши байыркы замандарда азыркыдай эле “жонуу” маанисинде колдонулган. Албетте, кийинчерээк мааниси кеӊейген. “Этимологический словарь тюркских языков” аттуу эмгекте анын 4 мааниси келтирилет.

Ал эми –ык курама мүчөсү уӊгу менен биригип, кыймыл-аракеттин натыйжасын же процессти туюндурат. Биздин оюбузча, йонык сөзү мында процессти же кыймыл-аракеттин натыйжасын билдирет”.

“Жазуунун экинчи бөлүгүн түзгөн “кылыкы” сөзүнүн чечмелениши бир аз татаалыраак. Аны эки түрдүү чечмелесе болот”, - дейт Таалайбек Абдиев. Биринчи чечмелениши:

“Эгер аны кыл- этишине –ык куранды мүчөсү жалганып, ага 3-жактын таандык мүчөсү –ы жалганган сөз катары карай турган болсок, “жүрүм-турум, мүнөз, негизги касиет” деген маанини билдирет. Кийинчерээк бул маани дагы бир топ кеӊейген. Азыркы кыргыз тилинде “1. жорук, кылган иш; 2. кулк-мүнөз, жүрүш-туруш” деген маанилерди туюндурат.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, “йонык кылыкы” деген сөз айкашы "жонуп жасалган иш (буюм)" деген маанини туюндурат деп айтууга болот. Карапа идиштин чарыкта эмес, кол менен жонуп жасалганы да ушул ойго жем таштайт”.

Дагы бир белгилей кете турган нерсе, жазма эстеликтеги сөздөр кыргыз тилинде азыркы учурда да активдүү колдонулат. К.Юдахиндин “Кыргызча-орусча сөздүгүндө” мындай түшүндүрмөлөрү берилген: “жон - обтесывать, обстругивать; кылык - 1. действие, поступок; 2. проделка; 3. поведение; нрав, характер”.

Түрколог “кылык” сөзүнүн экинчи чечмеленишин “Этимологический словарь тюркских языков” аттуу эмгекте кезиккен “кылы”, “кылды”, “кылыш”, “хылга”, “куйлау” деген сөздөрдүн “тутка, кулак, кармагыч” маанилеринен издейт.

“Жазуу карапа идиштин кулагында жайгашкандыктан, “кылык” сөзү жогорудагы сөздөр менен байланыштуубу деген ой туулат. Кумуранын кулагы адаттагыдай эле бир аз чыгып турат жана ал жонуу ыкмасы менен жасалган. Андай болсо, “йонык кылыкы” сөз айкашы “жонуп жасалган кулак” деген маанини билдириши да мүмкүн”, - дейт ал.

Талды-Суу балбалындагы жазуу

Талды-Суу айылынын жакын жерден табылган балбал

Сүрөттүн булагы, Кубатбек Табалдиев

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талды-Суу айылынын жакын жерден табылган балбал

2020-жылы археологдор Кубатбек Табалдиев, Ороз Солтобаев жана Чынарбек Жолдошев Таластын Талды-Суу айылына жакын жерден моюнунда жазуусу бар балбалды таап, Улуттук тарых музейине өткөрүп беришкен.

“Жазма эстелик беш тамгадан турат жана көпчүлүк жазма эстеликтерден кездешкендиктен, аларды кадимки стандарт тамгалар деп айтууга болот. Балбал жасалган акиташ жумшак болгондуктан, жазуу курч нерсе менен чийип түшүрүлгөн. Сүрөттөн көрүнүп тургандай, жазуу астынан кийимдин чийини, үстүнөн моюндун чийини менен чийилип, мунун өзү Орхон жазма эстеликтериндеги чийиндерди эске салат” – дейт профессор Кубат Табалдиев.

Кубат Табалдиев бул жазуунун өзгөчөлүгү катары бул жерде а/э үндүү тыбыштарын билдирүүчү тамга сөз башында жайгашканын белгилейт:

“Белгилүү болгондой, адатта ал сөз башында жана биринчи муунда жазылбайт. Балким, бул жазуунун балбалдын моюнуна жазылгандыгы менен байланыштуу болушу мүмкүн, анткени балбалга түшүрүлгөн жазуулар сейрек кездешет. А балким, жазуу тескери жазылган болуп жүрбөсүн деген ой да келди. Бирок биздин солдон оӊго карай окуп көрүү аракетибизден да майнап чыккан жок”.

Жазманын андан аркы чечмеленишин ал мындайча түшүндүрөт:

“Жазма эстеликтеги к жана б тамгаларынын ичке үндүүлөр менен келүүчү варианттарынан улам сөздүн экинчи мууну бек деп окулат деп айта алабыз. Экинчи тамганын окулушунда бир аз кыйынчылыктар болду, анткени ал Талас тамгаларынан айырмаланып турат. Натыйжада ал бир эмес, эки тамга болуп чыкты, анткени нч деп окулган бул тамгалар 1961-жылы Баткен аймагындагы Ак-Тепе шаар чалдыбарынан табылган карапа идиштеги тамгалар менен бирдей экендиги аныкталды.

Ошентип, биздин оюбузча, бул жазуу Энчибек же Анчыбек деп окулушу мүмкүн. Экинчи варианты күмөндүү, анткени мындай болгондо таӊдай күүсү бузулат жана ал балбал арналган кишинин атын билдириши ыктымал”.

Бирок ал кандай маанини туюндурушу ыктымал?

“Биздин оюбузча, бул сөз эки компоненттен турат. Белгилүү болгондой, бек деген сөз өзүнөн мурунку бег дегендин фонетикалык варианты болуп саналат жана титулду билдирет. Белгилей кете турган нерсе, бул сөз Таластагы башка руникалык жазма эстеликтен да кездешет. Кийинчерээк бек адам ысымдарынын курамдык бөлүгүнө айланып кеткендиги белгилүү.

Бул жазуунун экинчи компонентинин чечмелениши.

“Анын биринчи компонентине келсек, Моюн-чур эстелигинде мындай саптар бар: “Чик будунка тутук бiртiм ышбараш таркат анта анчуладым”. С.Е.Малов аны төмөнкүдөй которгон: “Народу чик я дал тутука (князька, управителя), ышбаров и тарханов я тогда утвердил”. Көрүнүп тургандай ал анчула- этишин “утвердить” деп которгон. Ушундан улам балбалдын моюнуна жазылган Энчибек “дайындалган бек” деген маанини билдирет деп божомолдоого болот”, - дейт профессор Табалдиев.

Кызык жери, жогорудагы анчу жана анчула- деген сөздөр энчи жана энчиле- маанисинде азыркы кыргыз тилинде дагы сакталып калган.

Таалайбек Абдиев: “Ушундан улам Энчибек - “мураскор бек” деген маанини туюндурушу мүмкүн деп божомолдоого болот”- дейт.